Кыргызстанда көпөлөктөрдүн 2 миңден ашык түрү бар жана алардын айрымдары Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Алардын бири – кичи махаон.
100-200 жумуртка тууп үлгүрүшөт
Кичи махаон көпөлөгү алексанор парусниги деп да аталат. Сырткы көрүнүшү кадимки махаонго окшош. Канаттарынын алдынкыларынын узундугу 31–37 миллиметр, арткыларында бирден куйрукчалары бар. Канаттары ачык-сары, кара тактары бар.
Тулкусу ичке, кара тилкелүү, ийининин четтери, көкүрөгүнүн капталдары жана курсагы сары түстө. Ургаачылары эркектеринен чоңураак. Алар өмүрүнүн акырына чейин 100-200 жумуртка таштаганга жетишет.
Кыргызстанда Кыргыз Ала-Тоосу (Бишкектин түштүк тарабынан башталып, Чүй өрөөнүн чектеп турган тоо) жана Талас кырка тоолорунда, Сары-Челек коругунда кездешет.
Энергиялуу көпөлөк
2,5-4 метр бийиктикте учушат. Улам бир өсүмдүктөн башкасына конуп-учкан энергиялуу көпөлөк. Жумуртка таштоосу майдын аягынан июлдун башына чейин жүрөт. Гусеницалары июлдун башында чыгып, өсүмдүктөрдүн гүлдөрү, мөмөлөрү менен тамактанып жалгыздан жашашат. Куурчакчалары 2-3 аптадан кийин көпөлөккө айланышат. Көпөлөктөр жапайы пияздын жана гүлдөрдүн нектарлары менен азыктанышат.
Байыркы грек врачынын атын алып жүрөт
Көпөлөктөрдүн махаон түрү 18-кылымдын ортосунда швед натуралисти Карл Линней тарабынан табылган. Линней ага байыркы Грециянын легендарлуу врачы Махаондун ысымын ыйгарган.
Махаон ири көпөлөктөрдүн катарына кире тургандыктан аны коллекционерлер көп кармашат. Бул да алардын санынын кыскарышынын бир себеби катары көрсөтүлөт.