Коомчулукка “75 адамдын иши” деп белгилүү болгон окуя боюнча 29-июнда кезектеги соттук отурум өттү. Анда айыптоочулар УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди жана башка айыпталуучуларды 9 жылдан эркинен ажыратууну соттон өтүнүштү. Жактоочу Икрамидин Айткуловдун айтымында, сотто Камчыбек Ташиев прокурорлорго айыптоодон баш тартууну сунуштады.
Бул кылмыш ишинде мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, парламенттин экс-төрагасы Нурлан Тургунбек уулу да фигурант экенин эске салабыз. Зулушев журналисттерге комментарий бербей келе жатат. “Баарын соттук териштирүүдөн көрөсүңөр” деген бир нече жолу. Тургунбек уулу да 75 адамдын катынын парламентке кантип киргени тууралуу азыркы спикер Марлен Маматалиевдин айткандарын “жомок” деп атады.
Ошондой эле бул окуя боюнча саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, Курсан Асанов, Эмилбек Узакбаев жана Курманбек Дыйканбай учурда камакта отурат.