Ашлянфу – дунган ашканасына таандык ачуу-кычкыл келген муздак тамак. Ысыкта сергиткен, ичтейди ачып, жанга жаккан бул тамакты жасоонун жолдору менен тааныштырабыз. Жасоонун ар кандай түрлөрү бар, биз жөнөкөй, көпчүлүк жасап жүргөн рецебин сунуштайбыз.
КАМЫРЫН ДАЯРДОО
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 250 грамм
Өсүмдүк майы – 1,5 аш кашык
Туз – 0,5 чай кашык
Суу – 100 миллилитр
Даярдоо ыкмасы:
1. Унду элеп, өсүмдүк майын кошуп, туз кошулган суудан аз-аздан куюп катуу камыр жууруйбуз. Камырды жакшы ийлеп, целлофан баштык менен жаап жарым саатка тыныктырабыз. Камырды бир нече жолу ийлеп, дагы 20 мүнөт тыныктырабыз.
2. Тыныкканда чарчы формага келтиргенче 1-1,5 сантиметрге чейин жукартабыз. Аны туурасы 1-1,5 сантиметрлик узун кесимдерге бөлүп, майлап чыгабыз. Бардык кесимдерди алакан менен тоголоктогончо ичкерте баштайбыз. Бул учурда өтө ичкертип жибербейбиз. Камырды майланган тарелкага үлүл сымал ороп, кийинкилерин да улап оройбуз. Өсүмдүк майынан сүйкөп, целлофан баштык менен жаап, муздаткычка жарым саатка салабыз.
3. Камырды алып чыгып, алакан менен дагы ичкертебиз. Ичкерген камырдан 2-3төн алып эки колду айланта ороп, столго чапкылаганча дагы ичкертебиз. Камыр лагмандыкынан 2 эсе ичке болушу керек.
4. Кайнаган сууга туз татытып, камырды эки-үчкө бөлүп бышырабыз. Камырды салгандан соң кайнап, үстүнө калкыйт, ошондо чыгарып, бир аз муздаганда майдан куюп аралаштырып коёбуз.
КРАХМАЛ БЫШЫРУУ
Керектелүүчү азыктар:
Жүгөрү крахмалы – 40 грамм
Суу – 200 миллилитр
Уксус 6% – 20 миллилитр
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Крахмалга 100 граммдай суу куюп эзип, калган сууну кайнатабыз. Туз, уксусту кошуп, кайноону жайлатабыз да, крахмалды куябыз. Жай отто 10 мүнөт такай аралаштырып бышырабыз. Жайпак идишти майлап, крахмалды куюп муздатабыз. Каалагандай кесип коёбуз.
ОМЛЕТИН ДАЯРДОО
Жумуртка – 2 даана
Сүт – 40 миллилитр
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Жумурткага туз, сүт кошуп чалабыз. Ысып турган көмөчтү майлап, жука куймактарды куюп эки тарабынан бышырып чыгарабыз. Ороп, кесмедей ичке кесебиз.
ЛАЗА
Керектелүүчү азыктар:
Ачуу калемпир – 1 аш кашык
Паприка – 1 аш кашык
Сарымсак – 4 тишче
Өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
Сарымсакты эзип, калемпирлердин үстүнө салабыз. Майды түтүн чыкканча ысытып, татымалдардын үстүнө жаба куюп аралаштырып коёбуз.
ЖАШЫЛЧА СОУСУ
Керектелүүчү азыктар:
Пияз – 1 баш
Помидор – 150 грамм
Болгар калемпири – 100 грамм
Жүсай – жарым боо
Жумуртка – 1 даана
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Суу – 300 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Жашылчаларды майда туурайбыз.
2. Көмөч казанга май куюп, ысыганда пиязды кызарта кууруп, артынан помидорду салабыз. Ширеси чыгып куурулганда болгар калемпирин жана жусайды салып 2 мүнөт кууруп, суу куябыз. Татымалдарды кошуп 10 мүнөттөй кайнатабыз.
3. Жумуртканы чалып кайнатманын үстүнө куябыз. Бир аздан кийин аралаштырып, оттон чыгарабыз.
СОЯ ШОРПОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Кайнатып муздатылган суу – 400 грамм
Соя соусу – 2 аш кашык
Кытай уксусу – 1 аш кашык
Уксус 9% – 1 аш кашык
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Сууга бардык азыктарды куюп, тузун татытабыз. Эмнеси кем болуп жатса, ошол азыкты кошуп койсо болот.
ЧОГУЛТУУ
Жайпак тарелкага камырды, крахмалды, соңунан жашылча соусун, соя шорпосун жана лаза кошуп беребиз. Үстүнө бадыраң, помидор сыяктуу жашылчаларды кошсоңуз болот.
Асел Ишенбай кызы