Орусияда күйүүчү май жаатында кырдаал кескин курчуду. Өлкөнүн вице-премьери Александр Новак дизель майын сыртка сатууга толук тыюу салуу маселеси каралып жатканын 23-июнда президент Путин катышкан жыйында билдирди.
– Мунайды кайра иштетүүчү заводдор кубаттуулугун максималдуу түрдө күчөттү. Оңдоп-түзөө иштеринин мөөнөттөрү кыскартылды, пландуу оңдоо иштери артка жылдырылды,- деген Новак кырдаал оор, бирок көзөмөлдө экенин маалымдады.
Буга чейин бензиндин (июлдун аягына чейин) жана авиакеросиндин (ноябрдын аягына чейин) экспортуна толук түрдө тыюу салынган. Эми бул тизмеге дизель майы кошулушу мүмкүн.
Жакында Украина тарап Орусиядагы мунай заводдоруна абадан сокку урганы маалым. Мындан улам аталган өлкөнүн өзүндө күйүүчү май тартыш болууда.
Айта кетсек, Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайызын Орусиядан сатып алат.