Биз социалдык тармакта

ЫСЫК-СУУКТА “ОЙГОНГОН” УЧУК ДАРТЫ

Учурда жайкы каникул жана эмгек өргүү мезгили болгондуктан көпчүлүк эл эс алуу үчүн табият коюнуна чыгышат, сууга түшүшөт. Бирок муздак сууга түшкөндө кээде мурун, ооз тегерегине учук чыгып кетет. Учук чыкпашы үчүн эмнелерди эске алуу керек? 

 

Ооруну шар түрүндөгү вирустар козгойт       

Кыргыздар “учук” деп атачу дарт расмий медицинада “герпес” деп аталат. “Герпес” байыркы грек тилинде “герпейн” – “сойлогуч” дегенди билдирет. Учук – жер шарында эң көп кезигүүчү жугуштуу оору түрү, дүйнөнүн 90 пайызга жакын адамы алып жүрөт. Учукту шар формасындагы “герпесвирустар” деп аталган вирустар козгошот. Ичинде капсула менен капталган генетикалык материалы – ДНКсы болот. Сыртынан тикендей майда учтары бар кабыкча менен капталган. Вирус организмге кирген соң учукту жараткандан кийин жоголуп кетпейт. Омуртканын нерв түйүндөрүндө бекинип, уйку абалында узакка жашай берет. Качан иммунитет төмөндөгөн кезде, адам суукка урунганда, шамалдап же ысыкта калганда оозго ичинде суюкча толгон ыйлаакча түрүндө чыга калат. Анан кычыштырат, ыйлаакча жарылат, орду жарага айланат. 

Кызыктуу

• Оорунун белгилери тууралуу алгач римдик врач Геродот биздин доорго чейинки 5-кылымда сүрөттөп жазган.

• Герпеске каршы күрөшүү акциясын биринчи жолу мындан 2 миң жыл мурун Рим императору Тиберий уюштурган. Ал сенаторлорго сенатта бири-бири менен өбүшүүгө тыюу салган.

• 1912-жылы немис окумуштуулары Грютер менен Левенштейн алгач ирет учук тууралуу кенен маалымат жарыялашкан.

Герпесвирустун 2 түрү учукту жаратат

Герпесвирустардын 90дой түрү бар. Бирок оору чакыруучу 8 түрү көп кездешет. Булардын ичинен 2 түрү гана оозго, жыныстык органдарга чыкчу учукту пайда кылат. 

Биринчи түрү – эринге, ооздун тегерегине чыгат. Көп чыккан кезде көздү чылпактатып, конъюнктивит оорусун кошо жаратышы мүмкүн. Эгер адамдын иммунитети өтө төмөндөп, башка өнөкөт оорулары да болсо, аларга кошулуп учук чыгып алса, анда нерв системин кошо жабыркатышы ыктымал.

Экинчи түрү – бул жыныстык сырткы органдарга чыгып, анда жараларды пайда кылат.

Кайсы учурда чыгат?

Учуктун чыгышын төмөнкүлөр шарттайт:

• Суукка, суук шамалга урунуу, муздак сууга түшүү

• Катуу ысыкта калуу

• Катуу стресс

• Адамдын жугуштуу ооруга чалдыгып (сасык тумоо, ангина жана башка) дене табынын көтөрүлүшү

• Күндүн зыяндуу нурлары астында узакка жүрүү

• Эрин жана көздүн айланасында чийик, тытылуулардын болуусу. Мындай жерлерден вирус оңой кирип кетет

Жугуу жолдору

Учукту вирустар козгой тургандыктан алар оорулуу адамдан дени сактарга төмөнкүчө жугат:

• Шилекей аркылуу. Учук чыккан адам менен өбүшүүдөн, анын чала жуулган идишин, сүлгүсүн, помадасын колдонгондон жугат.

• Эринге чыккан учукту кармаган кол менен көздү сүрткөндө вирус көзгө да жугат.

• Жыныстык органдарга чыккандары интимдик байланыштан улам жугат.

Белгилери

• Ичинде суюктук толгон ыйлаакчанын пайда болушу, кычыштырып-ачыштыруусу.

• Айрымдарда чыйрыгып калтырап-титирөө, өзүн жакшы сезбөө күтүлөт.

• Вирус көбөйүп кетсе, ички бездер чоңоёт.

• Аялдардын сырткы жыныстык органдарына чыкса жыныс кынын, жатынды кошо сезгентиши мүмкүн.

• Айрым адамдардын суу чечек менен ооругандан кийин денесине (көбүнчө көкүрөк бөлүккө) учук чыгышы ыктымал.

Тукумсуздукка чейин жеткирет

Жөнөкөй учук адамды көп деле жабыр тарттырбайт. Ал эми жыныстык жактан жугуучу учуктун зыяндуу жактары көп.

 

Алар:

• Тукумсуздук. Анткени вирус эркектердин сперматозоиддеринин башы менен аялдардын жумуртка клеткаларын жабыркатат.

• Көздү жабыркатып, ооруларды жаратышы мүмкүн.

• Куяң. Анткени вирустар омуртканын нерв түйүндөрүндө бекинип жашагандыктан учук чыккан кезде өзү турган жерди сезгендириши ыктымал. Өзгөчө кимде куяң оорусу болсо жана муздак сууга түшсө.

• Нерв системине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кайсы дарылар жардам берет? 

Вирусту биротоло өлтүрүүчү дары-дармектер колдонууда жок. Болгону, вирустун көбөйүп, активдүү болуп кетишин жана ооруну басуучу дары-дармектер бар.

• Ацикловир (Зовиракс). Таблетка, мазь, гель жана ампула түрүндө.

• Валацикловир (Валтрекс). Батышта дал ушул таблетка кеңири колдонулат.

• Фамцикловир (Фамвир). Таблетка түрүндө.

• Тромантадин (Виру-Мерц Серол). Гель түрүндө.

 

Эскертүү! Аталган дарыларды колдонуудан мурун врач менен кеңешүү керек. Өзгөчө кош бойлуу, бала эмизген аялдар, аллергиктер, боордун жана бөйрөктүн оор дартынан жапа чеккендер. Балдарга да көп дарыларды колдонууга тыюу салынган. Андыктан педиатр менен кеңешип, ал уруксат берсе гана колдонуу кажет.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1230, 17-23-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан