Максат Асаналиев өлкөнүн башкы прокурору кызматынан бошотулуп, УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жакында анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланары, андан кийин кызматка бекитилери күтүлүүдө. Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан бери УКМКны жетектеп келе жаткан Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деп кызматынан бошотулду. Кайсы кызматка өткөнү маалымдалган жок. Ал эми башкы прокурордун милдетин аткаруу Малик Бектургановго жүктөлдү. Ал буга чейин башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеп келген.