Биз социалдык тармакта

ПОМИДОР, БАДЫРАҢ, КАЛЕМПИРДИ ООРУЛАРДАН КАНТИП САКТАЙ АЛАСЫЗ?

Помидор, болгар калемпири жана бадыраңдын көптөгөн оорулары бар. Алардын ичинен өлкөдө эң көп кездешкени тууралуу маалымат беребиз. Материалды даярдоого Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетектөөчү адистери Тынчтыкгүл Бакытова менен Мээрим Абдылдаева көмөктөштү.  

 

ПОМИДОРДУН ООРУЛАРЫ

Фитофтороз                                    

Козу карындык (грибковые) оору. Оору өсүмдүктүн ылдыйкы жалбырактарынан башталып, өйдөгө жайылып, акыры мөмөлөргө жетет. Оору жуккандан 2-3 апта ичинде помидор куурап калышы мүмкүн.

Оорунун белгилери: Жалбырактардын үстүндө күрөң, кара-күрөң тактар, ал эми асты жагында ак кебер пайда болот. Ал тактар чоңоюп, жалбырактар куурап түшүп, сабагы чирип баштайт. Мөмөсүндө да катуу күрөң тактар жаралып, ал жерлер улам тереңирээк чуңкурайып чирий берет.

Кандай чара көрүү керек? Натыйжалуу фунгициддер бар. Алардын баары 1 гектар үчүн 200-300 литр сууга кошулуп чачылат. Төмөнкү каражаттардын таасири күчтүү:

• Бордо суюктугу (1 пайыз) – 1 гектарга 3 килограмм

• Жез оксихлориди – 1 гектарга 0,8-1,2 килограмм

• Манкоцеб – 1 гектарга 2-2,5 килограмм

• Дифеноконазол – 1 гектарга 300-500 грамм

 

Фузариоз                                          

   Бул илдеттин жаралышына ашыкча нымдуулук (жамгырдан улам), азот, хлор, жер семирткичтерди көп колдонуу, бир эле орунда көп жылдар бою помидор тигүү, зыянкечтер тарабынан тамырынын жабыркашы себеп болот.

Оорунун белгилери: Адегенде төмөнкү, андан кийин өйдөңкү жалбырактары саргаят, буралып ийрилет, кийинчерээк соолуп баштайт. Өсүмдүктүн баш жагы күндүн ысык маалында шалбырап, акырындап соолуйт. Сабагынын тамырга жакын бөлүгүн кескенде ич жагынын күрөң түстө экени билинет. Оору күчөгөндө өсүмдүк толук соолуп жок болот. Өсүмдүк мөмө алгандан кийин ооруса, анда мөмөнүн өлчөмү кичине болуп бышып-бышпай эле чирип түшө баштайт. 

Кандай чара көрүү керек? Төмөнкү каражаттар сунушталат:

• Пропамокарб – 1 гектарына 300-600 грамм. Ушунча өлчөмдөгүнү 200-300 литр сууга кошуп, ар бир түптүн түбүнө 300-500 граммдан куюп чыгуу кажет.

• Беномил же карбендазим – гектарына 200-400 грамм. Бул каражат сугаруу учурунда сууга кошулат. 10-14 күндөн кийин кайталанат.

 

Тамыр чириги                                  

   Бул илдет топурактагы ашыкча нымдан, өсүмдүктүн тамырынын механикалык жабыркашынан, зыянсыздандырылбаган урукту эккенден, мурунку жылкы оорулуу өсүмдүктүн калдыгынан жаралат.

Оорунун белгилери: Жетиштүү сугарганга карабастан өсүмдүк соолугандай көрүнөт, өсүшү жайлайт. Жалбырактары саргаят. Тамыр моюнчасы ичкерип, күрөң же кара түскө өзгөрөт. Сабагынын төмөн бөлүгүндө чириген тактар пайда болот. Тамыры күрөң тартып чирийт.

Кандай чара көрүү керек? Төмөнкүлөр сунушталат:

• Металаксил-М, карбендазим – гектарына 500-750 грамм. 200-300 литр сууга аралаштырып өсүмдүктөрдүн түбүнө же жөөктөргө чачуу керек.

• Беномил – гектарына 200-450 грамм. Сууга аралаштырып, өсүмдүктөрдүн түбүнө чачуу керек.

 

Мөмөсүнүн уч жагынын чириши                                                 

Бул кальций жетишсиздигинен, ашыкча же аз сугаруудан, азот жер семирткичин ашыкча колдонуудан, кургак аба ырайынан жаралат. Оору жугуштуу эмес, бирок мөмөнүн сапатын төмөндөтөт.

Оорунун белгилери: Мөмөсүнүн уч жактарында боз тактар пайда болот. Ал тактар чоңоюп күрөң, кара-күрөң түскө өтөт. Ошол жерлер кургап, чирип баштайт.

Кандай чара көрүү керек? Төмөнкүлөр сунушталат:

• Кальций нитратынын эритмеси – гектарына 300-500 грамм.

• Кальций хлоридинин эритмеси – гектарына 200-400 грамм. 

Дарылоону жаңы мөмө байлап баштаганда жүргүзүү жана 7-10 күн аралыгында кайталоо сунушталат.

 

БАДЫРАҢДЫН ООРУЛАРЫ

Ак кебер                                       

Козу карындык (грибковые) илдет. Ошондой эле азот жер семирткичинин ашыкча берилишинен, күндүзү ысык, түнкүсүн көбүрөөк салкын болуп жалбырактарда шүүдүрүмдүн туруп калышынан жаралат.

Оорунун белгилери: Жалбырактарынын үстүндө кебер сымал көрүнүштөгү пайда болгон майда ак тактар акырындап чоңоюп, жалбыракты каптайт. Ушундан улам саргайып, куурайт. Мөмөлөрдүн көлөмү кичине болуп калат.

Кандай чара көрүү керек? Буга төмөнкүдөй фунгициддер колдонулат.

• Пенконазол – гектарына 250-400 грамм.

• Дифеноконазол – гектарына 400-500 грамм. 

• Азоксистробин – гектарына 600 миллилитр-1 литр. 

Антракноз                                       

Козу карын сымалдар пайда кылып, өсүмдүктү жана мөмөлөрүн кошо жабыркатуучу илдет. Дарттын жаралышына нөшөрлүү жаандардын көптүгү, ашыкча сугаруу себепкер болот. 

Оорунун белгилери: Жалбырактарында сары тактар пайда болот да, кийин өңү күрөң тартат. Саргайган бөлүктөрү куурап, шамалдан айрылат. Сабагы сынма, морт тартат. Мөмөлөрү жакшы чоңойбой, оюк сымал күрөң тактар пайда болуп, чирип баштайт. Даамы ачуу тартат.

Кандай чара көрүү керек? Төмөнкүлөр сунушталат:

• Хлороталонил – гектарына 1,5-2 литр.

• Дифеноконазол – гектарына 300-500 грамм. 

• Азоксистробин – гектарына 600 миллилитр-1 литр. 

Бактериоз                                     

 Бактериялар жаратуучу илдет.

Оорунун белгилери: Жалбырактарында бурчтуу, майлуу сымал тактар пайда болот. Анан тактар күрөң түскө өтүп, куурап, тешилет. Мөмөлөрү кыйшайып, чирип баштайт.

Кандай чара көрүү керек? Төмөнкүлөр сунушталат:

• Жез гидрооксиди – гектарына 2-3 килограмм.

• Жез оксихлориди – гектарына 2,5-3,5 килограмм.

 

БОЛГАР КАЛЕМПИРИНИН ООРУЛАРЫ 

Альтернариоз                                       

 Аба ырайынын туруксуздугунан: бирде ысып, бирде сууп кетишинен пайда болот.

Оорунун белгилери: Түктүү каралжын өңдүү тактар алгач жалбырактарында, анан мөмөлөрүндө пайда болот. Мөмөлөрүнүн ичи чирийт.

Кандай чара көрүү керек? Төмөнкүлөр сунушталат:

• Азоксистробин – гектарына 600 миллилитр-1 литр.

• Дифеноконазол – гектарына 300-500 грамм.

Учунан чирүү                                      

Күн абдан ысыгандан, ашыкча сугаргандан пайда болот. 

Оорунун белгилери: Мөмөлөрүндө кара-жашыл так жаралып, кийин күрөң түскө өтөт. Так түшкөн жерлер чирийт.

Кандай чара көрүү керек? Инфекциялык түрү эмес болсо, жаңы мөмөлөрү жабыркабашы үчүн кальций менен азыктандыруу сунушталат. Мисалы, кальций нитратынын эритмеси – гектарына 300-500 грамм.

Кальций хлоридинин эритмеси – гектарына 200-400 грамм. 

Ак чирик                                      

Топуракта, абада нымдуулук нормадан ашып кеткенде сабак, жалбырак, мөмөлөрүн жабыркатуучу грибоктук оору.

Оорунун белгилери: Алгач нымдуу, ак пахта сымал кебер жаралып, анан көгөрөт. Сабагы жана мөмөлөрү жумшарып, чирийт.

Кандай чара көрүү керек? Сунушталат:

• Ципродинил+флудиоксонил – гектарына 600-800 грамм. 

 

Эскертүү! Жогоруда аталган фунгициддер ошол өлчөмдө 200-300 литр сууга кошулуп колдонулат.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1228, 3-9-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан