Биз социалдык тармакта

Сагыныч, ырчы: “СЫЙЛАЙМ, БИРОК ЧАЙЛАШЫП КЕТЕ АЛБАЙМ...”

Кыргыз шоу-бизнесинде өз чыйырын салып, бир калыпта жүргөн ырчы бар, ал – Сагыныч мырза. Бул жолу ырчынын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө аракет кылдык. Устат, эркиндик, спорт жана башка темаларда суроолорубузга жооп берди.

– Сагыныч мырза, жакында соцтармакка аскердик кийимчен сүрөтүңүздү жарыялап, жумушуңуз тууралуу кеп кылып калдыңыз. Ушул теманы толугураак айтып берсеңиз...

– Көптөн бери эле Куралдуу күчтөр армиясында солист катары иштеп келем, 5 жыл болуп калды. Мамлекетке бир аз пайдам тийсин деген максатта иштеп жатам. Жеке ырчы катары да чыгармачылыгым уланууда.

– “Жолуктурсун бизди Москва” деген ырыңыз жакшы кабыл алынгандай. Миграцияда жүргөн мекендештер көп үчүн бул ыр көптөргө жакты окшойт...

– Кыргыз элинин ишке жарамдуу үч мууну Москвада миграцияда болду. Мен өзүм да иштегем. Ар түрдүү тагдырлар бар, ошого “жолуктурсун бизди Москва” деген идея келди. Москвага көп барам, концерт берем, эл менен жолугушам. Ар кандай тагдырларга күбө болгонум таасирин тийгизди окшойт.

– Ал жакта мекендештер кыргыз ырчыларын кандай кабыл алышат?

– Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша кабыл алат деп ойлойм. Эгер өзүңдү сыйлап, ичип-чекпей, сый менен барып келсең, ошого жараша сыйлуу болосуң. Тилекке каршы, айрым ырчы кесиптештерим Москвага барганда “бошонуп” кетишет. Мындайча айтканда, эркиндик ушул экен дешет. Уюштуруучулар чакырат да, алар көнүп калышыптыр, дасторконго ичип, чеге турган нерселерди койгонду сый деп түшүнүшөт. “Жок, мен ичпейм, чекпейм” деп айтам. Мен барганда мекендештер менен баарлашам, бул жактан анча-мынча нерселерди ала барам. Көбү мектепти бүтүп эле чет жерге кетип калгандар да, аларга акыл айтам. Иши кылып колумдан келишинче башкаларга пайдалуу болгум келет. Окугула, билим алгыла деп да көп айтам.

– Тобокел кылган жагабы? Сахнага жаңы, өзгөчө стиль менен чыгуу сизди кызыктырабы?

– Эски ырларды жаңылап жаздырып, ырдап жүрөм. Бирок алар өз нугунан чыгарбаш керек болгон сыйлуу ырлар. Кээ бир ырчылар ырды түп нускасынан башкача кылып бурмалап ырдап жүрүшөт. Ал нерсе мага көйнөктү тытмалап көркүнөн кетирип салгандай көрүнөт. Чыгармачылыкта “жети өлчөп, бир кесем”, жарашса гана ырдайм. Чыгарма абдан назик нерсе, ага аябай кылдат мамиле кылуу керек.

– Кыргыз музыкасынын дөө-шааларынан кимдин чыгармачылыгын сыйлайсыз?

– Рыспай Абдыкадыровдон бери легендалардын баарын билем, жакшы көрөм, ырларын сыйлайм. Түгөлбай Казаков, Ибрагим Жунусов, Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев, айтор, баарын сыйлайм. Бирок бири менен да чай ичишип, катташып кете алган жокмун. Табиятымдан бир мүнөз, жагынганды билбеген адаммын. Үйүнө барып кызматын кылып, бир жакка жумшаса барып келе калып, айтор, ушундай нерселерди кыла албайт экенмин. Мисалы, Бек байкенин концертинде биринчи жолу чоң сахнага чыккам, ырларынын баарын билем. Бирок учурашайын деп барсам, өзү сүрдүү го, муздак эле баш ийкеп койгондой болду. Кийин учурашпай деле калдым. Учурашып, баары менен жакшы мамиледе болом, бирок андан ары чайлашып кете албайм.

– Демек, устатыңыз болгон жокпу?

– Болгон жок, бирок устат керек. Устат менен бара турган жерди жакын кылып аласың, кеңешесиң, кээ бир нерсеге көзүң ачылат. Бирок менин тагдырыма устат жазылбаган окшойт. Мага азыркыдай эле жүрө берген жагат.

– Сиз үчүн чыгармачылыкта бийиктиктин чеги кайсы?

– Кыялдарымдын баары орундалды деп ойлойм. Чоң бийиктик деп деле умтулбаган окшойм. Мисалы, кээ бир ырчылар “менин ырларымды баары ырдаса, мени баары тааныса” дешет. Мен, тескерисинче, таанылууну каалабайм. Болгону жакшы чыгарма тартуулап элге руханий азык калтыра алсам деп келем. Ушул турушумда базарларда, дүкөндөрдө эркин жүрө берем, ушул нерсе жагат мага. Чыгармачылыкта максатым –  ырларым бирөөнүн жүрөгүн козгой алса, таасирлентсе, жакшы жагына өзгөрүүгө себепчи болсо болду.

– Эркиндик деп калдыңыз, ушул тууралуу айтып берсеңиз...

– Чыгармачыл адам эркин болушу керек. Жеке чек арамды бузуп баштаса, ал менин эң жакын адамым болсо да “токтот, мына ушул менин чек арам” деп эскертип турам. Айтайын дегеним, бирөөнүн мени көзөмөлдөп турганы жакпайт. Атам, апам, келинчегим баары бул мүнөзүмдү  билишет. “Кайда жүрдүң?” деп көп сурашпайт.

– Ыр да жазат экенсиз, китеп чыгарып калсаңыз анын мазмуну кандай болмок?

– Сөзсүз өзүмдүн басып өткөн жолум боюнча китеп жазам деп жүрөм. Качан экенин билбейм, бирок жазам. Идеясын азырынча так ойлоно элекмин, бирок айылдагы тоолор, жайлоо, балалык кыялдар сөзсүз ал китепке кирет. Менин айта турган көп эле сөзүм бар, башкаларга үлгү боло турган иштерим да жок эмес. Спорт менен алектенүүм, үй-бүлөмдү сактап калганым, айылдан келип ийгиликтерди багындырганым тууралуу жазылат болуш керек.

– Спорт менен активдүү машыгат экенсиз, сизди бул чөйрөгө бирөө алып келдиби?

– Жок, мени эч ким алып келген эмес. Ар бир эркектин спорт менен машыкканы туура. Спорт менен алектенген адамда дух, эрк күчтүү болот. Мен 9-класста бокс менен машыгып, кийин таштап койгом. Тыныгуудан кийин кайра машыга баштадым. Бул менин жашоомо жакшы таасирин берди, ички туюм күч алды. Чечим кабыл алууда тез ойлоносуң, анан жашоодон коркпой аракет кыла бересиң. Кыскасы, ден соолукка зыян бербеген спорт менен машыгуу керек. Кыздарыма да кээде ыкмаларды үйрөтүп калам, бирөө тийишсе мындай кыласыңар деп. Уулум азыр үч жашта, чоңойсо сөзсүз бир спорт менен машыктырам деп тилек кылам. Анткени спорт мүнөздү калыптандырат.

– Кандай атасыз?

– Катаал атамын го дейм. Бирок сүйүүмдү ачык билдире алам, “менин жүрөгүмсүңөр, жашоомсуңар” деп айтып турам. Кыздарга тиешелүү нерселер боюнча катуу талаптарды коём. Мисалы, “чачыңар жерде жатпасын” деген сыяктуу нерселерди талап кылам. Анткени мен да туура талап менен чоңойгом, бала тарбиялоодо бул нерсе туура эле.

– Келинчегиңиз да ырчы эле. Турмушка чыккан соң сахнадан көрүнбөй калды, буга сиздин тиешеңиз барбы?

– Жок, бирөөнүн чыгармачылыгын токтотуп коё тургандай мен киммин? Өзүмдүн эркиндигимди кандай коргосом, башканыкын да ошончо коргойм. Келинчегим мага турмушка чыкканга чейин эле “ырдабайм” деп чечкен экен. Анткени ырчылыктын билинбеген менен түйшүгү көп, ага чыдаган чыдайт. Азыр кааласа ырдамак, бирок өзүнүн тандоосу. Балдарыбызды тарбиялап азыр үйдө.

– Жашоодон алган эң чоң сабагыңыз...

– Андай деле сабагым жок экен. Туура жашайм, туура жүрөм, чоң бир окуя болбоптур.

– Маегиңизге рахмат!

 Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан