Абдан ийри болсо
Жарым ай болуп, бир капталы курушуп, өтө эле ийрейип баштаса, анда нымдуулуктун жетишсиздиги. Эске салсак, бадыраңдын 96 пайызы суудан турат. Андыктан алар маал-маалы менен сугарып турууну, абадагы нымды талап кылат. Абдан көп сугарса дагы бадыраң жооноюп, саргарып, ортосу кебек болуп кетет.
Ортосу ичкерип кетсе
Сиз эмгек кылып өстүрүп жаткан бадыраңдардын формасы өзгөрүлүп баштаса, аны багууда мандем бар деп билишиңиз керек. Эгер ортосу ичкерип, саргарып кетип жатса, анда өтө муздак суу менен сугарып жатасыз. Тоого жакын айылдарда мөңгүнүн суусу менен сугарганда ушинтип формасын жоготушу мүмкүн. Анткени мөңгү суусу муздак.
Эгер айылдарды аралап келген сугат суу менен сугарганда да ортосу ичкерип жатса, анда огорудуңузду түштөн ооп, суу жылып калганда сугарганга аракет кылыңыз.
Лампочка формасындай болсо
Башы жооноюп, сабак жагы ичкерип лампочканын формасындай болуп баштаса эмне жетишпейт? Агрономдор мунун себеби калийдин жетишсиздигинде деп белгилешет. Андыктан калийдин монофосфатын колдонуу керек. Монофосфат – бул форфорлуу-калийлүү жер семирткич. 1 аш кашык жер семирткичти 10 литр сууга аралаштырып, бадыраңды сугаргандан кийин түбүнө чачуу керек. 2 аптадан кийин муну кайталоо зарыл. Аталган жер семирткич бадыраңды даамдуу, ширелүү, ооруларга туруктуу кылып, формасынын өзгөрүшүнө жол бербейт. Дагы бир ыкмасы – күл аралашмасы менен сугаруу. 10 литр сууга 1 стакан күлдү (жыгач, көң күйгөндөн калган калдык) аралаштырып сугарабыз. 1-2 жолу кайталоого болот.
Учу ичкерип, саргара баштаса
Азот жер семирткичи жетишсиз болгон кезде бадыраңдардын учу ичкерип, өзү уңкул-чуңкул болуп баштайт. 5 аш кашык карбамидди 10 литр сууга эритип, сугарабыз. 1 чака аралашма менен 1 чарчы метр жерди сугарууга болот. 10 литр сууга 1 аш кашык карбамидди эритип, жалбырактарына чачыратып чыкса да болот. Ыкманы кечинде жасабаса, жалбырагы күн нуруна күйүп калышы мүмкүн.