Биз социалдык тармакта

ӨЗҮБҮЗ БАЛМУЗДАК ЖАСАЙБЫЗ

Жай, ысык, аптап... Бул учурда актуалдуу тамак-аштардын катарына балмуздак да кошулат. Курамына эмне кошулуп жасалганын билбеген балмуздак жегендин ордуна өз колубуз менен балмуздак жасап жейли.

Пайдалуу...

Балмуздак пайдалуу болсун үчүн анын курамындагы азыктарды туура тандоо керек. Мисалы, кантты бал менен, майлуу сүттү (сливки) грек йогурту же эзилип, тоңдурулган банан менен алмаштыруу керек.

Ассорти балмуздагы

Алдын ала 2 бананды тоңдургучка салып коёбуз. Ага 1 стакан малина, кулпунай же карагат (түрдүү мөмө-жемиш) мөмөсүн жана 1 аш кашык бал кошуп блендерден майдалап алабыз. Аралашманы чакан идиштерге салып тоңдургучка салып койсо болот же өтө муздак эмес жейм десеңиз, дароо жегенге да болот.

Кокос балмуздагы

Бул балмуздакка 3 банан, 450 грамм 19 пайыз майлуулуктагы кокос сүтү (гипермаркеттерде сатылат), кокос күкүмдөрү жана жаңгак (кайсы түрү болсо да) керектелет. Ингредиенттердин баарын кошуп блендерден өткөрөбүз да, аягында кокос күкүмдөрүн жана майдаланган жаңгакты кошуп аралаштырып, формаларга салып тоңдургучка салабыз.

Шоколад балмуздагы

4 даана банандын кабыгын аарчып, кесимдерге бөлүп алдын ала тоңдургучта тоңдуруп коёбуз. Тоңгон банан кесимдерине 100 миллиграмм грек йогуртун жана 2 аш кашык какао порошогун кошуп, блендерден өткөрөбүз. Идиштерге салып жей берсеңиз болот.

Мөмө-жемиш балмуздагы

1 алма, 1 апельсин, кулпунай 8-10 даана, абрикос 4-5 даана, кокон гилас 10-15 даана, 1 аш кашык бал. Мөмө-жемиштерди жакшылап жууп, кабыгын аарчып, данектеринен тазалап, кесимдерге бөлүп блендерге салабыз. Эгер кычкылыраак болсо табитке жана татымына жараша дагы 1 аш кашык бал кошобуз. Майдаланып эзилген аралашманы формаларга салып тоңдурсаңыз, мөмө-жемиш балмуздагы даяр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1228, 3-9-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан