Бир бала келечекте эмне каалай турганын так айта алса, кайсы бир бала эмне каалап жатканын билбейт. Бул тарбиядан, жетиштүү эркиндиги барбы же жокпу, ушундан көз каранды. Баланын эркиндиги кантип чектелет? Эркиндик – эч нерсе дебей бош коё берүүбү? Эркиндик кайсы жерден башталып, кайсы жерде бүтөт? Ушул жана башка суроолорго адистердин маалыматтарына таянып атайын жооп издедик.
Коркуу менен тынчсыздануу
Балага эркиндик берүү көпчүлүк ата-энелер үчүн оңой эмес. Мындан 20-30 жыл мурун балдар мектепке өздөрү барып келе турган болсо, азыр ата-энелер алып барып, алып келишет. Же сөзсүз телефондон көзөмөлдөп турушат. Мындай коркуу көбүнчө сүйүүдөн жана баласын ар кандай коркунучтан сактап калуу каалоосунан келип чыгат. Натыйжада баланын келечеги кандай болот, ошол убакта анча ойлондурбайт. Анткени мунун кесепетин балдар өмүр бою тартышы мүмкүн.
Ата-энелердин негизги коркуулары
• Көпчүлүк ата-энелер баласынын жаңылыштыкка кабылышын каалашпайт. Дароо идеалдуу бала болуусун кыялданышат. Ката кетирүү – жашоону үйрөнүүнүн табигый бөлүгү, ансыз чоңоюу мүмкүн эмес.
• Коопсуздук үчүн тынчсыздануу. “Баланы унаа сүзүп кетти, бала дайынсыз жоголду” деген жаңылыктар күн сайын ЖМКларга, соцтармактарга чыгууда.
• Коомдун сынынан коркуу. “Баланы жакшы тарбиялай алган жок” деген сын-пикирден чочулап, айрым ата-энелер балдарга абдан катуу талаптарды коюшат.
• Ишенимдин жетишсиздиги. Ата-эне баласынын мүмкүнчүлүгүн толук баалабай, анын өз алдынча чечим кабыл ала аларына ишенбейт.
• Өзүнүн бала чагындагы тажрыйба. Өзү катуу тарбия көргөн адам ошол эле ыкманы байкабай эле өз баласына колдонушу мүмкүн.
• Адатта ажырашуу көп болуп, бала эненин колунда калгандыктан көп учурда эне баласын көзөмөлдөөгө көнүп алат. Аларга баланы коё берүү кыйынга турат.
Коркууну кантип жеңебиз?
Ооба, жогоруда жазылган коркунучтар жашообузда бар. Бирок баланы биротоло камап, чүнчүтүп, эркиндигин чектеп салуу туура эмес. Ошондуктан ата-эне өзүнүн тынчсыздануусун башкара билип, балага жашына ылайык эркиндик берүүнү үйрөнүшү зарыл. Мисалы:
1. Коркууңуздун себебин аныктаңыз. Өзүңүзгө суроо бериңиз: Мен азыр эмнеден коркуп жатам? Коркуунун булагын түшүнүү туура чечим кабыл алууга жардам берет.
2. Балага ишениңиз.
Ал кичинекей тапшырмаларды өз алдынча аткарган сайын өзүнө болгон ишеними өсөт.
3. Эркиндикти акырындык менен кеңейтиңиз. Дароо эле “каалаганыңды кыл” деп коё берип койсоңуз алар эмне кыларын билбей калышат.
4. Так эрежелерди түзүңүз. Үй-бүлөдөгү чектер түшүнүктүү болгондо бала эмненин мүмкүн, эмненин мүмкүн эмес экенин так билет.
5. Катадан сабак алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Эгер ката баланын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратпаса, аны дароо оңдоп жиберүүгө шашылбаңыз. Катаны талкуулап, андан кандай жыйынтык чыгарса болорун сүйлөшүңүз.
6. Ачык баарлашыңыз. Бала өз оюн эркин айтып, коркуусу же көйгөйү тууралуу сиз менен бөлүшө алса, көзөмөлгө эмес, ишенимге негизделген мамиле калыптанат.
7. Өзүңүздүн эмоцияңызды башкара билиңиз. Чечимди коркуу эмес, акыл-эстүү баалоо жетектесин.
8. Натыйжага эмес, өнүгүүгө көңүл буруңуз. Баланын идеалдуу болушун күтүүдөн көрө, анын акырындык менен жоопкерчиликтүү, өзүнө ишенген инсан болуп өсүшүнө шарт түзүңүз.
Эмнелерди чектөө керек?
• Баланын уйкусун биринчи орунга коюу керек. Анткени гаджеттер ар бир баланын колунда, алар түнү менен телефондо отура бериши мүмкүн. Ден соолукту ойлогон куракка жеткиче телефонго чектөө коюу керек.
• Ичкен-жегенине маани берүү зарыл. Бала табити тартканды жей берип, анын зыянын элес албайт. Фаст-фуд, газдалган суусундуктар, шириндиктерди көзөмөлдөө абзел.
• Чөйрөсүн байкоо керек. Эгерде туура эмес чөйрө болсо, дароо алдын алуу зарыл. Окуусун, ден соолугун, жүрүм-турумун көздөн өткөрүү керек.
Эмнелерди чектебөө керек?
• Кыялдарын. “Сен аны кыла албайсың” дегенге болбойт. Анткени кыялы менен ал кийинки турмушунун картинасын түзө алат. Сизге күлкүлүү сезилсе да, ошол убакта аны колдой турганыңызды айтуу керек.
• Мүмкүнчүлүктөрүн жана каалоолорун чектебөө керек. “Мен кыла алам” десе, “азамат, кылып көр” деп уруксат берген туура.
• Ойлорун жана сезимдерин чектегенге болбойт. Сиз жактырбаган адамды балаңыз аябай жакшы көрүшү мүмкүн. Мисалы, кайненеңизди же кошунаны, ал анын тандоосу. Урмат көрсөтүү керек баланын тандоосуна.
• Эң натыйжалуу жол — эркиндик менен жоопкерчиликтин тең салмагын табуу.
Эмне үчүн эркиндик керек?
• Өз алдынча ой жүгүртүүнү үйрөнөт.
• Чечим кабыл алуу жөндөмү калыптанат.
• Өзүнө болгон ишеним өсөт.
• Ката аркылуу тажрыйба топтойт.
Эмне үчүн толук эркиндик берилбейт?
• Балада тажрыйба аз.
• Коопсуздук маселеси бар.
• Импульсивдүү чечимдер көп болот.
• Социалдык жана психологиялык коркунучтар бар.
Ата-энелерге кеңеш
Ар бир бала – өзүнүн мүнөзү, кызыгуусу жана кыялы бар инсан. Ата-эненин негизги милдети – баланы дайыма көзөмөлдөө эмес, анын өз алдынча ой жүгүртүп, жоопкерчиликтүү чечим кабыл ала алган инсан болуп өсүшүнө жардам берүү.
• Баланын оюн угуп, пикирин урматтаңыз. Анын ар бир айтканын сөзсүз аткаруу талап кылынбайт, бирок өз оюн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү өзүнө болгон ишенимин арттырат.
• Жашына ылайык тандоо укугун бериңиз. Мисалы, кайсы китепти окуй турганын, кайсы ийримге барарын же бош убактысын кантип өткөрөрүн өзү чечсин. Мындай мүмкүнчүлүктөр өз алдынчалуулукту өнүктүрөт.
• Балага жоопкерчиликти акырындык менен үйрөтүңүз. Эркиндик милдет менен кошо жүрөрүн түшүндүрүп, өз чечиминин натыйжасын көрүүгө шарт түзүңүз.
• Баланы айыптоонун ордуна, катасынан сабак алууга багыт бериңиз.
• Баланы башкалар менен салыштырбаңыз. Ар бир баланын жөндөмү, өнүгүү ыргагы жана кызыгуусу ар башка. Салыштыруу анын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүшү мүмкүн.
• Жеке мейкиндигин урматтаңыз. Баланын сезимдерин, сырларын жана жеке буюмдарын сыйлоо өз ара ишенимди бекемдейт.
• Чектөөлөрдү түшүндүрүп коюңуз. Үй-бүлөдөгү эрежелер түшүнүктүү, адилеттүү жана бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө бирдей колдонулганда, бала аларды жеңилирээк кабыл алат.
• Баарынан маанилүүсү, бала сизден коркпошу керек, сизге ишениши керек. Өз оюн эркин айтып, суроо бере алган, кыйынчылыгын жашырбаган бала келечекте өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү жана коомго пайдалуу инсан болуп калыптанат.
Нуржамал Жийдебаева