Биз социалдык тармакта

Догдурбек Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “КАЗАКТАР ДА ТАЛАНТЫМДЫ КАТУУ БААЛАШАТ”

Атактуу актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кыдыралиев агабыз менен маектешип отурдук. Агабыз Кыргыз кереметтеринин бири – “Ак илбирстин тукуму” тасмасында Кожожаштын образын жаратканын билесиз. “Мен сени азыр өлтүрбөйм, бирок чыккынчынын тирүү жүргөнү өлүмдөн артык. Эми улуу тоону булгабай, жогол!” дейт эмеспи Кожожаш тасмада кан досуна. Ошол тасмадан тарта жакында Бишкек эл аралык кинофестивалында “Жаабарс” сыйлыгын алганына чейин кеңири пикир алыштык.

 

– Саламатсызбы, Догдурбек ага? Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламатчылык, кызым. Ден соолугум деле болот. Рахмат, ушинтип көңүл буруп сурап турганыңарга...

– Жакында Бишкек эл аралык кинофестивалында сизге “Жаабарс” сыйлыгы ыйгарылды. Албетте, көп жолу сыйлык алгансыз, бирок бул сыйлык сизге эмнеси менен өзгөчө?

– Мага бардык сыйлыктар баалуу, анткени убагында көп иштедик. Бир топ жылдык эмгегимди баалап, сыйлык берип жатышканы сыймык болду. Мен катышкан тасмалар убагында Япониядан баштап Америкага чейин көрсөтүлүп турду да. “Ак илбирстин тукуму”, “Отрардын кыйрашы”, “Мергенчи” деген тасмаларым көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышты. Италия тарткан “Чыңгызхан” деген тасмада роль жараткам, бирок ал Борбордук Азияга жайылган жок, ошол мамлекетте эле көрсөтүлдү. Мына ушундай, кыргыз тасмасында эле эмес, дүйнөлүк кино аренасына чыкканым үчүн “Жаабарс” наамы берилди. Сүйүндүм, сыймыктандым. Статуэтка күмүштөн жасалыптыр, көрүнүшү жакшы экен. Мен эле эмес, үй-бүлөм да аябай сүйүндү. Ушул жашымда эмгегимдин бааланганы чоң бакыт экен.

– Аталган кинофестивалда француз актрисасы Одри Тоту менен чогуу отуруп, баарлашып жатканыңызды байкадык. Эмнелер тууралуу сүйлөштүңүздөр?

– Котормочу которуп берип жатты. Мурун Одри Хепбёрн деген легендарлуу актриса болгон. Дүйнөлүк жылдыз эле, Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” тасмасын америкалыктар тарткан, анда ошол актриса Наташанын ролун жараткан. Мен Одри Тотудан “сиздин атыңызды ошол легендарлуу актриса Одри Хепбёрндун урматына койгонбу?” деп сурадым. Ал “ооба, менин атымды ошол Одринин урматына коюшкан экен. Мен дагы актриса болдум” деп жооп берди. Андан тышкары ал дагы мага окшоп сүрөтчү экен. Кинону таштап, жалаң сүрөтчүлүк менен алектенип жатыптыр. Ал эми ардактуу конок катары фестивалга чакырылганы мурунку ролдору үчүн тура. Мен дагы сүрөтчү экенимди айттым. Ал аябай сүйүнүп калды. Кыскасы, баарлашуубуз ушул өңүттө болду.

– Азыркы учурда сүрөт тартуу менен гана алексизби же тасмаларга да тартылып жатасызбы?

– Мен дайыма сүрөт тартам. Былтыр чоң сүрөт көргөзмөмдү уюштурганбыз, быйыл да, буюрса, уюштурабыз деп пландап жатам. Киного деле чакырып жатышат. Жакында эле бир тасмада мүнүшкөрдүн ролун ойнодум, башка дагы бир-эки киного тартылдым. Эми киного бүтүндөй өмүрдү бердик, азыр бутум жакшы эмес.

– Ден соолукта болуңуз. Фестивалга таякчан келгениңизди көрүп кыжалат болдум эле...   

– Бутума жаңы эле операция жасаткан элем. Анан фестивалга чакыруу келип калды. Арабада элем, “ошону менен бара берели” дешти үй-бүлөм. Мен “кой,  андай жерге араба менен барса болбойт” деп таяк менен чыктым. Жанымда балам жөлөп жүрбөдүбү (күлүп). Буга деле чоң эрк керек болду, 72 жашымда кызыл килемден өтүп, сахнага чыгуу оңой болгон жок. 

– Эстесеңиз, эң оор, кыйналып аткарган ролуңуз кайсы болду?

– Менин бардык ролдорум оңой болгон жок. Анткени оор трюктарды көп учурда каскадёрдун жардамысыз өзүм аткардым. Анын ичинен эң кыйыны “Отрардын кыйрашы” болду, муну казактар тартышкан. Кыштын күнү, январь айы эле. Кадимки эле шланг менен суу чачып аткарган эпизод болду. Анан сыртта асып койгон жери бар, суукта асылып турдум. Кудай жалгап, ооруган жокмун. Анткени жаштайымдан тоодо өсүп, чыйрак элем да. Атам Исхак атагы чыккан мергенчи болчу, аны менен тоо-ташта жүрүп көнгөм. Чүчкүргөн да жокмун, анда жаш экенмин да, сезилген эмес. Кийин казактын ээн талаасында роль аткардым. Биздин тоолорубузда аба салыштырмалуу жылуу, казактын талааларында суук чучукка жетет. Байкасаң, казактардын малакайларынын аркасы жабылып турат эмеспи. Көрсө, ошол сууктан улам кежиге жабылып турат экен. Ошондой суукта ат чаап киного тартылгам. Ошонун азабын эми тартып, буттарым ооруп жатпайбы.

– Кожожаштын ролунда аскада асылып турасыз го, демек, бул эпизод сиз үчүн оор болбоптур да...

– Мени Төлөмүш Океев ошол үчүн тандаган да. Физикалык жактан күчтүү болчумун. Ал тасмага жылдын төрт мезгилинде тең тартылган элек. Көк жалаң музда, жайда, күздө, жазда. 7 айда толук тартып бүткөнбүз. Анын үстүнө жаштык кез да, коркпойсуң, чык деген зоосуна чыгып кете бергем.

– Кыргыз тасмаларынан кайсы кинону жогору баалайсыз?

– “Бакайдын жайыты” мен үчүн башкы орунда турат. Анан “Караш, Караш”, “Көк серек” жакшы тартылган. Булар эң күчтүү тасмалардан. Өзүм тартылган тасмалардан болсо “Ак илбирстин тукуму” анан “Отрардын кыйрашы” жакшы тартылган тасмалар деп ойлойм. “Отрардын кыйрашындагы” ролум менен казактардын тарыхында калдым. Алар да менин талантымды катуу баалашат, азыркыга чейин урматтап турушат. Биздин өлкөдө дээрдик тасма тартылбай токтоп калган жылдары мени казактар киносуна байма-бай чакырып турушту. Ошол жакта иштеп үй-бүлөмдү бактым. Жашоомдогу мыкты делген тасмалар да ошол жакта тартылды. 2018-2019-жылдары ковид башталып калып мекениме кайтып, ошону менен барбай калдым. Казак боордошторго ыраазычылык билдирем.

– Азыркы заманбап тасмаларды көрүп, анализдеп каласызбы?

– Ооба, кээ бир тасмаларды көрүп калам. Менин оюмча, басымды комедияга коюп жатышат азыркы жаш режиссёрлор. Эмнеге экенин билбейм, кээ бирөө жакшы чыгып жатат, кээ бирөөнүкү орто. Жаманы деле бар. Негизи комедия аябай оор жанр да, эмнеге мындай тасмаларды тандап жатышат, билбейм. Албетте, фестивалдык тасмалар дагы бар, бирок аз санда.

– Балдарыңыздан сиздин жолуңузду жолдогондору болдубу? 

– Кызым турмушка чыкты. Азыр Сербияда, үй-бүлөсү менен ошол жакта жашайт. Уулум үйлөндү, неберелерим бар, Кудайга шүгүр. Уулумдун баласына 8 ай толду, ошону жыттап эрмектеп жаткан кезибиз. Балдарымдан менин изиме түшкөнү болгон жок.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат! Ден соолукта, күүлүү-күчтүү жүрүшүңүзгө тилектешпиз.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1228, 3-9-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан