Жаш ырчы, алып баруучу Жазгүл Салидинова менен тааныштырабыз, окурман. Жакында ырчы катары алгачкы жеке чыгармасын элге сунганы жатыптыр. “Жасаган жумушум өзүмө абдан жагат” дейт маектешим.
– Салам, Жазгүл! Өзүңүздү кыскача сүрөттөп берсеңиз...
– Изденүүдөн тажабаган, жоопкерчиликтүү жана аракетчил адаммын. 2000-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөм. Шайырмын, кээде тентекмин (күлүп). Жашоонун ар бир көз ирмеминен жаңы нерсе үйрөнүп, дүйнөнү тереңирээк таанып-билүүгө аракет кылам. Ар бир күндү өсүүгө берилген мүмкүнчүлүк деп билем.
– Эмнени кыялданчусуз? Алар орундалып жатабы?
— Бала кезден дүйнө кыдыргым келчү. Барбаган өлкөм, көрбөгөн жерим, тааныбаган маданиятым калбаса деп кыялданчумун. Ошол тилегим кесибимдин аркасында акырындык менен ишке ашып жатат. Көпчүлүк балдардай эле ар кандай кесиптин ээси болгум келчү. Ал эми жогорку класстарда окуп жүргөндө юрист болгум келчү.
– Юристтикке кызыгып жүрүп, анан кантип ырчы болууну чечип калдыңыз?
– Ырчы болууну бой жетип, акыл калчап калгандан кийин чечтим. Эл алдында эң алгач мектепти бүтүрүү кечесинде ырдагам. Ошол күн азыркыга чейин эсимде.
– Ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Окурмандар ата-энеңиздин да чыгармачыл адамдар экенин билишпесе керек...
– Атам Нурлан Салидинов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру. Апам Алтынай Кыдыршаева аталган театрда режиссёрдун ассистенти болуп эмгектенет. Кесиби боюнча актриса.
Төрт бир туугандын экинчисимин. Мурда эң кичүү сиңдим менен инимди эрке деп ойлочумун. Азыр ойлоп көрсөм, төртөөбүз тең ата-энебиздин эркесибиз. Албетте, улуусу улуудай, кичүүсү кичүүдөй. Ата-энебиз ар бирибиздин өз кесибибизди тандап, өз жолубузду табышыбыз үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришкен.
Байкем Азат Салидинов күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, Кыргызстандын чемпиону жана Азия чемпиондугунун бир нече жолку күмүш медалынын ээси. Иним Тахир юридика багытында билим алып жатат. Сиңдим Акылай Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенти. Келечекте маданиятыбызга салым кошкон мыкты ырчы болот деп ишенебиз.
– Жогорку билимди кайсы окуу жайдан алдыңыз?
– Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин эстрадалык вокал бөлүмүн аяктадым. Университет абдан чоң мектеп болду мага. Күчтүү мугалимдерден сабак алдым. Анарбек Ибраев, Рыспек Жумакунов, Карагүл Тиленчиев, Гөкхан Усал сыяктуу мыкты инсандардан билим алдым. Эл аралык университетте окуп, башка улуттагы адамдар менен билим жана маданият алмашуу жетишкендик. Азыркы күнгө чейин алар менен жакшы байланыштабыз. Кесибиме байланыштуу кандай маселе жаралбасын, ар дайым кеңешин айтып, колдоп турушат.
– Учурда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эмгектенип жатасыз. Бул жакка кантип жумушка кирип калдыңыз?
– 2022-жылы жаңы солисттерге жарыяланган кастингге катышып, 2023-жылдын февралынан тарта солист жана алып баруучу болуп иштей баштадым. Бул жерде алып баруучулук талантым дагы ачылды. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик деңгээлдеги көптөгөн иш-чараларды алып бардым. Бул тармак мага абдан жагат жана дагы өскүм келет.
– Түрк тилинде дагы кечелерди алып барып каласыз. Канча тилде эркин сүйлөйсүз?
– Кыргыз, орус жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйм. Алгачкы эл аралык иш-чарамды түрк тилинде алып баргам. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык болгон.
– Мюзиклдерде роль жаратып жүрөсүз. Сахнада образга кирүү жөн гана ырдаганга караганда оорбу?
– Азырынча башкы ролду аткара элекмин. Бирок бардык мюзиклдерге катыштым. Даярдык процесси мага абдан жагат. Кайсы кызмат болбосун ырчыбы, алып баруучубу же сахнадагы каарман катарыбы, чоң жоопкерчилик менен мамиле кылам.
– Кайсы каармандын образын жаратууну кыялданасыз?
– Белгилүү бир образ тууралуу ойлонгон эмесмин. Көбүнчө кандай ыр аткарам, кандай концерт алып барам, кандай чыгармачылык долбоорлорго катышам деп кыялданам. Бирок мага ишенип тапшырылган ар кандай ролду аткарууга даярмын.
– Жалгыз калганда көбүнчө эмнелер жөнүндө ойлоносуз?
– Келечегим, максаттарым жана өзүмдүн эң мыкты кыялыма кантип жетем деген ойлор менен жашайм.
– Шоу-бизнес дүйнөсүндө сизди таң калтырган нерсе эмне болду?
– Маданияттагы жана шоу-бизнес дүйнөсүндөгү айымдардын күчтүүлүгү. Алар үй-бүлөнү да, чыгармачылыкты да чогуу, ийгиликтүү алып кетишет. Мага да дем берет.
– Элдин көзүндөгү адам болуу жашооңузду өзгөрттүбү?
– Чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгондуктан бул чөйрө мага жат эмес. Болгону азыр өз жолум менен бара жатам.
– Жүрөгүңүздү багындырчу жигит кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Жоопкерчиликтүү, эмгекчил, ишин сүйгөн, үй-бүлөсүн жана ата-энесин сыйлаган адам болсо дейм.
– Жаңы ырларды жаратууга аракет кылып жатасызбы?
– Азырынча элдик ырларды жаңыча аткарып жүрөм. Буюрса, күзүндө досум Калыс Айтбаевдин мага атайын жазып берген жаңы ырын элге сунуштайм. Бул менин чыгармачылыктагы алгачкы жеке чыгармам болот.
– Өзүңүзгө жаккан кандай адаттарыңыз бар?
– Жөө сейилдеп, спорт менен машыгам. Ден соолукка кам көрүү ар бир адам үчүн негизги адат болушу керек деп эсептейм.
– Коомдогу кайсы көрүнүш сизди ойлондурат?
– Интернет аркылуу жардам сураган оорулуу наристелердин көбөйүшү жүрөк оорутат. Аларга колумдан келишинче жардам бергим келет.
– Башкалар сизге эң көп кандай суроо беришет?
– “Жаңы ырыңыз качан чыгат?”, “Качан турмушка чыгасыз?” жана “Канча жаштасыз?”деген суроолор эң көп берилет.
– Азыркы таптагы эң чоң тилегиңиз?
– Өзүм кыялдангандай үй-бүлө куруп, чыгармачылыктагы бардык максаттарыма жетүү.
– Маек соңунда күйөрмандарыңызга айтар сөзүңүз?
– Мени жана жалпы жаш таланттарды колдогон ар бир адамга терең ыраазычылык билдирем. Азырынча кеңири тааныла элек болсом да, чын жүрөктөн колдогон адамдар бар. Өлкөбүз өнүгүп, маданиятыбыз дүйнөгө таанылсын.
Мээрим Дербишалыева