Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 6 жылдан бери биринчи жолу Октябрь окуясы тууралуу комментарий берди. Жээнбеков 22-июнда “Кабарга” маалымат берип, анда саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган” деген билдирүүсүн четке какты. Айтымында, президенттик кызматтан кетүү чечими ошол учурдагы премьер-министр Садыр Жапаров менен он күнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.
– Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Муну элдин баары билет,- деди ал.
Ал эми Камчыбек Ташиев тарабынан кысым болгон деген сөздөрдү ойдон чыгарылган маалымат деп атады.
– Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу, “Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган” десе, бул болгону ойдон токулган жомок. Кандай максатта антип айтканын түшүнгөн жокмун,- деп кошумчалады Жээнбеков.
Жээнбеков акыркы беш жылдан бери Октябрь окуясы боюнча комментарий бербегенин белгилеп, азыркы билдирүүсү ошол кездеги окуялар бурмаланбашы үчүн жасалганын айтты.