Биз социалдык тармакта

АЙЛЫКТЫН КӨЛӨМҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН 132-ОРУНДА

Кыргызстан дүйнөлүк эмгек акы рейтингинде 132-орунду ээледи. Америкалык “CEOWORLD” журналынын 2025-жылкы маалыматына ылайык, өлкөдө орточо айлык маяна айына орточо 335 долларды, улуттук валюта менен алганда 29 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Рейтингде Казакстан 77-орунду, Өзбекстан 117-орунду, Тажикстан 138-орунду, Грузия 90-орунду, Түркмөнстан 80-орунду ээлеген.

Эң жогорку орточо айлык Швейцарияда деп табылды – 8218 доллар. Ал эми эң төмөн көрсөткүчтөр Палестина жана Африкадагы бир катар өлкөлөрдө катталган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын январь-октябрь айларына карата Кыргызстанда орточо айлык маяна 42 919 сомду же 491,3 долларды түзөрүн Улуттук статистика комитети билдирген эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1228, 3-9-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан