Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара маселелерин тактоо иштери уланып жатканын 23-июнда президенттик администрация билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда Өзбекстанга тиешелүү болуп келген Фергана облусуна караштуу Чоңгара жана Таш-Төбө айылдары жашоочулары менен кошо Кыргызстандын аймагына өттү. Бул аймактарда болжол менен 2500 адам жашайт. Учурда аталган айылдарда каттоо иштери жүргүзүлүп, жашоочуларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процесси башталганы айтылды.
– Мындан ары баткендиктер Айдаркенден Баткенге чейин 225 чакырым жол басып айланып жүрбөй, Сай айылынан Таян айылы аркылуу Баткенге чейин 55 чакырым жол жүрө башташат. Ошондой эле казак элине таандык болуп калган Токмоктун тушундагы 800 метр жол тилкесин теңме-тең жерге алмашуу боюнча дагы боордошторубузга сунуш бердик. Бул жол Алматы көчөсүнөн баштап Кеминге чейин (болжол менен 150 чакырым) төлөнүүчү автомагистраль болмокчу.
Эске салсак, Кыргыз-Өзбек чек арасы 2021-жылы такталып бүтүп, келишимдерге эки өлкөнүн президенттери кол койгон.