Биз социалдык тармакта

АЛИМЕНТ ТӨЛӨӨДӨН КАЧКАНДАР 3 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КАМАЛАТ

Алимент төлөөдөн качкандар 3 жылга чейин камакка алынышат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Прокурорлордун сот өндүрүшүнө катышуусун жана сот чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Үмүтбек Жолдубаев 29-июнда “Биринчи радиого” билдирди.

Анын айтымында, алимент төлөөчүнүн бир жылдан ашык карызы болсо, анда ал 1 жылга камакка алынат же 100 сааттан 200 саатка чейин кара жумушка тартылат. Эгер жарандын алимент боюнча карызы эки жылдан ашып кетсе, 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Мындай иш менен абакта отургандар үй камагына чыгарылбай турганын кошумчалады Жолдубаев.

Кыргызстанда алимент төлөөдөн качып жүргөн 1200дөн ашык жаран бар экени быйыл жыл башында маалымдалган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1228, 3-9-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан