Биз социалдык тармакта

ЭҢ КӨП “ОСКАР” АЛГАН ЖЫЛДЫЗДАР КИМДЕР?

“Генерал болгусу келбеген солдат солдат эмес” дегендей, кино дүйнөсүнө тиешеси бар адамдардын баарында “Оскар” статуэткасын колуна алгысы келген кыял жашаса керек. Бүгүн ошол легендарлуу сыйлыкты эң көп алган актёр-актрисаларды тизмектеп койдук. Сиз окуп, маалымат кампаңызды кеңейтип алыңыз.

 

“Оскар”

«Metro-Goldwyn-Mayer» киностудиясынын башчысы Луис Барт Майер 1929-жылы Америка киносуна жана анын өнүгүшүнө салым кошкондорду колдоо максатында "Америка искусство жана илим киноакадемиясынын сыйлыгы" деген аталыштагы сыйлык ойлоп тапкан. Ал кыскача “Академиянын сыйлыгы” (Academy Awards) деп аталган. 1929-жылдан бери кино ишмерлерине кино индустриянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн салттуу түрдө ыйгарылып келет. Ал эми расмий түрдө “Оскар” аталышын 1939-жылы алган. Дүйнө жүзү боюнча киночуларга сыйлык тапшырган академиянын курамында 6 миңден ашуун адам бар.

РЕКОРДЧУ – УОЛТ ДИСНЕЙ

“Оскар” сыйлыгынын тарыхында абсолюттук рекордчу – дүйнөгө, өзгөчө жаш балдарга жомоктор дүйнөсүн реалдуулукка айлантып экрандаштырган мультипликатор Уолт Дисней болуп саналат. Ал баш-аягы 26 статуэткага ээ болгон. 22син кадимкидей жарышып номинациялардан утса, 4 статуэтканы ардактуу сыйлык катары алган.

4 СТАТУЭТКА – КЭТРИН ХЕПБЁРН

Актёр vs актрисалардын арасынан “Оскар” статуэткасына болгон жарышта ким алдыда десеңиз, актрисалар дейбиз. 98 жылдык “Оскар” тарыхында 4 статуэтка алган америкалык актриса Кэтрин Хепбёрнду эч ким озуп өтө элек. Голливуддун легендасына айланган Хепбёрн 4 ирет башкы “Мыкты актриса” сыйлыгын алган:

1. “Эрте келген даңк” (1934-жыл)

2. “Түшкү тамакка ким келет, тапчы?” (1968-жыл)

3. “Арстан кышында” (1969-жыл)

4. “Алтын көлмөдө” (1982-жыл)

3 СТАТУЭТКА – 3 АКТРИСА

Мерил Стрип – Америка киносундагы залкар деген элдик наамга татыган актрисалардын бири – Мэрил Стрип. 77ге чыккан актриса учурда да сынынан кете элек, кинодо активдүү эмгектенип келет. Ал Кэтрин Хепбёрндон 1 статуэткага артта келе жатат, балким, келечекте аны менен катарлаш же озуп да кетер. Бирок ал дагы редордчу деп саналат, номинацияларга ат салышуу боюнча. Мэрил айым 21 ирет номинацияга коюлганы боюнча бардык актрисалардан жогору турат. 2 ирет “Мыкты актриса”, 1 ирет “2-пландагы мыкты актриса” номинацияларында жеңишке жеткен.

1. “Крамер Крамерге каршы” (1979-жыл) – “2-пландагы мыкты актриса”

2. “Софинин тандоосу”  (1982-жыл) – “Мыкты актриса”

3. “Темир айым” (2011-жыл) – “Мыкты актриса”

Ингрид Бергман – 3 “Оскар” статуэткасы менен мактана алгандардын катарында швед актрисасы Ингрид Бергман да бар. Европалык жана америкалык кино искусствосуна салым кошкон актриса убагында “америкалык назик айымдардын иконасы” аталган. Аны идеал туткан күйөрмандары көп болгон экен. Кайсы тасмалардагы ролу “Оскар” алып келген?

1. “Газ өңү” (1944-жыл) – “Мыкты актриса”

2. “Анастасия” (1956-жыл) – “Мыкты актриса”

3. “Чыгыш экспрессиндеги киши өлтүрүү” (1974-жыл) – “2-пландагы мыкты актриса”

Фрэнсис Луиза Макдорманд – театрдын да, кинонун да, телевидениенин да актрисасы. 3 ирет “Оскар” алган, баарында “Мыкты актриса” номинациясында.

1. “Фарго” (1996-жыл)

2. “Миссури штатындагы Эббинг шаарынын четиндеги үч билборд” (2017-жыл)

3. “Көчмөндөр жери” (2020-жыл)

3 СТАТУЭТКА – 3 АКТЁР

“Оскардын” 3 статуэткасы менен 3 актёр алдыңкы сапта турат. Анда тизмектейли:

Жек Николсон – америкалык актёр, режиссёр, продюсер, сценарист, айтор көп таланттын ээси. 89 жашка чыккан Жек мырзанын куржунунда “Оскарга” 12 номинация бар, бул актёрлордун арасында рекорддук көрсөткүч. Жеңишке алып келген 3 статуэтка төмөндөгү эмгектери үчүн берилген:

1. “Күкүктүн уясынан учуп өтүү” (1976-жыл) – “Мыкты актёр”

2. “Назиктик тили” (1984-жыл) – “2-пландагы мыкты актёр”

3. “Мындан жакшы болбойт” (1998-жыл) – “Мыкты актёр”

Уолтер Бреннан – 1950-жылдарга чейин активдүү иштеген актёр. Эң алгачкылардан болуп “Оскардын” статуэткаларын алган, үчөө тең “2-пландагы мыкты актёр” номинацияларында.

1. “Кел да, ээле” (1936-жыл)

2. “Кентукки” (1938-жыл)

3. “Батыштан келген адам” (1940-жыл)

Дэниел Дэй-Льюис – актёрлордун арасынан 3 ирет “Мыкты актёр” номинациясында жеңишке жеткен жалгыз актёр. Кайсы тасмалардагы ролдору үчүн:

1. “Менин сол бутум” (1989-жыл)

2. “Нефть” (2007-жыл)

3. “Линкольн” (2012-жыл)

 

11 СТАТУЭТКА – 3 ТАСМА

“Оскардын” рекордчуларынын тизмесинде катарынан 3 тасма лидерликте турат. Үчөө тең 11 статуэткага ээ болгондор:

1. “Бен Гур” (1959-жыл)

2. “Титаник” (1997-жыл)

3. “Шакектер шаасы: Падышанын кайтуусу” (2003-жыл)

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1229, 10-16-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан