Эненин мээрими, акылы, берген тарбиясы адамдын бүткүл өмүрүнө жол көрсөтүп турат. Белгилүү ырчы Съездбек Искеналиев да жашоосундагы эң кымбат адамы – апасы тууралуу жүрөк түпкүрүндөгү эскерүүлөрү менен бөлүштү. Балалыкта калган таттуу көз ирмемдер, апасынын берген тарбиясы, анын жоктугу кандай сезилери жана ага болгон сагынычы тууралуу ачык маек курдук.
“Апам сөз баккан аял эле”
– Апам 1940-жылы төрөлгөн, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынан болчу. Апамдын аты Турганбүбү, анткени ата- энесинин балдары токтобой коюптур. Таенем көп бала төрөп, бирок балдары токтобой чарчап кала бериптир. Апамды ырым кылып, төрөлгөндө адегенде бирөөлөргө берип, кайра алышкан экен. Апамдын бир эле эжеси бар болчу, аты Мейиз эле. Атасы согушка кетип кайтпай калып, эжеси, энеси менен жашап үйдөгү эркек кыла турган ишти да, аял кыла турган ишти да жасап көнгөн экен. Апам аябай даанышман, акылдуу, сөз баккан аял эле.
“Бизди боорунан чыгарбай эркелетип чоңойтту”
– Апам менен атам туугандар аркылуу таанышып, баш кошушат. Экөө тең соода менен алек болушкан, атам ЦУМда сатуучу болуп иштечү экен. Атам таанышканы келип, бир бөтөлкө суусундук, дагы бир нерсе сатып бериптир. Ал кезде кофейня сыяктуулар жок да. Атам ошол суусундуктун бошогон бөтөлкөсүн сатып өткөрүп тыйын кылып алганын апам күлүп эстеп, “атаңар ошондо эле сарамжалдуу болчу” деп калар эле. Атам эрте кайтыш болду, анда мен 12 жашта элем. Ошондуктан карындашым экөөбүздү апам күрп тооктой болуп боорунан чыгарбай, өзгөчө эркелетип чоңойтту. Мени апам 40 жашында төрөгөн, уулдардын кичүүсүмүн. Апама көп жүк түшүп калды, 13 бала төрөп, анын экөө чарчап калат. Калган 11 баланы: алты кыз, беш эркекти бутуна тургузду апам.
“Айыл эли кеңеш сураган жан эле”
– Апам кыйын аял эле, наалыганын көрбөдүм, көйгөйдү көйгөйдөй көрчү эмес. Тез эле чечип койчу. Туугандардан аял-күйөөсү урушуп кетишсе деле апама келе беришчү. Аялын өзүнчө жайкап, күйөөсү менен башкача сүйлөшүп элдештирип койчу. Өзөгү күчтүү деп коюшат го, ошондой жан эле. Үйгө конок чакырганда этти өзү эле устукандап, тартып койчу. Мага да көп үйрөттү ал ишти, бирок ары жагымдан кызыкпадым окшойт, үйрөнө албадым. Калыс болчу, кандай болсо да ачык айтчу, айылдын акыл сурачу нарктуу байбичелеринин бири эле. Макал-лакаптарды укмуш маанилетип айтчу, кичинемде ошол апам көөдөнүмө салып койгон база мага азыр да кызмат кылып келет. Көрсө, балага ата-эненин тарбиясы өмүр бою азык болот тура.
“Ырчылыгымды колдоду”
– Таң калычтуусу, апам менин ырчы болом деген оюмду аябай колдоду. Башка бир туугандарым каршы чыгышты, бирок апам “өзү каалап жатса, ырчы болот” деп өзү Бишкекке алып келип музыкалык окуу жайга киргизген. Кийин ырчы болгонумда аябай сүйүндү. “Эсимде” деген эски ырды укмуш ырдачу, кийин менин “Эсимде” деген ырым чыкканда “балам экөөбүз “Эсимдени” ырдап коёлу” деп экөөбүз ырдачу элек. Өнөр адамы болгонума аябай сүйүндү, кийин киного тартылам десем да аябай колдоду.
“Бир гана нерседен келише албадык”
– Апамдын ою менен дайыма эсептешчүмүн. Бир гана нерседен келише албай калдык. Апам жарыктык мага өзүнө жаккан кыздарды көрсөтө берчү, алар болсо мага такыр жакпайт. Апам эле “аябай жакшы кыз экен, ушуну эле алчы” деп болбойт. Аны менен апам эмес, мен жашаарымды билип турам да. Акыры “апа, ушуну мен өзүм чечейинчи” десем, таарынгансып калды. Кийин жубайым Жаркынайга үйлөндүм, апам байкап жүрүп, анан мага ыраазы болду. Анткени ырчы кыз алса, экөө гастролдоп кетсе бала-чака, үй-жайы каралбай калабы деп санааркачу экен да. “Келинчегиң жакшы чыкты, балам” деп аябай ыраазы болду. Анткени Жаркынайды чоң энеси чоңойткон да, ал кары кишилердин мүнөзүн, аларга эмне жагарын билет. Апам айылдан келгенде аябай таптап багат эле, абдан ыраазы болуп батасын берчү.
“Кээде катуу эле жазалачу”
– Апам бизди катуу да, мээрим төгүп да тарбиялады. Жазалаганда катуу эле жазалап койчу, мээрим төккөндө балкыта төкчү. Эгер атам болгондо бизди анча катуу кармабайт беле деп ойлойм, анткени ошончо баланын жоопкерчилиги өзүндө эле да. “Атаңардын атын булгап албагыла, жакшы жүргүлө” деп көп айтчу. Чыгармачылыкта толук эркиндик берди, өзү түшүнбөгөн нерсеге киришчү эмес. “Мен мунуңду билбейм, балам, жакшылап өзүң жөндөй бер” деп койчу.
“9-класска чейин коюнунда жаттым”
– Мени апам өзгөчө жакшы көрчү, бизде башкача бир байланыш бар эле. Шаарга келгенимде сагынып араң чыдап жүрдүм, анткени ушунчалык жакын элек. 9-класска чейин коюнунда уктагам, апам да мени башкача сагынган экен. Шаарга келип эжемдикине бара жатабыз, караңгы эле да. Машинеде баратып “келчи, бир кучактап, өөп алайын” деп мени бооруна катуу кысып кучактап, өөп алды. Мен уялып жатам, анткени чоңоюп калдым да (күлүп). Ошол учур көзүмө элестегенде башкача болуп кетем. Апам менин элге таанылып, атым чыкканын көрүп, аябай бактылуу болду. Шаарга келгенде менин тойдон үйгө келишимди күтүп отурчу, кирсем “кана, акчаңды берчи?” дегенде чөнтөктөн алып чыгып берем (күлүп). Апам санап туруп кайра “ме, жөн эле санап койгум келди” деп кайра берчү. Концерттеримде койкоюп биринчи катарда отурчу. Анын көзүндөгү кубанычты мен өмүр бою эстеп калдым.
“Күчтүү болчу, бирок жашоого тырмышпай койду”
– Апам 72 жашында биз менен коштошуп дүйнө салды. Бир аз ооруду, менин оюмча, апам күчтүү болчу, күрөшсө бул ооруну деле жеңмек. Бирок “балдарымдын жамандыгын көрбөй кетейин” деп эле туруп алды. Ар жылы атамдын каза болгон күнүндө айылга куран окутчу элек. Ошол жылы апам атамдын сүрөтү менен сүйлөшүп жатканын уктум. “Абышка, мен быйыл сенин жаныңа барам. Мени күт, барып калам” деп сүрөт менен кадимкидей сүйлөшүп жаткан экен. Жүрөгүм ооруп калды. Январда ошентип айтса, апрель айында каза болуп калды. Ооруп жатканда баарыбыз жанында элек, эмнегедир бир карасам апам экөөбүз эле калыптырбыз. Апам мени өзүнө чакырып алып башкача бир кучактады, көрсө, коштошкону ошол экен. Ошол кучагын эстегенде азыр да ыйлагым келет (жашып). “Эшикке чыгаргылачы” деди кыйналып жатканда. Чыгаралы десек бутунан жан кетип калыптыр, “жок, болбойт экен, мейли. Бир эшикке чыгайын дедим эле” деди. Өмүрдө көп нерсени көргөн, көптөрдүн ээгин байлап, кепиндеп тиги дүйнөгө узаткан адам эле да. Өзүнүн сапары карып баратканын билип, аны ушунчалык кайрат менен кабыл алды. Мени таң калтырган нерсе ошол болду. Адам кандай жашаса, ошондой өлөрүн билдим. Апам өзү кайраттуу жашады, өлүмдү да ошондой тосуп алды.
Нуржамал Жийдебаева