Жайгашкан жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Үч-Коргон айыл аймагы
Кожолуктун (түтүн) саны – 1022
Элдин саны – 8202
Өзгөчөлүгү – Кыргызстанда дарбыз-коон эң эрте бышкан айыл
Баялы Момунов, айыл тургуну: “Илгерки Даван мамлекетинин орду”
– Маалыматтарга жана уламыштарга караганда, Аксынын биз жашаган аймагында илгери биздин заманга чейинки замандарда Даван мамлекети болгон экен. Анын чоң, кичинеси болуп 70 шаары болгондугу айтылат. Биз жашаган аймак кызыл топурактуу болуп, андан кумура жана башкаларды жасашкан. Дыйкандар буудай, беде, пахта эгишкен. Жемиш бактары, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан узакка сактала турган шарап даярдалган. Давандыктардын асыл тукум жылкылары даңазалуу болуп, аларды “асман жылкылары” деп аташкан. Улуу Жибек Жолу калыптанганга чейин Чыгыш Түркстан менен соода байланышын түзүшкөн. Кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Даван мамлекетине келгени айтылат. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи аркылуу жеткен.
Давандын падышасы Мук (Мугуа) жана анын 3 чоң коргону болгон экен. Биздин айыл менен Өзбекстандын Үч-Коргон шаарын Нарын дарыясы бөлүп турат. 2 коргон биздин айылдын аймагында, бир коргону Өзбекстандын ошол Үч-Коргонунун ордунда болгону айтылат. Шаар да ошол 3 коргондон улам аталыптыр. Ушул айтылган жерлерде археологиялык айрым буюмдар табылган. Дагы казуулар жүргүзүлсө көп нерселер чыгып, жаңы көп маалыматтарга ээ болмокпуз. Мен Аксы өрөөнүнүн энциклопедиясын жазганымда ушул айткандарым кошулган.
Аталышына келсек, Даван мамлекети жок болуп, кылымдар өтүп, замандар өзгөрүлөт. Нарын суусунун жээктери кемирилип, кызыл топурактуу жарлар пайда болгон экен. Ошого Кызыл-Жар аталып кетиптир. Убагында аймакта колхоз, совхоздор түзүлүп, анан колхоздор ирилештирилип, Энгельс, Киров совхозуна бириктирилген. Кийин экөө кошулуп, Кызыл-Жар совхозу деп аталат. 1963-1982-жылдары Ноокен районунун курамына кошушат. 1983-жылы Аксы районуна өткөрүлгөн.
Таалай Айдаркулов, айыл башчысы: “Төкмө акындар Изат менен Нурайым биздин айылдын кыздары”
– Элибиз дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Дарбыз, коон жана жүгөрү өстүрүү жакшы жолго коюлган. Булар жергиликтүү базарларда гана сатылбастан, башка аймактарга да чыгарылат. Айылда 2 мектеп, бир бала бакча жана бир өрт өчүрүү бөлүмү иштеп, калкка кызмат көрсөтүүдө. Айылдын эли ынтымакты, эмгекти жана өз ара жардамдашууну жогору баалайт. Айылды көрктөндүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана жаштарга жакшы шарт түзүү багытында ар кандай иштер жүргүзүлүүдө.
Кызыл-Жар – эмгекчил эли, берекелүү талаалары жана өнүгүүгө умтулган жашоосу менен айырмаланган айыл. Бизден Социалисттик эмгектин баатырлары Жоро Шералиев, Николай Мешков чыккан. Атактуу төкмө акындар Изат Айдаркулова менен Нурайым Бактияр кызы биздин айылдын кыздары. Салибай Шатманов атындагы орто мектепте чакан музейлер уюштурулган. “Шайыр апалар” тобу маданий иш-чараларга, сынактарга катышып келет.
Айтикан Кадырбаева, уз: “Тон жасап, чий чырмайм”
– Бааатыр энемин. 16 жашымдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Боз үйдүн жабууларын, боолорун, шырдак, чыны кап, идиш салынуучу аяк кап жасайм, сайма саям. Чий чырмайм. Илгерки ата-бабаларыбыз урунган буюмдар унутта калбасын деп кулундун терисинен тулуп жасагам. Ага илгери катпай жумшак турсун деп нан сакташкан. 1 ай мээнет кылып тери ийлеп, өңдөп сары тон, жүнүн ичкери каратып чыптама жасайм. Кыскасы, кыргыздын илгерки уз чеберлерине тиешелүү иштердин баары колумдан келет. Айылдыктар, коңшу айылдан буюртмалар түшүп калса, жасап берем.
Нурбек Дүйшөбаев, дыйкан: “20 жылдан бери дарбыз эгем”
– Айылыбыз коон, дарбыздын мекени. Дарбызды айыл элинин жарымынан көбү эгет десем жаңылбайм. Өзүм дарбызды 20 жылдан бери эгем. Эртерээк сатыкка чыгарыш үчүн парникке өстүрүп, көчөт кылып, клеёнка алдында тигебиз. 1 гектарга 6 миң көчөт эгилет. 1 гектардан түшүм жакшы болгондо 50-60 тоннага чейин дарбыз алса болот. Чоңдорун Бишкекке жөнөтүп, майдаларын бул жактан сатабыз. Баасына келсек, быйыл адегенде 1 килограммын 20 сомдон саттым. Бишкекке дүңүнөн килограммын 17 сомдон алып кетишти. Дарбыздын көчөтүн отургузуу күн жылуу жылдары 1-мартта эле башталат.
Канымжан Усупбекова