Биз социалдык тармакта

УЛУТТУК БАНК ЖАҢЫ АЛДАМЧЫЛЫК СХЕМАСЫ ТУУРАЛУУ ЭСКЕРТТИ

Улуттук банк социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жеңилдетилген насыя алып берүү сунуштары менен байланышкан алдамчылык аракеттери көбөйгөнүн эскертти.

Маалыматка ылайык, алдамчылар ишеним жаратуу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана жалган билдирүүлөрдү колдонушууда.

Мекеме жарандарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, бейтааныш адамдарга акча которбоого жана маалыматты расмий булактар аркылуу гана текшерүүгө чакырды. Жарандар эске алууга тийиш: Улуттук банк калкка насыя бербейт, акча которууну талап кылбайт, кызматкерлеринин күбөлүгүн же башка расмий документтерди жөнөтпөйт, жеке адамдарга кызмат көрсөтпөйт.

Жарандар шылуундарга алданып калган учурда дароо банктык картаны бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылышы керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1228, 3-9-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан