Биз социалдык тармакта

Акмарал Турдуева, бийчи: “BLACKPINK” ТОБУНДАГЫ КЫЗГА СУКТАНАМ”  

“Ар бир мүнөттү баалаганды үйрөндүм, улуулардын айтканы туура экен” дейт белгилүү бийчи Акмарал Турдуева. Төрөттөн кийинки оор сыноолору, жолдошу Эрмек мырза экөөнүн мамилеси, келиндик жашоосу, бий өнөрүнүн пайдасы жана сахна артындагы жашоосу тууралуу ачык маек курду.

 

– Акмарал айым, бий дүйнөсүнө болгон сүйүүңүз качан жана эмнеден улам ойгонгон?

– Тамашалап айтсам, бийге болгон сүйүүм төрөлө электе эле ойгонгон (күлүп). Апам бийлеп, ырдачу. Кош бойлуу кезинде эле чыгармачылык менен алектенчү. Балким, бийге болгон сүйүү мага апамдан өткөндүр. Бийчи болуу – балалык кыялдарымдын бири эле.

– Адаттагы бир апталык иш графигиңизди баяндап берсеңиз?

– Үч күн окуучуларыма сабак берем. Студиябызда 6 жаштан 25 жашка чейинки кыздар, балдарды бийге үйрөтөбүз. Мени менен чогуу 10дой хореограф бар. Калган күндөрү болсо GIRLS GENERATION менен бирге эстрадалык концерттерге иштейм. Жаңы сахналык коюмдар, тартуу иштери... Анан күн сайын кечинде вокалга барам.

– Жолдошуңуз менен бирге бий тобун жетектейсиздер. Жумушта катаалы ким да, жумшагы ким?

– Албетте, катаалы Эрмек (күлүп). Биздин бийчилер көбүнчө менден суранып, кеңеш сурап калышат. Анткени Эрмек тартипти катуу кармайт, ал эми мен “болот” деп ийкемдүү мамиле кылам. Бирок жумушта бирөө катуу, бирөө жумшак болгону туура деп эсептейм. Экөөбүз тең жумшак же экөөбүз тең катуу болсок, иштин жүрүшү кыйындап калмак. Бийчилерибиз тамашалап бизди “мээ жана жүрөк” деп коюшат. “Мээси – Эрмек байке, жүрөгү – Акмарал эже” деп калышат.

– Белгилүү ырчылар менен көптөн бери иштешип келесиздер. Эң жоопкерчиликтүү долбоор кайсы болду?

– Жакында эле Jax’тын жеке концертинде чогуу иштедик. Бул долбоор өзгөчө болду. Анткени жаңы бийлерди, жаңы “постановкаларды”, жаңы стилдерди даярдап, кызыктуу талаптар менен иш алып бардык. Биз үчүн бул жаңы тажрыйба болуп, абдан кызыктуу өттү.

– Азыр коомдо “өзүңдү өнүктүр” деген кеңештер көп айтылат. Сизде бул жаатта кандай болууда?

– Буюрса, вокалга барып жатам. Кичинемдеги кыялым – Майкл Жэксон болуу эле (күлүп). Азыр “Блэкпинк” тобунда Jennie деген ырчы кыз бар. Дайыма анын шоулорун көрүп суктанам. Ошол кыздай ырчы жана бийчи болгум келет.

– Жеке жашоо тууралуу сүйлөшсөк. “Келиндин келгендегиси эстен кетпейт” дейт эмеспи, жаңы келин болгондогу кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?

– Жаңы келин болуп барганда көп салттарды билчү эмесмин. Азыр деле мыкты билем деп айта албайм, бирок акырындык менен үйрөнүп келе жатам. Эң кызыгы, кайын журтум менен бир туугандарыныкына конокко барган учур болду окшойт. Шаардагыдай көнгөн адат боюнча өзүмдү коноктой эле сезип отурсам, бирөө келип “тур, чай куй” деди. Таң калдым. Анткени “мен деле конокмун го” деп отургам да. Кийин түшүндүм, келин болгондон кийин кайсы жерге барба, баары бир келин бойдон калат экенсиң (күлүп). Азыркыга чейин айрым салттарга таң калам, бирок сыйлап кабыл алам.

– Кайын журтуңуз сиздин чыгармачылыкка кандай көз карашта?

– Кайын журтум абдан жакшы адамдар. Ата-энем ар дайым “каалаганыңды жаса, бийле, чыгармачылыгыңды уланта бер” деп колдоп турушат. Айылга барганда аларды урматтап жоолук салынып, келиндик милдетимди аткарам. Менимче, ушул өз ара сый-урмат биздин мамилебизди бекемдейт.

– Сахнадагы Акмарал менен үйдөгү Акмаралдын айырмасы чоңбу?

– Сахнада ар кандай образ жаратабыз. Көпчүлүк мени текебер же бой көтөргөн адам деп ойлошу мүмкүн. Анткени сахнадагы образ ошондой көрүнүүнү талап кылат, жүзүбүздү да өзгөчө боёйбуз (күлүп). Ал эми кадимки жашоодо жөнөкөй адаммын. Ушул мүнөзүм өзүмө жагат. Эгер концерт же тартуу иштери болбосо, макияжсыз эле жүрөм. Азыр ар бир мүнөтүмдү текке кетирбөөгө аракет кылам. Кызыгы, уулум төрөлгөндөн кийин мурдагыга караганда көбүрөөк иштеп, өзүмө дагы жакшыраак кам көрүп, бардык иштерге жетишкенди үйрөндүм.

– Уулдуу болгондон кийин жашооңузда дагы кандай өзгөрүүлөр болду?

– Бий – биздин жашоодо чыгармачылык эле эмес, бизнес дагы. Эне болгондон кийин жумушта тез чечим кабыл алууну, убакытты туура пайдаланууну жана жоопкерчиликти дагы жакшыраак сезүүнү үйрөндүм. Убакыттын баркын түшүндүм. Мурда улуу адамдар “убакытты текке кетирбе” деп көп айтышчу, туура экен. Азыр мен дагы жаш кыздарга “убактыңарды бекерге коротпогула, өзүңөрдү өнүктүргүлө” деп кеңеш берем. Азыр ойлосом, балалуу болгонго чейин убакытымды жөн эле өткөрүптүрмүн. Ошол кезде көбүрөөк билим алып, ар кандай курстарды окуп, дагы эки-үч диплом алсам болмок экен деп ойлойм (күлүп).

– Келбетке кантип кам көрүп жатасыз?

– “Туура тамактануу” деп баналдуу жооп бергим келбейт. Кесарево жолу менен төрөгөм, оор абалда. Төрөт үйүндө бир жумадан ашык жаттым. Анан чыгып эле дагы бир операция жасаттым. Ал операцияны жаштык кылып, биринчи жолу эне болгондуктан туура эмес бир иштин айынан жасатып алдым. Кайра бир ай өтпөй эле мастит болуп дагы операция жасаттым. Биринин аркасынан бири болуп абдан кыйналгам. Тамакка табит жоголуп 1,5 айдын ичинде 30 килограммга арыктагам. Ичимдеги тигиштер жакшы боло электе эле студияга келип өзүмдү алаксытып 6-7 сааттан бийлечүмүн. Анткени аябай катуу стресске түшкөм, денемдин баары эле бир заматта шрамдарга толуп. Бийге стресс кошулуп арыктадым (күлүп). Жолдошум, албетте, жардам берип, жылуу сөздөрүн айтып, жанымда жүрдү. Ошентсе да күзгүдөн өзүмдү көргүм келбей эле кыйнала берчүмүн, ыйлап.

– Сиз жебеген кандайдыр бир тамак-аштар барбы?

– Операциялардан кийин таттуу азыктарды, камыр тамактарды жегим келбей калды. Бирок каалаган нерсемди жейм. Бир форманы алып жүргөнүм – бий деп ойлойм. Күнүгө кыймылда жүргөндүктөн тер менен эле чыгып кетет.

– Ашканада кайсы тамакты жакшы жасайсыз?

– Жолдошумдун айтымы боюнча, манты жана палоо. 

– Эрмек мырза сизди көбүрөөк кайсы сапатыңыз үчүн баалайт деп ойлойсуз?

– Өзү айта берет “ты умеешь ценить” деп. Бизге арнаган ар бир мүнөтүн, жумушун дайыма айтып, суктанып турам. Кээде “тамак жасабай эле баалуулуктар жөнүндө сүйлөп берчи” деп калат (күлүп).

– Үйдө таарынышкан учурда жарашууга ким биринчи кадам таштайт?

– Албетте, жолдошум. Эркек эмеспи. Кээде мен дагы кечирим сурап, бетинен өөп коём.

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1227, 26-июнь-2-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан