Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты: «КЭЭДЕ ТҮШТӨНҮҮГӨ АКЧАМ БОЛБОЙ КАЛАТ»

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин курамында үч-төрт ирет депутат болгондордун арасында алгачкы жолу эл өкүлү болуп отурган жаш депутаттар да бар. Биздин кезектеги каарманыбыз элге курч сөздөрү менен эми тааныла баштаганына карабастан, бирок өзү мектеп курагынан эле “парламентте” жүргөнүн айтып кеп салат.

ТААНЫШЫП КОЮҢУЗ
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич, ЖКнын депутаты, “Ата Мекен” фракциясы.
1984-жылы 20-январда Кара-Кулжа районунда төрөлгөн.
Билими жогорку, кесиби боюнча англис тили мугалими.
Үй-бүлөлүү. Келинчегинин аты – Айсалкын. Банктын кызматкери.

«СТУДЕНТТИК КЕЗИМДЕ МИТИНГЧИ АТЫГЫП...»
– Бактыбек мырза, жаш адам чоң кызматка келип калса, көбү “атасынын кадыры же байлыгы менен келди” деп түшүнөт. Сөз башында үй-бүлөңүзгө токтолуп кетсеңиз...
– Менин атам айдоочу болуп иштесе, апам башталгыч класстын мугалими болгон. Кыргызстанда миңдеп саналган карапайым үй-бүлөнүн бирибиз. 4 бир туугандын улуусумун. Бир карындашым турмушка чыккан, ал эми экинчи карындашым – үй-бүлөбүздүн “президенти”. Ал бизди багып, кийимибизди жана ичкен-жегенибизди камсыздап турат. Бул карындашым көптөгөн мекендештерибиздин катарында Москвада иштеп жүрөт. Кичүү иним да Москвада эле, бирок келинчегим экөөбүз Оштон Бишкекке көчүп келгендиктен, ата-энеме каралашуу үчүн кайтып келди.
– Балалыгыңыз кайда өткөн?
– Кара-Кулжа районунда төрөлүп, чоң ата-чоң энемдин колунда тарбиялангам. Эсимде, кичинемде балдар менен чогуу ойноп жүргөндө, алардын сонун оюнчук машиналары бар болчу. Балким, ошондо жетишсиз турмушта жашаган чыгарбыз, мен сайдан таап алган көк ташты машина дечүмүн. Аларга “менин машинам сынбайт” деп мактанар элем. Бир күнү атамдын ыраматылык иниси мага пульту бар кызыл түстөгү оюнчук машина алып келди. Бирок менин бутум сынып, гипсте болчу. Ага карабастан, дубалга сүйөнүп ойноп жүрүп, бутумду кайра чыгарып алдым.
Ал эми мектеп курагымда атамдын жумушуна байланыштуу ар жерде окууга туура келген. Ортодо Кадамжай районундагы Кыргыз-Түрк лицейине тапшырып, бирок 9-класста атамдын сунушу менен бул окууну таштоого мажбур болдум. Анткени атам “оңой оокат менен жеңил жашоого көнүп каласың” деди. Чынында, бул лицейде окуп жүргөндө тамак-ашың даяр, эртели-кеч бир гана окуу менен алек болчусуң.
– Жаштыгыңызга карабастан, кантип саясий чөйрөгө аралашып калдыңыз?
– Кадамжай районундагы мектепте окуп жүргөнүмдө, бир күнү окуучулар өз ара парламент түзмөй болуп калышты. Депутат болуу үчүн бир канча талапкерлер ат салышып, 13 окуучу өкүл болуп шайландык. Мен анда 9-класста окучумун. Ошентип, Билим Республикасынын Парламентинин спикери болуп, мектепти аяктагыча ушул милдетимди аткарып жүрдүм.
Университетке келгенимде да коомдук иштерге аралашып туруу адатыма айланган үчүнбү, студенттер менен түрдүү бирикмелерди иштеттик. Бул аралыкта мен билим алган ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы ректор тарабынан дайындаларын угуп, анын туура эмес экендигин далилдөөгө аракет жасадык. Бул комитет студенттер менен иш алып баруучу болгондуктан, анын төрагасы дайындалбай, шайлоо жолу менен ишке ашышы шарт деп эсептедик. Университеттин жетекчилиги менен жакшы келише албай койгондуктан, бир жарым миң студентти алып келип, 4 сааттай митинг уюштурдук. Ошондон кийин гана бизге шайлоо жолуна уруксат беришти. Ошентип, өзүбүздүн шайлообуз башталып, жыйынтыгында 7 миңден ашуун студенттин колдоосу менен комитеттин төрагасы болуп калдым.
Балким, ушунун баары мени чоң саясатка түрткөндүр. 2005-жылы эңсеп жүргөн максатымды “Ата Мекен” партиясынын программасынан таап, ага мүчө болуп киргем. 2007-жылы партиянын жаштар канатын жетектесем, 2008-жылдан тарта Ош облустук уюмдун төрагасы болуп калдым.

«САЯСАТКА АРАЛАШКАНЫМ АТА-ЭНЕМДИ КЫЙНАДЫ»
– Бир жыл мурун карапайым оппозицияда элеңиз, депутат болгонго чейинки тоскоолдуктарга туруштук берүү оор болдубу?
– Ооба. Өзүмдөн мурун мага тийчү көп соккулар ата-энеме өтүп кетти. Экөө тең жумушсуз калып, саясатка аралашканым алардын ден соолугуна зыянын тийгизбей койгон жок. Бирок азыр атам мени менен сыймыктанат. Анткени жети атамдан бери бизден эч ким саясатка аралашкан эмес. Ошондуктан “бизден дагы ушундай балдар чыгат экен, ээ?” деп таң калган туугандарыбыз бар. Оппозицияда жүргөндө дээрлик досторум жок болчу, эң жакын «адамым» телевизор болгон күндөр да өткөн.
– Атаңыз сиз үчүн жалгыз кеңешчи жана жол көрсөтүүчү адам экен да...
– Албетте. Шайлоодо жүргөндө “мунун атасы айдоочу, бул деле айдоочу болот” деген кептерди укканда, кабыргам кайышып кетти. Бирок бизге ишенген шайлоочуларыбыз бар экен. Бүгүн “алма дарагынан алыс түшүп, айдоочунун баласы да эл өкүлү боло алат” дегенди далилдедик. Депутаттык төш белгини алып жатканда, бир кездеги көк ташты ойноп жүрүп, пульту бар машиналуу болгон сүйүнүчтөй эле бактылуу сезимдерге бөлөндүм.
– Депутат болгонуңуздан кийин эмне өзгөрдү? Мындайда дос-тааныштар көбөйчү эле.
– Биринчиден, мамлекетке болгон жеке жарандык көз карашым башка нукка бурулду. 2005-жылкы ыңкылапты айтпай эле коёлу, былтыркы жылдын апрелиндеги максаттар орто жолдо калды. 2010-жылдын революциясы ага чейинкиге салыштырмалуу багытын эрте жоготуп, максатына жеткен жок деп эсептейм. Эки революция жыйынтыгынын айырмасы анын «жынысында» гана болуп калды. Биринчисинде эркек башчы келсе, андан кийин аял болду. Азыр ушулардын баарын көзүм менен көрүп туруп, чечиле турган маселелерден дагы үмүтүмдү үзүп койдум. Анткени биздин бүгүнкү абалыбыз Ак үй менен Жогорку Кеңештен толугу менен көз каранды экенин билдим.
Өзүмө байланыштуу өзгөчө урмат-сый көрсөткөн адамдардан тажадым. Бул таазим эмес, кошоматчылык. Мурун карап туруп учурашпагандар, азыр ошол адамдар алыстан чуркап келишет. Мага бул өөн учурады.

«МУШТУМГА ӨТҮП КЕТИШИМ МҮМКҮН»
Жыйындарда курч сүйлө­гө­нү­ңүз менен айырмаланып турасыз. Кесиптештер менен пикир келишпестиктер көп болобу?
– Эл ошондой курч талапты койсо, мен алардын тапшырмасын аткарууга милдеттүүмүн. Берилген убадаларды аткаруу үчүн катуу сөз айтуудан тартынбайм. Мүнөзүм боюнча айтсам, көп ачууланбайм. Болушунча кулак сыртынан кетирип, көз жаздымда калтырууга аракет жасайм. Бирок жыйында мамлекет үчүн маанилүү иштер каралып жатып, туура эмес сөздөр болуп кетсе, бир секунд дагы токтоно албай калам. Анткени бир нерсени айтсаң “ыы” дешет, эртең дагы “ыы” деп коюшат. Мунун айынан көзүм “мозоль” боло баштады. Анан залдан туруп кыйкырууга туура келип, мейли жакалашканга чейин жетсем да, туура жолду айтып тура берем. Сөздөн муштумга өтүп кетишим да мүмкүн.
– Маянаңыз үй-бүлөңүзгө кеңири жетсе керек...
– Эл “депутат болсо эле май көл-сүт көлдө жашайт” деп ойлойт экен. Бирок өкмөт эл өкүлдөргө 18 миң сом айлык берет, салыктан тышкары колго 14,5 миң сом тиет. Парламенттин ичинде түрдүү майда-чүйдөлөргө кармалып отуруп, колума 6-7 миң сом алам. Оштон келгеним үчүн кызматтык үй беришти, бирок анын коммуналдык төлөмдөрү эле 2 миң сом болуп кетет. Жыйынтыгында күнүмдүк жашоого 2 миң сомдой калат. Биздей карапайым үй-бүлөдөн келген жана кошумча каражат булагы жок депутаттар көп. Жашырганда эмне, кээде каражаттын жетишсиздигинен түштөнбөй калган учурлар да болуп турат.
– “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин курагына келгенде өзүңүздү кандай кызматта болуп калам деп элестетесиз?
– Мен үчүн кайсы бир кызматта отуруу эмес, аны канчалык деңгээлде аткара билүүм маанилүү. Эгерде партиялаштар бир айыл өкмөттүн жетекчилигин берип, ошол жакта иште десе, бүгүн деле кете берүүгө даярмын. Адамдын тарыхында өз ишин кандай аткарганы тууралуу жазылса деп ойлойм. Ал эми жөн гана “депутат же президент болду” деген жазуулар – куру сөз.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бейне - Б.Калмаматов, ЖКнын депутаты, "Ата-Мекен" фракциясы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
milli
2011-03-19 16:16:45
kiygen kiyimibizdi, ichken tamak-ashty taap berip jatkan kishi - karyndashym moskvada ishtep akcha taap jurot degeni jakkan jok, uy-buloodo uluusu bolup,tem bolee erkek bolgondon kiyin naoborot karyndashyna ozu jardam berip, okutup-chokutup jardam berip bagyshy kerek ele da.
0
aliar
2011-03-19 17:46:55
азамат кыргыздын ушундай жигитери кобуроок болсо онолмокпуз
0
Almaz Esenov
2011-03-19 18:37:19
Азамат экен. Колдойм. Мына, максатка жетем деген коп жаштарга мисал.
0
zana
2011-03-20 21:23:08
Chyndygynda jany keliptir dagy korobuz 3-4jyl otkondon kijin.Omurbek Babanov dele uschundai bolup suilop atkan jany deputat bolgondo, azyr al baikebizke soz jok bolup kaldy.
0
jua
2011-03-20 23:33:05
оптимист эмес пессимист экен айтып бергендерине караганда ан сезими ото низкий экен
0
Ilays
2011-03-22 00:43:10
беш бештен түштөнөнүш үчүн чогултуп берелиби. Карапайым депутат экен. Же жегенди үйрөнө элек же прибеднятся тетип жатат
0
solnyshko
2011-03-23 18:18:50
Ишинизге чон-чон ийгиликтерди каалайм.Кыргызымда сизге окшогон эр жигиттер кобойо берсин
0
talant
2011-03-24 21:49:33
Azamat !! Eldin kamyn oilogon Azamat !! Deputat degen ushundai bolush kerek !!Omurung uzun bolsun !Koz tiybesen!
0
Zalina
2011-03-24 21:49:37
мммм, бул акем шайлоо учурунда суйлогон создорду деле бул жерде деле суйлой бериптирго, бирок ошондо мага жаккан эмес болчу бул депутатыбыз,бул акебизге жакшыы жазуучу керек создорун жанылап турганга, баары алдыда, ийгилик демекчимин!
0
armi
2011-03-25 00:54:29
opko eken
0
Tendik
2011-03-25 20:16:54
айткандары чын болсо, анда азамат эигит экен. Иш жузундо да коруп калаарбыз..
0
Tendik
2011-03-25 20:21:41
ал карындашына жардам бербейм деген жок, жон эле болгон нерсени, (андай россияда иштеген кыздар агасын эле эмес, атасын, куйоосун баккандар бар) эч болбосо бекер жургон жок экен. Агасы болсо берет, эгерде карындашында болсочу? албай кое аласынарбы?
0
Tendik
2011-03-25 20:26:11
эмне үчүн суроо берген адам экрандан көрүнбөйт жана берген суроолорду автоответчик сыяктуу эле айтат????
0
№ 437, 18-24-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан