Биз “Калп тапкыч” рубрикасын улантып, ди-джей, ырчы Чыңгыз Мырзаевди чакырдык. Эмесе, калп тапкыч менен Чыңгыздын эрөөлү кандай өткөнүн өзүңүз байкаңыз.
– Мектепте таяк жеп, ата-энеңе арыздандың беле?
Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.
Чыңгыздын комментарийи:
– Эрке болгондуктанбы, кичинемде балдардан таяк жеп калчумун. 3-класска чейин ошондой болду. Ата-энеме арызданып келчү элем. Атам “сени бирөө урса, сен да ур” деп урушкандан кийин арызданбай калганмын.
– 7 жашыңда упчуну таштаганың чынбы?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.
– “2” алып, күндөлүктүн барагын айрыгансыңбы?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Ооба.
Чыңгыздын комментарийи:
– “2” алганда ата-энемден жашырып, аларга көрсөтпөй жүргөн күндөрүм болгон. Бирок “2” коюлган барагын жыртып салуу акылыма келбептир. Бир жолу өзүм эле “5” коюп алганым эсимде.
– Сүйдүрүп туруп, таштап кеткен кыздар болгонбу?
Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.
Чыңгыздын комментарийи:
– “Болгон эмес” деп айтып коёюн десем, компьютер баары бир билип коёт турбайбы. Ошондуктан чынын айттым. Андай нерсе болгон.
– Сүйүүдө туруктуусуңбу?
Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.
– Данияр Көбөнов менен жекеме-жеке күрөшөт белең?
Чыңгыз: – Жок!
Детектор: – Жок.
Чыңгыздын комментарийи:
– Эми Данияр менен кантип чыкмак элем. Мындай булчуңдарым менен чыкпай эле койгонум эң туура чечим деп эсептейм. Палоо басып, баарлашып отуралы десе, макулмун.
– “Ош базарында” айна-самын саткан кыз менен сүйлөшүп жүргөнүң чынбы?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.
– Ичимдик ичкенде ызы-чуу салбайсыңбы?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.
Чыңгыздын комментарийи:
– Андай тескери адатым жок. Өзүм деле ичимдикти чанда ичем. Анда да ууртап эле коём.
– “Ырчылар тозокко түшөт” дегенге ишенесиңби?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.
– Бирөөнүн оор кылмышын жашырган учур болгонбу?
Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.
Чыңгыздын комментарийи:
– Достордун кылмыштарын жашырып койгон мезгилдер болгон. Анын баарын айта берсем, көп нерсе ачыкка чыгып кетет го. Мурда андай кездер болбой койгон эмес.
– Сүйгөн кызың барбы?
Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Жок.
Чыңгыздын комментарийи:
– Ар дайым эле “талапкерлер бар” деп айтып келчүмүн. Бул жерде “ооба” же “жок” деп айтышым керек экен, “ооба” деп жооп бердим. “Жаман сөзгө да, жакшы сөзгө да периште “оомийин” дейт” деп айтышат го. Ошондуктан жакшылык болсун деп, силердин батаңар тийип кетсин деп да ойлодум.
– Тамадалык боюнча тойго чакыргандар менен соодалашасыңбы?
Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.
Чыңгыздын комментарийи:
– Менин жумушум болгондон кийин, албетте, соодалашам. Өзүм татыктуу эмгек акыны алышым керек да.
– Алмазбек Атамбаевди президенттикке татыктуу деп ойлойсуңбу?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.
Чыңгыздын комментарийи:
– Сын тагып коюп отура бериш оңой. Ошентсе да аны татыктуу деп эсептебейм. Өлкөнү чындап алдыга өнүктүрө ала турган, кыргыз эли үчүн жанын сайган адам келсе деп ойлойм. Алмазбек Атамбаевге адам катары эч кандай жаман оюм жок. Андан дагы күчтүү адам келсе деп тилейм.
– Сахнага ичимдик ичип чыккансыңбы?
Чыңгыз: – Жок
Детектор: – Жок.
– Сүйгөн адамың талап кылса, мурут коёт белең?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.
Чыңгыздын комментарийи:
– Бирөөнүн талабы менен өзүмө жакпаган нерсени жасай албайм го. Жашымдан эле бардык чечимдерди өзүм кабыл алууну үйрөнгөм.
– Азыр да жеңелериңе тийишип каласыңбы?
Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.
Чыңгыздын комментарийи:
– Ал күндөр артта калбадыбы... Азыр алар алыста болгондуктан, тийише албайм да. Жеңелериме тийишкен күндөрдү сагынып, азыр да тийишким келип жүрөт, албетте.
– Жети атаңды билесиңби?
Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.
Чыңгыздын комментарийи:
– Кыргыздын баласы болгондон кийин жети атамды билишим керек да. Мен 10 муунга чейинки ата-бабамды билем.
Залкарбек Карабалаев
star@super.kg