Биз социалдык тармакта

Кубандык & Азем: “БИЗДИН МАМИЛЕНИ СҮЙҮҮ КАРМАП ТУРАТ”

Бул жолку “Жан шерик” рубрикасынын каармандары – театр жана кино актёру Кубандык Камалов менен жубайы, блогер жана стендапчы Азем Данияр кызы. Алар алгачкы таанышуусу, сүйүү баяны, бири-бирин колдоо, үй-бүлөлүк жашоонун сыноолору, бала тарбиясы тууралуу ачык-айкын маек куруп беришти.

 

– Салам, Кубандык, Азем! Алгачкы жолугушууда бири-бириңиздер тууралуу кандай ойдо болгонсуздар?

Азем: – Биз социалдык тармактан капыстан сүйлөшүп калдык. Ал учурда баары жеңил маанайда, күлкүлүү кырдаалда өткөн.

Кубандык: – Бир күнү ошол кездеги популярдуу социалдык тармакты барактап отурсам, бир томпошка кыз чыгып калды (күлүп). “Ар бир адам өз жашоосунун режиссёру болуш керек” деп орус тилинде статус коюптур. “Мени ошол тасмаңызга ролго албайсызбы?” деп жазсам, жооп бербей койду. “Жок дегенде эпизоддук ролго” десем күлүп, сүйлөшүүбүз уланып кетти. Ар кандай тамашалар менен байланышыбыз бекемделди.

А.: – Биринчи жолу Skype аркылуу көрүшүп, видеобайланышта сүйлөшкөнбүз. Анда бул Москвада, мен Кытайда окучу элем. Алты айдан соң жолугушуп, бетме-бет көрүштүк. Чыныгы таанышуу дал ошол жерде болгон. Куба, сүрөттөгүдөй эле экенминби?

К.: – Ооба (күлүп).

– Сүйүү баяныңыздарды эстегенде жылмаюу тартуулачу окуялар көп окшойт?

А.: – Жолдошум романтик эмес. Мен белек күтө берем. Кыз-жигит кезде тартуу иштерине бир айга кеткен. Ал жактан кайтып келгенде жолугушууга чыктык. Унаанын арткы орундугунда букет гүлдөй көрүнгөн бир нерсе бар экен. “Гүлдү качан берет?” деп күтүп отурам. Бирок жеткенге чейин деле бербей койду. Кийин жакшылап карасам, ал гүл эмес, анын курткасы экен. Ошондо аябай күлкүм келген.

– Канча убакыт сүйлөштүңүздөр?

А.: – Биз аралыктан 3 жылдай сүйлөштүк. Кийин экөөбүз тең Кыргызстанга келгенде кыз-жигит болдук. Мамилебизди улантып, бири-бирибизди жакшыраак таанып, жалпы 5 жыл сүйлөшүп баш коштук.

– Бири-бириңиздердеги баалаган сапаттар кайсылар?

К.: – Келинчегимдин жакшы сапаты – жөнөкөй, талапчыл жана эмгекчил адам. Көздөгөн максатына жетүүгө ар дайым умтулганы жагат.

А.: – Үй-бүлөсүнө эркектик жоопкерчилик менен мамиле кылат. Баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат, ишенимдүү, чечкиндүү.

– Жолдошуңуз театр, кино тармагында эмгектенет. Чыгармачыл адам менен жашоо канчалык оор же жеңил?

А.: – Үйлөнгөнүбүзгө 7 жыл болду. Алгачкы жылы бир аз кыйын болду, анткени кээде 1-2 айлап тартуу иштерине кетип калчу. Кийин анын ишинин өзгөчөлүгүн түшүнүп, көндүм. Азыр андай нерселер жашообуздун кадимки эле бир бөлүгү болуп калды. Мен аны ар дайым колдойм.

– Азем айым, башында соода тармагында жүрүп, анан блогерликке ыктап, азыр стендапка аралаша баштадыңыз. Өзүңүздү издеп жатасызбы?

А.: – Баары өз нугу менен болду. Кичине кезимден эле чыгармачылыкка кызыгып, чыгармачыл адам болсом деген тилегим бар болчу. Бирок кайсы тармакта болорумду так элестете алчу эмесмин. Болгону эл алдында жүргөн адам болсом деп кыялданчумун. "Жолдошум актёрмун десе эле “Супер-Инфо” гезитинин биринчи бетине чыгам деп эле тийип алыптырмын" деп күлүп калам (күлүп). Азыр ойлосом, ошол кыялдарым акырындап орундалып келе жатат.

К.: – Жубайым “актёрдук кесибиң калды, кадр сыртындагы иштер менен жүрүп жүзүң таанылбай жатат. Кел, вайн тартабыз. Балким, актёрдук кесибиңе жардам болот” деген эле. Келинчегим чыгып кетти, а мен актёр болсом да кайра эле кадр сыртында калып кеттим (күлүп).

– Экөөңүздөр тарткан үй-бүлөлүк күлкүлүү видеолордун сценарийин ким  жазат?

К.: – Идеяларды көбүнчө Азем ойлоп табат, сценарийин да жазат. Мага күтүүсүздөн жакшы ой келип калса, дароо ага билдирүү жазып жиберем. Экөөбүз бири-бирибиздин ойлорубузду толуктап турабыз. Көпчүлүк учурда жөнөкөй эле идеялар көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, көп көрүүлөрдү топтойт.

– Ким көбүрөөк кызганчаак?

К.: – Агыраак болсом бир жөн (күлүп). Бизде кызганычтын чеги бар.

– Урушуп кеткенде биринчи болуп ким элдешүүгө кадам таштайт?

К.: – Мен аракет кылам.

А.: – Куба кээде урушуп кеткенибизди деле билбей калат. Таарынып жатсам эч нерсе болбогондой эле сүйлөй берет.

– Сиздердин мамилеңиздерди бекемдеп турган нерсе эмне?

К.: – Экөөбүздү сүйүүбүз кармап турат.

А.: – Жалпысынан караганда, биздин үй-бүлөгө эч ким кийлигишпейт. Бардык маселени экөөбүз чечкенге аракет кылабыз.

– Хейтерлерден улам социалдык тармакка киргиңиз келбей калган учурлар болдубу?

А.: – Катуу тийген сын боло элек. Сындарга жооп бербейм деле. Хейт жазгандардын көбү ката жазышат. Алардын катасын көргөндө "эмнеге буларга теңелем?" деп көңүл бурбай калгам.

– Жашоо жалаң күлкүдөн турбайт эмеспи, кыйынчылыктар болгонбу?

К.: – Оор күндөр болгон, бирок анын оордугу ал учурда анчейин билинген эмес. Азыр артка кылчайып карап, кээде коркуп кетебиз.

– Балдар тууралуу сүйлөшкөн жагабы? Ата-эне болуудагы сезимдерди сурайын...

К.: – Бул тема бүтпөс бакыт да. Ата-энелик сезим такыр башкача экен. Пандемия учурунда төрөлдү кызыбыз. Толгоо башталганда төрөт үйүнө кеттик. 19 саат толготуп төрөдү. Карантин эле да, короодо жалгыз жүрдүм. Түнкү 22:00дө төрөсө, мага 2 сааттан кийин айтышты. Таң атканга чейин сүйүнүп, толкунданып жүрдүм. Азыр кызыбыз 6 жашта, балабыз 5 жашта.

– Учурда үчүнчү наристени күтүп жатыпсыздар. Азем, бул жолу кош бойлуулук мезгили кандай өтүүдө?

А.: – Акыл-эсим токтолуп, жоопкерчиликтүү мамиле кыла баштадым. Чоң кызымды кош бойлуу кезимде деле колумдан түшүрбөй көтөрүп жүрчүмүн. Азыр болсо өзүмдүн ден соолугума кылдат көңүл буруп, аяп калдым. Бир жерим ооруп калса, дароо дарыгерге кайрылууга аракет кылам.

– Балдарды тарбиялоодо ким катуураак да, ким жумшагыраак?

К.: – Мен урушпайм, тил укпаса акырын гана түшүндүрүп айтам. Жумушка байланыштуу үйдө көп боло бербейм. Ошол себептен да балдарымды урушкум келбейт. Апасы катуу кармайт.

– Азем, жолдошуңуздун жүзүнө карап чын жүрөктөн бир сөз айтсаңыз?

А.: – Ырас эле сизге тийип алыптырмын (күлүп).

– Үй-бүлө курууга даярданып жаткан жаштарга кандай кеңеш берет элеңиздер?

К.: – Үй-бүлө курууда шашылбагыла, жүрөгүңөрдү уккула. Байлыгына эмес, максатына жана мамилесине көңүл бургула. Үйдөгү таарынычтар сыртка чыкпасын дейт элем.

А.: – Никеден кийин жашооңорго эч кимди ашыкча кийлигиштирбегиле.

– Видеолоруңардан кийин туугандар же жакындар таарынып калган учурлар болду беле?

А.: – Биз вайн тартууда элге күлкү тартуулайлы, эс алдыралы деп аракет кылабыз. Бир жолу “жолдошум ыйлап жатат, чогуу картаябыз деп ойлогом. Өзүңдөн төрт жаш улуу болсо, ушул экен да” деген трендге тамаша видео тартканбыз. Ошону апабыз олуттуу кабыл алып, вотсапптагы үй-бүлөлүк тайпага “Арстаным, табышкерим дебейсиңби?” деп жазып таарынган. Кайын сиңдим “апа, бул жөн эле тренд, тамаша видео” деп түшүндүргөндөн кийин баарыбыз күлгөнбүз. Ошондон кийин тамашаларды туура эмес кабыл алып калбасын деп апабызды социалдык тармактагы баракчабыздан тамаша-ирония менен “блоктоп” койгонбуз (күлүп).

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1228, 3-9-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан