Фольклордук, элдик ырларды ийине жеткире ырдаган ырчы кыздардын бири – Сырга Сагынбекова. “Жан дүйнөмө кыргыз кайрыктары сиңип калган” дейт ал. Бул маекте анын музыкалык табити, шоу-бизнес, сүйүү, жашоо тууралуу пикир алыштык.
– Саламатсызбы, Сырга? Сиз шоу-бизнесте өзүңүзгө чектөө коёт окшойсуз, көп жерден көрүнбөйсүз. Же мунун башка себеби барбы?
– Саламатчылык. Сөзсүз эле шоу-бизнестин “тусовкаларында” болуу шарт эмес да. Ырдап эле келе жатам. Чыгармачылыкта ар түрдүү этаптарды басып өттүм. Мисалы, 4 жыл Улуттук филармонияда иштедим. Мамлекеттик иш-чаралардын дээрлик баарына эле катышып келе жатам. Кыргыз элинин желегин желбиретип бир топ эл аралык сынактарга да катыштым. Ыр артынан ыр жаратып, айтор, чыгармачылыкта жакшы эле иштеп келе жатам. Бирок сиздин айтканыңыз да туура. Айрым себептерден улам кабак ырчысы болуп, чоң сахнадан бир аз алыстап кеткеним чын. Анан өзүмдү пиар кылганды жакшы билбейт экенмин, көп эл аралык долбоорлорго катышам, бирок көмүскөдө калып кетем. Ырдап жатам деп жүрө бериптирмин, көрсө, көбүнчө маанилүү мамлекеттик иш-чараларда ырдайт экенмин. Көбүрөөк басымды ошол жакка коюптурмун. Көрсө, ырчыны эл тааныш үчүн ал башка жолдорду да билиши керек тура.
– Атыңыз көңүлдү бурду. Нукура кыргызча, жөнөкөй, кулакка жагымдуу угулат экен...
– Мен төрөлгөндө апам башка ысым коймок экен, бирок кулагымдагы кал сыяктуу белгини көрүп атымды Сырга деп коюшуптур. Кичине кезимде атым өзүмө жакпай кетчү, азыр сыймыктанам. Ак-Талаа районунун Баетов айылында төрөлүп, өстүм. Жети бир туугандын алтынчысымын. Атам да, апам да, бир туугандарым да ырдаганды жакшы көрүшөт, чыгармачылыкты жакшы түшүнүшөт.
– Чыгармачылыкта эски ырларга басым жасайт экенсиз. Бул өзгөчөлүк эмнеден улам?
– Чыгармачылыкта ар түрдүүлүгүм менен айырмаланам. Түрдүү тилде, түрдүү жанрда жана ар кандай аспаптардын коштоосунда ырдай алам. Бирок кыргыз ырлары жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт. Айылда чоңойгон кызмын, атам Рыспай Абдыкадыровду аябай баалап, ырларын көп угар эле. Ошондон таасир алган болушум керек. Негизи эле адамда ген деген күчтүү нерсе бар да, үндүн тембри, кабыл алуу... Мага кыргыз кайрыктары сиңип калган, ошондуктан кыргыз ырларына ашыктыгым күч. Устатым, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анарбек Ибраев агайымдын да таасири тийди. Ал ар бир ырды обонуна, тарыхына, авторуна чейин кылдат изилдеп айтып берчү. Фольклордук ырларга кызыгуум күч болгону менен багытым, алган билимим эстрадалык вокал боюнча. Англисче, кытайча, түркчө ырларды аткара алам. Мисалы, эртең Катардан делегация келет десе, бир күндө арабча ырды өздөштүрүп ырдап чыга алам. Илип кетүү сапатым күчтүү болгондуктан да бошотпой чакыра беришет (күлүп).
– Бир топ жылдан бери чыгармачылыктын жолунда келе жатасыз. Ар кандай сыноолорго туруштук берүүгө көндүңүзбү?
– Чыгармачылык жол өзү татаал, эч бир ырчыныкы жеңил болбойт деп ойлойм. Ар кимдин өзүнүн аша турган ашуусу, сыноосу бар дегендей. Мен ашкым келген ашууларыма али жете элекмин. Меники деле оңой болгон жок, кагылдым согулдум, тажрыйба топтодум. Бул оор жол, чыдасаң жеңесиң, мөмөсүн жейсиң, чыдабасаң орто жолдо кала бересиң. Таштак жолуна да, ташкынына да чыдап ушул жолдо жүрөбүз.
– Ырчылык үчүн эмнени курмандык кылдыңыз?
– Менимче, убакыт курмандык болду, жаштыгымды бердим дегендей... Ырчы болуу психикалык жактан да оор, дайыма “кантип өзгөчө ыр жаратсам?” деген ички күрөш менен жашайсың. Эл назарындасың, бул да кыйынчылык жаратат. Жеке жашоого көңүл бура албайсың, стабилдүүлүк жок. Бирде жолдосуң, бирде белдесиң, ден соолук кетет. Ушунун баарына карабай сахнанын кумары өзгөчө. Чыгармачылыктын даамы башкача, мындагыдай эмоцияларды татып турбасам жашоо мага аябай эле кунарсыз болуп кетмек деп ойлойм. Кыйынчылыгы менен кошо жыргалчылыгы да бар.
– Сырга кандай адам?
– Жакшы адам (күлүп). Тамаша. Ачык-айрым, баарын бетке айткан кызмын. Көк бет жана өжөр, алдыга умтулганды билген, өз оюн так жана туура айта алган эркин адам деп сыпаттайт элем. Анан такыр “шаблон” менен жашай албайм, менин жашоом сөзсүз түрдүү-түстүү боёктор менен боёлушу керек. 5-классымдан бери эле акча таап, иштеп өз жашоомду курганга аракет кылып келе жатам. Алсыз жактарым – жалкоомун, уйкучумун, кызуу кандуумун. Бирок жашка жаш кошулган сайын сабырдуу болууга мажбур болот экенсиң.
– Каржылык абалыңыз кандай? Өзүңүздү камсыздоого кенен эле жетип жатабы тапканыңыз?
– Мен баймын. Түз маанисинде болбосо да баймын. Музыка, ыр сүйгөн адамдын баары бай деп билем. Ыраматылык досум, ырчы Акжол Канатбек уулунун чөнтөгүндө аз эле акча жүрөр эле. Бирок байлардай бапыраңдап жүрчү. Мен аны көрүп байлык биздин тирүүлүк, азыркы жашообуз экенине ынанат элем. Азыр деле ошол ойдомун. Байкашымча, чыгармачыл адамдар бул жолго байып кетсем деп келбейт болуш керек. Ичинде бир кумар, ышкы, талант бар үчүн ошол тынч жаткырбай ушул жолго алып келет деп ойлойм. Каржы тармагы бирде өйдө, бирде ылдый болуп турат. Былтыр ата-энем мага Бишкектен бир бөлмөлүү батир белек кылышты. Алар кесибимди түшүнүшөт, анткени көп учурда акчаны ыр жаздырууга, стилистке, клип тарттырууга жана башка нерселерге коротом. Оркестрдин коштоосунда жандуу ырдаганыма кудуңдап, кайф алып, дүркүрөгөн кол чабууларга бактылуу болуп, а жумуштан кийин үйгө автобус менен эле кетип калган учурларым болчу.
– Жүрөк толкуткан сезимдер, сүйүү, жактыруулар тууралуу сурагым келип турат?
– 30 жашка толмоюнча турмушка чыкпайм дечүмүн. Башкача айтканда, сөзсүз эртерээк күйөөгө тийиш керек деген программа жок эле. Эми гана ойлонуп баштадым. Үйдөгүлөр да бул жаатта кысым-басым кылбайт. Билимге басым жасадым. Мен күйөөнү эмес, күйөө мени издесин, мени тапсын (күлүп). Табышып калсак, албетте, сиздерге сүйүнчүлөйбүз.
– Чыгармачылыкта өзүм каалаган ашууга жете элекмин дедиңиз, ал бийиктикти кандай деп сүрөттөйсүз?
– Дүйнө жүзүн багындыруу, ошону менен катар кыргыз улутун даңктоо. Үнүм менен таанылгым келет.
– Сүйлөшүүдө кыргыз деген сөздү көп айтат экенсиз. Мекенчилсизби?
– Албетте, мекенчилмин. Айылда чоңойдум, чөйрөмдө жалаң кыргыз деп күйүп-бышкан адамдар болду. Устаттарым, агайларым... Ушундай жагдайлардан улам элиме болгон сүйүү бекемделип чыкты окшойт. Кыргыздын философиясын, жашоо образын баалайм.
– Толук эркин адаммын деп ишенимдүү айта аласызбы?
– Биздин муундагылар ак-кара түстүү телевизор көрүп өсүп, телефонсуз жашоону да, азыркы заманбап жашоону да көрүп жаткан адамдар. “Рамкаланган” тарбияны да жарым-жартылай көрүп калганбыз. 2000-жылдан кийинки төрөлгөн муун бизге караганда эркин. Кээде ойлойм, мен азыркы заманда төрөлсөм мындан да эркин болмок экенмин деп. Анткени эркиндик жаратмандыкка эң жакшы көмөкчү. Коркпой көп эксперимент жасай аласың. Бирок жеке инсандык жашоомдо эркин элемин го. Чыгарган чечимдериме, кулк-мүнөзүмө карасам, ушундай жыйынтык чыгат. Ошентсе да тарбиям бир аз “рамкага” салынган муундун тарбиясына туура келет.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева