Биз социалдык тармакта

АШКАНА СОДАСЫ – ТИРИЧИЛИКТЕ АЛМАШКЫС ЖАРДАМЧЫ

Ашкана содасын сиз эмнеге колдоносуз? Балким, кондитердик азыктарды бышырууда же идиштерди агартууда... Андан башка пайдасын билесизби, билбесеңиз бул маалыматтар сизге шпаргалка болсун.

1. Муздаткычтагы жагымсыз жытты кетирүү үчүн чакан идишке сода салып, муздаткычтын бир текчесине коюп коюңуз.

2. Ошондой эле сасып кеткен бут кийимдин ичине кечинде сода себелеп, эртең менен күүп салып кийип кете бериңиз.

3. Ванна, раковинанын тешигинен жагымсыз жыт чыгып жатканда да сода жардамга келет. Тешиктерге 4-5 кашык сода себелеп, үстүнөн ысык суу куюп жибериңиз.

4. Тамандын териси катып, жарылып кеткенде жылуу сууга сода салып бутту малып отуруу керек. Сода терини жумшартканга жардам берет.

5. Идиштерди химикатсыз сода менен жаркырата тазалаганды айтпасак да билсеңиз керек.

6. Эт жыттана баштаганда сода менен жууп-тазалап койсо жыты кетип калат.

7. Жашылча-жемиштердин сыртына жабышып калган курт-кумурска, микроб, бактерияларды өлтүрүү үчүн таза сууга соода салып, жашылча-жемиштерди бир азга чылап коюу керек.

8. Зарна болуп, колуңузда аны басуучу дары-дармек жок болсо, соданы пайдаланыңыз. Жарым чай кашык соданы жарым стакан сууга кошуп ичип алсаңыз жеңилдей түшөсүз. Бирок бул ыкманы дайыма колдонбоңуз, сода щелочь катары ашказанды жабыркатышы мүмкүн.

9. Тиш ооруп жатканда да соданы колдонсоңуз, аз да болсо оорутууну басат. Ал үчүн 0,5 чай кашык соданы жарым стакан сууга салып аралаштырып, оозду чайкоо керек.

10. Сода кошулган суу менен айнек, күзгүлөрдү жууса жаркырап калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1230, 17-23-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан