Биз социалдык тармакта

ЖЫЛАҢАЙЛАК БАСУУНУН 9 ПАЙДАСЫ

Жайында жылаңайлак басуу менен ден соолукка пайда келтире алабыз. Мисалы, иммунитетибизди чыңдап, стресстерден арылып, май тамандуулуктун алдын алып, ички органдардын иштөөсүн жакшыртып. Андыктан жайкысын бут кийимсиз басууну адатка айлантыңыз. Балдарыңызды да буга көндүрүңүз!

 

Кан айланууну жакшыртат

Адамдын таманы 25 сөөк, 33 муун, 100дөн ашык тарамыш, кадам жасаган сайын бут менен жерге тие турган 200 миңден ашык нервдерден турат. Жай мезгилинде кум, топурак, кургак жер, кол жээги жана көк чөптөрдүн үстүндө басуу менен аталгандарга таасир этүү менен зор пайда табабыз. Кантип?

Жылаңайлак басуу тамандагы нервдерге оң таасир этет, согончокторго массаж болот. Дал ошол нервдер, согончоктогу көптөгөн рефлектордук чекиттер ички органдардын иштөөсүнө жооп берет. Ал эми ички органдардын иштеши жүрөк-кан тамыр жана лимфа системи, кандын айлануусу менен байланыштуу. Жыйынтыкта баарынын иштөөсү жакшырат. Кан мыкты айланса мээ керектүү деңгээлде кычкылтек менен камсыз болуп, альцгеймер жана склероз оорулары жаралбайт. Лимфа системи өз кызматын мыкты аткара баштап, эртең менен шишип калуу азаят.

Варикозго кабылуу коркунучу азаят

Жөө жүргөн адамдын шыйрактарынын булчуңдары чымыр болот. Мындай чымыр булчуңдар өзүндө жайгашкан күрөө тамырларды кысып тургандыктан, кан жогору карай түртүлөт. Бул кандын коюулануусунан, күрөө тамырга топтолуусунан жана тамырлардын капталдарынын чоюлуп кетүүсүнөн сактайт. Башкача айтканда, варикоздун жаралышына жол бербейт.

Тең салмакты мыкты сактоого көндүрөт

Биз тегиз эмес жердин үстү менен басканыбызда таманыбыз андай жерлерде басууга ыңгайлашып, нервдерде, булчуң-муундарда сезимталдык өсөт. Кадимки бут кийимдин таманы катуу болот. Жылаңайлак басуу тамандын табигый ийкемдүүлүгүн сактайт. Мындан сырткары тең салмактуулукту кармоого көмөкчү болгон булчуңдарды жана байламталарды бекемдейт. Бул жерге кулап кетүүнү азайтып, кол-буттун жана дене бөлүгүндөгү сөөктөрдүн сынуу коркунучун төмөндөтөт. Бут кийимсиз болгонго жеңил кадамдап, ылдамдыгыбыз өсөт. Айтылгандардын баары айрыкча карыларга, жаракаттан, операциядан айыгып келе жаткандарга, инсультту башынан өткөргөндөргө пайдалуу. 

Стресстен арылтат

Стресс болгон учурда адамдын канын кызыткан адреналин жана кортизол гормондору жөө сейилдөөдө, жылаңайлак басканда сарпталат. Ошондой эле мээнин иштешин жакшырткан жана маанайды көтөрүүчү эндорфиндер иштелип чыгат. Нерв тутумуна 5 мүнөттүк басуу да чоң пайда экенин америкалык окумуштуулар белгилешкен. Бирок көбүрөөк убакыт баскан жакшы.

Омуртка, муун ооруларынын алдын алат

Жөө, ошондой эле жылаңайлак басканда адамга физикалык жактан күч келет жана ал сөөктөрдүн кальцийди сиңирүүсүнө жакшы жардам берет. Буга улай сөөктөргө жармашкан булчуңдар баскан сайын чыйралып, скелеттин бекемделишин камсыздайт.

