Биз социалдык тармакта

АТАКТУУ ҮЙ-БҮЛӨНҮН ҮЙҮ ТАЛАШКА ТҮШТҮ. Адилет чечим чыгабы? 

Кыргызстанга белгилүү чыгармачыл үй-бүлөнүн башына сыноо түшүп, окуя коомчулукта талкуу жаратты. Куудул Кабыл Бөрүбаевдин үйү, тагыраагы, үй жайгашкан жер талашка түштү. Чырдын башы эмнеден келип чыкты? Талашты чечүүгө кандай аракеттер көрүлүп жатат? Аталган үйдө өскөн ырчы Кызсайкал Кабылованы кепке тарттык.

– Саламатсызбы, Кызсайкал? Сиздердин үйгө байланышкан чыр көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Бул окуя кандайча башталган?

– Саламатчылык. Окуяны айтып чыгуудан башка аргабыз калбай калганда коомдук талкууга койдук. Атам бул үйдү тээ 1990-жылдары эле сатып алат. Оштогу үйдү сатып, бул үйдү алган экен. Үйдү эже-сиңдинин бири сатат бизге. Бирок үй эжесиники болгон экен, ал сиңдисине бериптир. Атамдар ошол сиңдисинен сатып алышат. Үй бирок эжесинин атында болгон. Үйдү өзүбүзгө каттатып алалы десек, ээси көп жылдар бою Орусияда жүргөн. Бул талаш боюнча 2017-жылдан бери соттошуп келе жатабыз. Аягында эл билсин дедик, анткени биз эки бир туугандын чечилбеген маселеси үчүн жок жерден жабыркап жатабыз. Бизге саткан аялдын эжеси “мен сенин үйүңдү буздурбайм, Кабыл. Үйдү сага кийин өткөрүп, кол коюп берем” деп создуктуруп келген. Бирок берген сөзүнөн танып, үйдү талашып бизди 2021-жылы сотко берди. Ушундай да адамдар болот экен.

– Ал аял менен бетме-бет отуруп сүйлөшүү мүмкүн болгон жокпу?

– Эжеси менен сүйлөшүп эле жаттык. “Силерге каттатып берем” деп тил эмизип жүрүп эле ушундай окуя болду да. Эже-сиңди өздөрү бири-бири менен соттошуп, сиңдиси эжесин пробациялык шартта соттотту. Булардын бири-бири менен болгон чыры үчүн биз курмандык болуп жатпайбызбы. Мына эми кол коюп беребиз деп эле алдап ушуга чейин келдик.

– Документ боюнча караганда бул жердин ээси башка киши экен. Жолун таап, өз убагында мыйзамдаштырып алсаңыздар болмок экен?

– Бул үй Союз ыдырап, өлкөдө хаос болуп турган учурда алынган да. Ал кезде ишеним каттын негизинде эле алып-сатуулар жүрчү экен. Азыр гана эл билимдүү болуп калды, эгерде үйдүн документинде мандем бар болсо, сатып алышпайт. Ал эми биздики көп жыл мурунку окуя болуп жатпайбы.

– Учурда укуктук жактан бул иш кайсы этапта? Мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болот?

– Мыйзам жолунда аябай эле жол тапканга аракет кылдык. Атам байкуш жактоочуларын алып, бир да сотун калтырбай катышып жүрдү. Адатта, ишти адвокаттарга тапшырып коюп жүрө беришет го, бирок атам анткен жок. Ар бир сот жыйынына барып жатты. Биз, балдары буга чейин такыр кийлигишкен эмеспиз. Атам өзү эле мына бүтөт, ана бүтөт болуп жүрдү эле. Карасак, тиги аялдын балдары да кийлигишип жүрүшөт, эмнеге биз четте карап турушубуз керек? Акыры атамды көндүрүп ушул кадамга бардык. Ушуга чейин атамды алдап эле создуктура беришиптир.

30 жыл жашаган үйүңүздөрдүн талашка түшүшү моралдык жактан да катуу сокку болду болуш керек?

– Мага аябай эле оор болду, кечээ титиреп-калтырап, өзүмдү токтото албай калдым (жашып). Биз алганда бир бөлмөлүү времянка менен алганбыз. Эми заңгыратып үй салгандан кийин талашып жатышат. Мен ушул үйдө төрөлүп, өскөм. Үйдү ата-энем, биз бир тыйындан чогултуп салганбыз. Эстеген сайын жаман болуп жатам, азыр апам да оор акыбалда. Кечээ биз ошолор менен жүргөндө апам катуу ооруган экен. Оор абалын билбепмин, ооруканага алып бардык. Кечээги видеолордо тараган сөздүн төркүнү ушул жерден чыккан. “Эгерде менин ата-энем ушул маселенин аркасынан бир нерсе болсо, мен силерди өлтүрөм” дегенге аргасыз болдум. Жаным күйүп кетти (ыйлап). Үй-бүлөбүздөн кимисине чуркаарымды билбей эки ортодо турам. Анткени агам Мажиттин дагы кан басымы жогору башынан эле. Жеңем менен апам оор абалда, анткени аялзаты сыноону баары бир эмоция менен кабыл алат экен. Мен өзүмдү колго алып, өзүмө “күчтүүмүн” деп кайра-кайра айтып, кайраттуу турганга аракет кылып жатам. Эгерде мен шалдырай түшсөм үй-бүлөмдө эмне болот, билбейм. Атам, Мажит, мен бекем турабыз.

– Алардын талабы эмне болуп жатат?

– Алардын талабы – чоң суммадагы акча болуп жатат. Башкача айтканда, өзүбүз мээнет менен салган үйүбүздү кайра 100 миң доллар берип сатып алгыла деп жатышат. Башында 15 миң доллар сурашкан, андан кийин 35, анан 50 болуп, акыры ушул 100 миң доллар деген суммага келишти.

– Ушундай учурда сиздерге эң чоң колдоону ким көрсөтүүдө?

– Эң чоң колдоону эл көрсөтөт экен мындай учурда. Өз жардамын сунуштап, жакшы сөз айтып, телефон чалып ал-абал сурагандар толтура. Элден мындай колдоону күткөн эмесмин, аябай ыраазы болуп жатам. Болгону азыр маселени чечүү керек.

– Бул талаштын адилет чечилерине ишенесизби?

– Ооба, адилеттик болоруна жүз пайыз ишенүүгө аракет кылып жатам. Биздей болуп бирөөлөрдүн айынан курмандык болуп калгандан абайлаш керек экен. Иш жакшы жагына чечилсе экен деп тилеп турам. Жашоодо мындай адамдар менен бет келиштирбесин, эч ким курмандык болбосун дейт элем. Силердин да колдооңуздарга рахмат!

 

Соңку сөз...                                        

 Бул окуядагы экинчи тарап менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Гезит бетинен алардын пикирине да орун берүүгө даяр экенибизди билдиребиз. Ал эми үйдү Кабыл Бөрүбаевге саткан аял журналисттерге “үйдү сатып, акчасын алганым ырас. Эгер укук менде болсо, үйдү буларга эбак эле каттатып бермекмин” деп билдирди. Бул талаш маселеге чекитти укук коргоо жана сот органдары коёт, адилеттик жеңет деген ишеничтебиз. 

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1229, 10-16-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан