“Жөргөмүш адам” тасмасынан башталган сүйүү... Тасмадагы көпчүлүк жактырган каармандардын чыныгы жашоодо да бир экенин укканда романтиканын күчүнө, сүйүүнүн сыйкырына ишенип кетесиң. Голливуддун жылдыздары Том Холланд жана Зендая эч кимге жар салып отурбай эле жашыруун үйлөнүп алгандарын маалымдап коюшту интервьюда. Атактуулардын канча жыл мурун башталган махабат баянына кызыгып көрдүк.
Том Холланд ким?
Актёрду тааныбагандар болсо, бул макаланы окугандан кийин таанып калса керек. Том 1996-жылы Лондон шаарында төрөлгөн. Актёрдун куудулдугу атасынан өткөн, ал өз чөйрөсүнө белгилүү стендап-комик, апасы болсо фотограф. 4 уулдун эң улуусу Том. Өспүрүм кезинде бийге берилип, бир катар бий сынактарына катыша баштаган. Ошондой сынактардын биринде аны «Билли Эллиот» спектаклине даярданып жаткан хореографтын жардамчысы байкап калып, кастингге чакырган. Спектаклдин аркасы менен аз да болсо популярдуулукка жетип, интервью берген абалга жеткен. Бирок анын бийлегенин классташтары түшүнгөн эмес, тескерисинче, “кыздарга окшоп балет бийлейсиң” деп шылдыңдашкан экен. Анан эркекке окшошкусу келген жигит регби менен машыга баштаган. Келечекте актёр болууну максат коюп, ошол жаатта билим алууга ашыккан.
Экрандагы дебюту 2012-жылы “Мүмкүн эмес” тасмасында болду. Ал жараткан Лукас Беннеттин образы тереңдиги, ишенимдүүлүгү менен жогорку баага арзып, актёр кино сыйлыктардын 18 номинациясына көрсөтүлгөн. 2016-жылы “Жөргөмүш адам” тасмасына кастинг жарыяланганын укканда Том агентине телефон чалып, пробага баруу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү суранган. Анткени Питер Паркер анын кичинесинен берки сүйүктүү каарманы эле, анын ролун ойноо – кыял болчу. Бала бакча, мектепте Жөргөмүш адамдын костюмун канча ирет кийип көргөн жигит кастингге келген. Бий жана гимнастика менен машыкканы образдан талап кылынган ийилчээктикке туура келген, бирок тартуучу топ анын жаш курагынан чочулашкан. Анткени буга чейинки “Жөргөмүш адамдар” 25 жаштан жогорку актёрлор болчу, ал эми Том Холланд 19 жашта гана эле. Ошентсе да 2017-жылы чыккан “Жөргөмүш адам: Үйгө кайтуу” тасмасында жаңы жөргөмүш адам – Том Холланд экранга чыккан. Ошондон бери “Марвел” студиясынын алмашкыс каарманына айланып келе жатат.
Зендая
Өзгөчө актриса, келбети, таланты да. Ал дагы 1996-жылы жарык дүйнөгө келген, АКШда. Атасы афроамерикалык, апасынын канында немис, шотланд жана ирландиялыктардын каны бар. Мына ушундай кызыктуу союздан өзгөчө Зендая жаралган. Апасы Уильям Шекспир атындагы театрда менеджер болуп иштейт эле, андыктан Зендая да кичинесинен “театр кызы” болуп чоңойгон. Театрда майда-чүйдө ролдор менен сахнага чыкчу. Бирок чыгармачылыктагы профессионалдык багыты моделдик менен башталган. 178 сантиметр бойлуу кыз бат эле подиум жылдызына айланган.
Ал эми телевидениеге Disney студиясы аркылуу келип, экинчи пландагы ролдорго тартыла баштаган. Зендаяны дүйнө жүзү “Жөргөмүш адам: Үйгө кайтуу” тасмасынан тааныды. Питер Паркердин сүйүктүүсү Эм-Жейдин ролу аны популярдуу актриса кылды. Андан кийин өспүрүмдөр тууралуу “Эйфория” драмасында башкы ролду жараткандан кийин бир катар сыйлыктарга татыды. “Дюна” франшизасындагы ролу да көрүнүктүүлөрдүн катарына кирет. Зендая мыкты ырчы экенин да далилдей алды. Өзүнүн ысымынан коюлган музыкалык альбом чыгарган, уга элек болсоңуз угуп, бир сындап көрүңүз.
“Доспуз”
2016-жыл. “Жөргөмүш адам: Үйгө кайтуу” тасмасын тартуу учурунда экөө тең 19 жашка чыккан Том менен Зендая биринчи жолу таанышкан. 2017-жылы фильм прокатка чыгып, анын пиар-кампаниясы менен алектенген актёрдук курам гастролдоп бир нече мамлекетти кыдырууга, түрдүү шоу-берүүлөргө тартылууга жетишкен. Бири-бирин тамашалап, өздөрүн эркин алып жүргөн Том менен Зендаяга “балким, тасмадагы химия чындыкка айлангандыр?” деп суроо берген журналисттер көп эле болгон. Бирок баарынын суроосуна экөө тымпыйып гана “доспуз” деп жооп беришчү.
“Бошогонуңда чал...”
Экөөнүн достук мамилеси качан романтикага өткөнүн эч ким билбейт, албетте, өздөрүнөн башка. Ал сыр ачылбаган бойдон калды. Дагы канча катылмак ким билсин, бирок 2021-жылы папарацци Том менен Зендая машинада өбүшүп отурган жеринен камерага “илип” алган. Ошол замат маалымат дүйнөсү дүрбөлөң түшүп, романтикалык сүрөттөр интернет желесине желдей тараган. Андан ары жашыруунун мааниси жок болчу.
1-сентябрь – Зендаянын туулган күнүндө Том соцтармактагы баракчасына экөөнүн сүрөтүн жүктөп: “Менин Эм-Жейим (Питер Паркердин сүйүктүүсүнүн аты), бактылуу туулган күн болсун! Бошогонуңда чал...” деген сөздөрдү жазган. Ага жооп кылып Зендая “Чалам” деген сөздүн жанына жүрөкчө быйтыкча калтырып, мамилелерин расмий ачыкташкандай болду.
2021-жылы кезектеги Жөргөмүш адам тууралуу тасма, тагыраагы, “Жөргөмүш адам: Үйгө жол жок” чыкканда андагы баш каармандар түгөйлөр экенин баары билет эле. Ошентсе да Том “биз жашообузду көпчүлүккө жарыялагыбыз келбейт, жеке чек араларды сактоону суранабыз” деп, сүйүктүүсү экөөнүн жеке жашоосу тууралуу суроолорго алдын ала бөгөт койгон.
Ошондо колун качан сурады?
2022-жылы “Том Зендаянын колун сураптыр, шакек салыптыр” деген кабар тарады. Чынында эле актриса колуна актёрдун инициалдары түшүрүлгөн алтын шакек тагып чыгып калган эле. Бирок түгөйлөр “шакек жөн гана белек” экенин айтып, маалыматты төгүндөштү. Андан кийин да бир нече ирет “колун сурады” деген маалыматтар имиш бойдон эле калып жатты. Бирок күйөрмандардын үмүтү өчө элек болчу. 2025-жылы кайрадан жаңы кабар тарады, Жаңы жылдын алдында британиялык актёр көпчүлүк күткөн кадамды жасап, сүйүктүүсүнүн колун сурады деген. Көп өтпөй маалымат такталып, чын экени белгилүү болду. Фанаттар эми "ух" деп алып, кайра качан үйлөнүшөт деген суроонун аркасынан түшмөй башталды.
“Өткөрүп жибердиңер”
2026-жыл. АКШнын Киноактёрлор гильдиясынын сыйлык тапшыруу аземинде Зендаянын стилисти, жакын досу Лоу Роуч кызыл килемде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып түгөйлөрдүн үйлөнүп алганын айтып “үлпөт той өткөн. Болгону силер өткөрүп жибердиңер” деген. Голливуддун эң сырдуу түгөйлөрү бул ирет да салтынан жазбай элди таң калтыра алды, жашыруун үйлөнүп алып.
2026-жылдын 31-июлунда жаңы – “Жөргөмүш адам: Жаңы күн” тасмасы прокатка чыгат. Буга байланыштуу кино жаратуучулар актёрдук курам менен бирге, албетте, башкы каармандар Том жана Зендаянын коштоосунда промокампания иштерин жүргүзүп жүрүшөт. Бул иш-чараларга атактуулар жаңы статуста – күйөөсү-аялы катары катышууда жана үйлөнүү той өткөнүн өздөрү да ачыкташты.
Асыл Орозбекова