Жашоодо ак-кара, ысык-суук жанаша жүрөт эмеспи. Эстрада ырчысы Алтынай Жайнакова оор жоготууну баштан кечирип, атасынан айрылып турган учур. Маекте атасы, чыгармачылыктагы жаңылыктары, алдыдагы пландары тууралуу ачык айтып берди.
– Алтынай айым, бул жолу маекти бир аз оор тема менен баштайт окшойбуз, атаңыздын арты кайрылуу болсун...
– Ооба, бул жоготуунун оордугун атасынан ажыраган адамдар гана билсе керек. Кээде өңүмбү же түшүмбү деп, абалды кантип кабыл алууну билбей калган учурларым болуп жатат.
– Атаңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Атам юрист болчу, мамлекеттик кызматтарда иштеген. Көп адамдарга жардам берген киши эле. Үй ишине эч аралашкан эмес, дайыма сырттагы иштер менен алек болчу. Бирок бизге мээримди аябай берди. Беш бир тууганбыз, мен кыздардын кичүүсүмүн. Атам кичинемден мени аябай эркелетип чоңойтту. Бирок эс тартып калганда кыргыздын “кызга кырк үйдөн тыюу” деген кебине уюдубу, бир аз мени катуураак кармаганга аракет кылды. Ошентсе да атам барда эркин, эрке, тайманбас кыз болчумун. Мындан ары атам берген ошол күч жок, кантип жашайм деп ойлоп жатам. Акыркы бир жылда ооруп калды, ошол убактарда көп чогуу болдук. Баарынан да биз эми чоңоюп, колубуздан чай ичейин деп калганда кете берди. Ошого да аябай күйүп жатам.
– Чыгармачылыктан алыстай түшкөндөй сезилдиңиз...
– Ооба, чыгармачылыкка караганда бизнеске көбүрөөк көнүл бурдум. Анткени адамда базалык керектөөлөр болот эмеспи. Мисалы, үй, машина жана башка дегендей. Андан тышкары уулум бар, анын алдында жоопкермин. Мына ушул нерселерди жабуу үчүн мага убакыт керек болду. Мына, эми азыр чыгармачылыкка убакыт бөлүүгө убакыт келип жетти окшойт. Силер билгендей эле, чыгармачылыкка каражат керек, ал нерсе менде жок эле. Азыр убагы келип жетти деп, белимди бек бууп киришейин деп турам. Аракет кылам, алдыга жакшы пландарды коюп жаткан учурум.
– Социалдык тармактардан эмнеге көрүнбөй кеттиңиз?
– Бул дагы атама байланыштуу. Атам ооруп, оор абалда турганда соцтармактагы баракчама деле көңүл бурбай калдым.
– Билишимче, актриса катары да өзүңүздү сынап көрөйүн деп чечкен экенсиз?
– Былтыр мага тасмага тартылууга сунуш түшүп, “Дарыгер” деген он сериядан турган сериалга тартылдым. Биз сырттан “аа, кино тартыптыр” деп жеңил гана карап коёт эмеспизби, бирок ичине сүңгүп кирип көргөндө аябай оор экен. Такшалган актёрлор менен тартылдым, айрым учурларда өзүмө ишене албай “кетип эле калсамбы?” деген ойлор болду. Бирок команданын колдоосу менен бул иштин өтөсүнө чыктым деп ойлойм. Мага чыгармачылык менен алек болгон жагат.
– Уулуңуз 13 жашка чыгыптыр. Жаралар айыгып, жаңы жашоо баштайын деген ойлор болбодубу?
– Турмушка эрте чыккам, эрте уулдуу болдум. Анын үстүнө “турмуш курам” деп атайын аракет деле кылган жокмун. Анткени ата-энем, уулум, бир туугандарым менен толук болчумун. Бөксө жерим жоктой сезилчү. Кээде гана аябай чарчап кеткенде жанымда күчтүү мырзанын болушун каалачу элем. Бул тууралуу беш мүнөт ойлонуп, анан туруп алып тиричилигимди кылып кете берчү адаммын. Тагдыр деген да бар да, менин адамым мага жолуга элек окшойт деп ойлойм.
– Күчтүү айымдардын катарындасызбы?
– Жашоомо көз чаптырсам, аябай аракетчил экенмин. Жашоомдо жыгыла турган жерде деле Кудай мени колдоп, башка бир эшиктерди ачып коюп жатты. Мен буга чейин көйгөй деп жүргөн маселелер чоң жоготуунун алдында кымындай эле нерсе болуп калат экен. Азыр күчтүү экенимди деле, алсыз экенимди деле билбегендей абалдамын.
– Эмнеге ырчы болууну чечкенсиз?
– Чыгармачылыкка башынан эле кызыкчу элем, жолум, тагдырым ушундай болду деп билем. Нурлан Насип Ошко гастролдоп келгенде биринчи жолу чоң сахнага чыккам. Такыр сүрдөп, апкаарыган эмесмин. Сахнага чыкканда ачылып кетем. Шоу-бизнес бир үй-бүлө деп элестетсек, мен өзүмдү анын бир мүчөсүмүн деп эсептейм.
– Чоң өкүнүчүңүз...
– Ата-энеме кызмат кылып үлгүрө электе атамды жоготуп алганым. Андан башка эч кандай өкүнүчүм жок.
– Өзүңүзгө абдан чоң жүк үйүп алган эмессизби?
– Жок, эч ким моюнума “сен ушул ишке милдеттүүсүң” деп илип койгон жок. Болгону ата-энеге болгон сүйүүнү билдирүүнүн жолу ушул деп эсептейм. Ата-энеме жакшылык кылсам, Кудай мага ошол мүмкүнчүлүктү берсе, аны ырахаттанып аткаруум керек. Анткени ата-эненин батасы менен сага болбогон, мүмкүн эмес делген эшиктер деле ачылат экен. Алардын батасы менен, дубасы менен кыялдарым ишке ашып, жашоом жеңил болуп кете берди. Ошондуктан ата-энеге кызмат кылууну мен милдет же жүк деп эсептебейм.
– Өзүңүздү үч сөз менен сүрөттөп берсеңиз...
– Аракетчил, жароокер, түшүнүктүү.
– Сизге эркек кишиге баш ийүү кыйынчылык туудурбайбы?
– Жок, менин атам баарын өзү чечкен, анын сөзү мыйзам болгон адам болчу. Жашоодо ошондой авторитет адамды издей берем. Мен апамдын атама кантип баш ийгенин көрүп чоңойдум. Ошондуктан мага бир адамга баш ийүү оор эмес.
– Бактылуулук деген эмне сиз үчүн?
– Жаратканга болгон сүйүү – бактылуулук деп эсептейм. Кудай жараткан пенделерден сүйүү издебей, анын өзүн сүйүү керек экен. Бул деңгээлге чыгып алганда сага сүйүү, бакыт, байлык өзү келе берет тура.
– Таштай албай жүргөн кандай терс адатыңыз бар?
– Напсимди башкара ала турган жашка келип калдым. Мен өзүмдүн кайсы бир терс сапатымды билсем, аны дароо эле өзгөртө алам. Демек, андай сапатым жок.
– Маегиңизге рахмат.
Нуржамал Жийдебаева