Кыргызстанда Аи-95 жана Аи-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы пайда болду. Өлкөнүн Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов чет элдик ЖМКларга билдиргендей, азыркы учурда айрым май куюучу жайларда үзгүлтүктөр бар.
90 пайызы импорт...
Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстан күйүүчү майдын дээрлик 90 пайызын Орусиядан импорттойт. Адистердин баалоосу боюнча, 2026-жылдын январь-май айларында өлкө Орусиядан 251 миң тоннадан ашык бензин, 235,15 миң тонна дизель майы жана 48,15 миң тонна авиакеросин алган. Жакында Орусия күйүүчү май экспортуна убактылуу тыюу салган. Ушундай эле чечимди коңшу Казакстан дагы кабыл алганы белгилүү. Кыргызстанда бензин тартыштыгы Казакстандан аткезчилик жол менен күйүүчү май ташууну күчөтүшү мүмкүн деген пикирлер айтылууда.
“Альтернативдүү булактар каралууда”
30-июнда өкмөттө бул кырдаал боюнча атайын жыйын өттү. Азырынча абал көзөмөлдө экени, бул багытта мониторинг жүргүзүлүп жатканы айтылды жыйында. Күйүүчү майдын альтернативдүү булактары боюнча иш алып барылып, жаңы багыттар боюнча макулдашуулар бар экени маалымдалды.
“Запас жетиштүү”
Энергетика министрлиги 1-июлда “өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү” деп билдирүү таратты. Мунай продукттары мурда түзүлгөн келишимдердин негизинде жеткирилүүдө.
– Өкмөт ички рынокту туруктуу күйүүчү май менен камсыздоо максатында ыкчам чараларды көрүп келет. Бул максатта Орусия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын, башка өнөктөш өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Ички өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. “Жунда” мунай иштетүүчү заводуна жана “Кыргызнефтегаз” ишканасына өндүрүш көлөмүн көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилди,- деп билдирет министрлик. Күйүүчү майдын баалары көзөмөлдөнүп жатканы да айтылды.
Геосаясий кырдаалдын таасири...
Эскерте кетсек, Украинанын ракеталары Орусиядагы мунай заводдоруна сокку ургандан кийин чөлкөмдө күйүүчү май кризиси күч алды. Жакынкы Чыгыштагы согуштук кырдаал да мунай тармагындагы кризистин себептеринин бири экенин адистер белгилеп жатышат.