Кан басымды жөнгө салат

Аз кыймылдаган адамдын канынын көбү ич көңдөйү менен көкүрөк торчосунда айлана берет. Жылаңайлак басып жүргөндө болсо кандын көбү кол жана бутка чуркайт. Бул артериалдык басымдын төмөндөөсүнө жеткирип, гипертония жана жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун азайтат. Гипертония оорусу барлардын дартынын өнүгүшүнө тоскоол болот.

Май тамандуулукту болтурбайт

Бут кийими жок басуу буттарды эс алдырат жана буттун туура өнүгүүсүн калыбына келтирет. Жаш балдардын бут бармактарынын туура калыптанышына чоң жардам берет.

Иммунитетти бекемдейт

Дайыма бут кийим, өзгөчө жасалма материалдардан жасалганын кийүүдө бут ошол микроклиматка көнүп калат да, бут үшүп калса эле сасык тумоолоп, бырылдап баштайбыз. Бут кийимсиз басуу иммунитетти чыңдап, организмдин ооруларга каршылыгын жогорулатат. 

Арыктоого жардам берет

Бир саат басуу менен организмдеги 200-300 килокалорийди жок кылууга болот. Анчалык көп эмес, туурабы? Ал муундарга жана жүрөккө көп күч келтирбейт. Андыктан тер чылпылдаткан машыгууларга караганда жеңил болуп саналат.

Катуу жерде баспаңыз!

Катуу нерсенин үстүндө жылаңайлак басуу жакшы идея эмес. Анткени бутка күч келет. Жаракат же оору таап алууңуз мүмкүн. Өзгөчө муну жалпак тамандуулар эстерине алуулары зарыл. Таманга күч түшкөндөн анда чыңалуу жаралып, чыңалуу муундарга, омурткаларга да өтүп, аларда да ооруксунуу жаралат. Шаарда жолдор баары асфальт, тротуарлар таш төшөлмөлөрдөн. Алардын үстү менен басууну врачтар сунуштабайт. Андай жерлерде жылаңайлак сейилдөөлөрдө тамандын фасциясы (тамандын сөөгү меген буттун манжаларын бириктирген ири тарамыштын кабыкчасы) сезгенип, кичинекей жаракалар пайда боло баштайт. Албетте, оорутуу жаралат. Курулуш материалдарынан турган таштандылардын үстү менен да жылаңайлак басууга болбойт. Анда айнек, темирдин сыныктары, мыктар жана башкалар болушу мүмкүн. 

Жаныңызда ала жүрүңүз!

Жылаңайлак басканда бутту тилдирип, тикен киргизип, грибок жугузуп, курт-кумурскага чактырып алуудан абайлоо кажет. Бир нерсе болсо колдоно койгонго жаныңызга пластырь, йод, антисептикалык каражат ала жүрүңүз. Жана керек учурда дароо кие койгонго бут кийим алып алууну унутпаңыз. 

Кимдерге жылаңайлак басууга болбойт?

• Кант диабети барларга. Булардын тамандарынын сезимталдыгы жана ткандарынын кан менен жабдылышы бузулган. Жылаңайлак басуу гангренанын жана башка инфекцялардын жаралуу коркунучун жогорулатат. Кичине эле жарака оорунун татаалдашуусуна алып келет.

• Таманында жаракаты барларга. Эгер тарамыш, булчуң, муундар, сөөк же тамандын териси жабыркаган болсо, бут кийимсиз сейилдөөгө болбойт. Жаракат же жара жерге инфекция киргизип алуу мүмкүн.

• Аллергиясы барларга. Аллергиянын айрым түрлөрүндө чөптүн, кумдун, майда шагылдын үстүндө басууга болбойт. Оору татаалдашып кетет. Аллергиктер бул жаатта врач менен кеңешүүлөрү керек.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1229, 10-16-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан