Дарактар боюнча жылдыз төлгө деген эмне?
Биздин заманга чейинки миң жылдыкта Европада кельт цивилизациясы өкүм сүргөн. Кельт уруусу эр жүрөк, мыкты согушчандар болгон делет. Алардын башчылары болуп друиддер эсептелген. Друиддер – акылман, кеңешчи, соттун ролун ойногон калыс адамдар болгон. Бул гана эмес, алар адамдардын туулган күнүнө карата мүнөзүн, тагдырын билүүгө боло турган жылдыз төлгөнү дарактар боюнча түзүшкөн. Друиддер “адамдын тагдырында дарактар да роль ойнойт. Ар ким өз дарагы менен “баарлашып”, депрессияда, ооруганда, кыйын күндөрдө аны кучактаса оң энергия алып, жаман ойлордон тазаланат. Мээси сергийт. Ушундан улам ден соолугун оңдогонго, туура чечим кабыл алууга, тагдырын жакшы алып кетүүгө мүмкүнчүлүк алат” деп эсептешкен. Кельттердин урпактары учурда Ирландия, Шотландия, Франциянын Бретань аймагында жана башка жактарда жашашат, ата-бабаларынын жылдыз төлгөсүн колдонушат. Психологдор, дүйнө элинин бир бөлүгү, айрыкча япондор друиддердин айткандарында чындыктын үлүшү бар деп эсептешет жана алардын жылдыз төлгөсүнө маани беришет. Төмөнкү макалада элге белгилүү айрым инсандардын туулган датасына карап гороскоптун сырын чечмелеп берели дедик.
ТОПУКТУУЛАР, БЕТКЕ АЙТЧУЛАР...
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Ырыскелди Осмонкулов 28-январда, Съездбек Искеналиев 2-августта, режиссёр Бакыт Осмонканов 2-февралда туулган. 25-январь-3-февраль жана 26-июль-4-август аралыгында туулгандардын колдоочу дарагы – кипарис.
Артыкчылыктары: Булар эрте жетилип, эрте өз алдынча болууга жөндөмдүүлөр. Напсини башкара алышат, азга канааттанып, шүгүр кылышып, бактылуу боло алгандар десек болот. Жалгыздыкты сүйүшпөйт, баарлашууда жагымдуу. Ар кандай кырдаалдарга оңой ыңгайлашат. Акча, атак-даңктын артынан куушпайт. Жаратылышты, жаныбарларды, сейилдөөнү, аң жана балык уулоону сүйүшөт. Достукка, сүйүүгө бекем адамдар. Башкалардын мүнөзүндөгү кемчиликтерге көз жума алышат, ошондуктан достору көп.
Кемчиликтери: Демилгени колго алууну каалашпайт. План куруп отуруунун ордуна агым менен сүзгөндү баалашат. Кээде одоно сүйлөп, чындыкты бетке айтып жаман көрүнүшөт.
ӨЗДӨРҮ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНГАНДАР
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 11-августта, ырчы Роза Шакирова 12-августта, актёр Камчы Сарыбаев 7-февралда туулган. 4-февраль-8-февраль, 5-август-13-август аралыгында туулгандардын колдоочу дарактары – терек.
Артыкчылыктары: Булар сүйкүмдүү, өздөрү менен сыймыктанган, татаал маселени да чечүүгө даяр турган жандар. Жакындарына абдан байлангандар, алардын жанында өздөрүн эркин, көз карандысыз сезишет. Бирок кээде майда нерселер үчүн нерв болуп кетишет. Алар эмнени каалап жатканын билүү кыйын. Досторун, күйөрмандарын жоготуудан коркушат. Башкалар аларды сырткы келбети үчүн эмес, адамдык сапаттары үчүн жакшы көрүшөрүн билгенде жан дүйнөлөрү тынчтанып, бакытка, гармонияга балкышат. Акылдуу болушат, айрымдары тажрыйба топтогон соң ийгиликтин туу чокусуна жетишет.
Кемчиликтери: Бирөөлөрдүн тилине, таасирине кирип кетмейлери бар. Андан жабыркап калбаш үчүн чөйрөсүнө ич күйдү, арам ойлуу адамдарды жолотпоого аракет кылуулары зарыл. Эмоцияларын толук башкара алышпайт.
МАКСАТТАРЫНА ТЕЗ ЖЕТЧҮЛӨР
14-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова, 16-мартта алып баруучу жана актёр Самат Эркинбек уулу, 19-мартта ырчы Асел Кадырбекова туулган. 11-март-20-март жана 13-сентябрь-22-сентябрь аралыгында туулгандардын колдоочу дарагы – липа.
Артыкчылыктары: Ажарлуу, жагымдуу, максаттарына тез жана оңой жетчү жандар. Ошондуктан арасында популярдуулары көп. Бардык күчүн жашоодо өзүн ыңгайлуу сезүүгө арнашат. Катаал шартта, кыйын учурларда моюн бербей жашоосун жөндөп кете алышат. Бул алардын өзгөчө сапаттары. Уюштургуч, ички туюмдары жана ойлоо жөндөмдүүлүктөрү күчтүү, мыкты достор. Тааныштары абдан көп. Кандай кырдаал болсо да чатакташуудан качып турушат. Чыр ырбабасын деп тил табышууну туура көрүшөт. Көрсөткөн жардамын кийин колко кылышпайт.
Кемчиликтери: Колдоого муктаж болуп турушат. Көбүнчө чечкинсиздиктерин көрсөтүшөт, ушундан улам ичтеринен көп кейип, өздөрүн толук бактылуу сезе беришпейт. Ийгилик багынтышканы менен, кээде жеке жашоолору ойдогудай боло бербейт. Анткени кызганчаак келишет.
ТАЛАПТЫ КӨП КОЙГОНДОР
Актриса Элина Абай кызы 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 10-апрелде, бийчи Атай Өмүрзаков 5-октябрда, актёр жана режиссёр Мурат Мамбетов 8-октябрда, актёр жана каскадёр Адилет Акматов 9-октябрда туулган. 1-апрель-10-апрель жана 4-октябрь-13-октябрь аралыгында жарыкка келгендердин колдоочу дарагы – четин.
Артыкчылыктары: Булардын көбү назик көрүнгөнү менен чыдамкай, максатка умтулган адамдар болушат. Жагымдуу, ачык-айкын сүйлөө аркылуу адамдарды тартып турушат. Ошондуктан достору көп. Жакшы манералары менен көпчүлүктөн айырмаланып турушат. Адамдарга жардам берип, кубаныч тартууласам дегендер. Чындап сүйө алышат жана жактырган адамынан да ошондойду талап кылышат. Алдаганды, көзгө чөп салганды кечиришпейт.
Кемчиликтери: Өздөрүнө, жакындарына талапты көп коюшат, бул алар менен мамилени татаалдаштырат. Майда нерселерге да көп көңүл бурушкандыктан пландарынын баарын ишке ашыра албай кыйналышат.
ЧЕЧИМИНЕН ОҢОЮ МЕНЕН БАШ ТАРТПАГАНДАР
Ырчы Азиза 21-февралда, кинорежиссёр, сценарист Эрнест Абдыжапаров 27-февралда туулган. 19-февраль-28-февраль жана 24-август-2-сентябрь аралыгында жарыкка келгендердин колдоочу дарагы – карагай.
Артыкчылыктары: Булардын манералары эркиндикти, эрктүүлүктү, өзүнүн айланасында кооздукту жаратууга болгон каалоону көрсөтүп турат. Алар өздөрүнүн материалдык дүйнөлөрүн түзүшөт да, анда өздөрүн ыңгайлуу сезишет. Анализдөөгө мыкты, чечкиндүү жандар, ар түрдүү кырдаалдарга ыңгайлаша алышат. Бул, албетте, бийиктикте болууга шарт түзөт. Жумушта берилип иштегендиктен ийгиликтин үстүндө болушат. Аз убакта чоң маселени чечип коё алышат. Ишкердик пландарды түзүүгө маш, жаратмандар. Эгер бир нерсени нөлдөн баштап жаратуу керек болсо, бул алардын колунан келет. Мисалы, байланыштарды, мамилени, ишти мыкты жайгарышат.
Кемчиликтери: Менменсинүү, керкейүү, чыдамсыздык сапаттары бар. Өздөрүн башкалардан артык сезип, каталарын моюндарына оңою менен алышпайт. Жакындарынын жай кыймылына, жалкоолугуна чыдай алышпайт. Кабыл алган чечиминен баш тарттыруу кыйын.
Канымжан Усупбекова