“Бул сүйүүнүн баяны, бүтпөсө экен аягы...” деген саптары бар ырды аткарган ырчы Алсейит Сейитмырза уулу үстүбүздөгү жылдын май айында үй-бүлө курду. 28 жаштагы аксылык мырзанын арзыганы 21деги өзгөндүк Айжан Азизбек кызы. Ойлору да, максаттары да бир болгон жан шериктер сүйүү баяны, максаттары тууралуу маек куруп беришти.
– Салам, Алсейит, Айжан! Сүйүү баянынын башталышынан, сиздер таанышкан учурдан маекти баштасак...
Алсейит: – Айжан мага өзүмө өмүрлүк жар издеп жүргөн кездерде жолугуп калды. 2024-жылы досумдун тоюнан таанышканбыз. Ата-энеси досумдун келинчегинин тууганы болот экен. Таанышкан соң бири-бирибиздин телефон номерлерибизди алганбыз.
– Айжан сиздин жүрөгүңүздү кайсы сапаттары менен багындырып алды?
Алсейит: – Өзүм токтоо, оор басырыктуу болгондуктан шайыр, тамашакөй кыздар жакчу. Байкасам, Айжанда ушул сапаттар бар экен. Ак көңүл, чынчыл, сулуу, башкалар менен бат тил табыша алган, тың... Таптаза, баланыкындай жүрөгү бар. Ушул сапаттары, мүнөзү менен дароо жагып калды.
– Айжан, а сиз Алсейитти кайсы сапаттары үчүн жактырып калдыңыз?
Айжан: – Оор басырыктуу, жүрүм-туруму орундуу, чечкиндүү мырза экен. Башка да мыкты сапаттары бар, бирок көз тийип кетпесин, айтпай турайын (күлүп). Ушул сапаттары менен багындырып алды. Убадага, сөзгө бек.
– Алсейит, бир ырыңызда “Жараткандан ушундай жар сурагам” деген саптар бар. Бул ырды жубайыңызга арнагандай эле чыгарыпсыз да?
Алсейит: – Ооба, Жараткандан жакшы жар сурагам. Айжанда мен кыялданган кыздагы сапаттардын баары бар болуп чыкты. Бардык жагынан төп келишет.
Айжан: – Үлпөт тоюбузда жолдошум ушул ырды ырдап, экөөбүз бийге түшкөнбүз. Ошол мезгил мага абдан жагымдуу болду. Ал көз ирмем өмүр өткүчө эсимде сакталып каларына ишенем.
– Жубайыңыздын колун кантип сурадыңыз, романтикалык атмосферадабы?
Алсейит: – Айжан ал кезде Казакстандын Алматы шаарында жашачу. Мен болсо Бишкекте. Таанышкандан кийин бат-баттан жазышып, чалышып сүйлөшө баштадык. Телефондон жазышып отуруп эле кантип жакындашып кеткенибизди билбей калдык. Жылдызыбыз келишти. Кийин бир жолукканыбызда сезимимди билдирдим. Айжандын колун Ысык-Көлгө алып барып, көл жээгинен сурадым. 2 жыл сүйлөшүп, анан баш коштук.
– Кыз-жигит кезде кандай кызыктуу окуялар баштан өттү?
Алсейит: – Биз 2 жыл аралыгында 4 эле жолу жолуктук. Бешинчи жолугушууда ата-энелерибизди тааныштырдык. Эки жыл ичинде анча-мына урушуп кеткен учурлар болуп жатты. Бирок олуттуу уруш болбоду. Баш кошкондон бери таарыныша элекпиз. Бири-бирибизди түшүнүп, сыйлашып жашап келе жатабыз, баары жакшы.
– Баш кошконго чейин бири-бириңиздерди жакшы билип алууга мүмкүн болдубу?
Алсейит: – Ооба, кыз-жигит кезде эле бири-бирибизди жакшы билип бүткөндөй болдук. Баш кошкондон кийин Айжандын мен биле элек башка жакшы адаттары, сапаттары бар экени билинди. Мисалы, ишти, тамакты чын дили менен жакшы жасайт. Сөздү жарымынан түшүнөт, зирек.
Айжан: – Мен деле жолдошумдун жаман жактарын көрө элекмин. Айрымдар кыз-жигит кезде башка да, чыныгы жашоодо башкача болуп чыга келишет го. Алсейит турган турпаты, мүнөзү кандай болсо ошондой эле. Эч жасалмалуулугу жок.
– Айжан, келин болгондон кийинки алгачкы күндөр жеңил эле өттүбү?
Айжан: – Баргандан тартып жылуу кабыл алышты. Кайненем, кайнатам түшүнүктүү адамдар. 2 күн көшөгөдө отурдум. Үчүнчү күнү зериккенден өзүм чыгып тиричиликке аздан аралаша баштадым. Апам (ред.: кайненеси) өзүмдүн апамдай эле мамиле кылат. Көп жерден мени аяп турарын билдим. Ошто келиндин кызматы күчтүү го, бирок апам мага оор жумуштарды жасатпады.
Алсейит: – Айжан үйдөгүлөр менен биздин үйдө мурунтан жашап жаткандай эле тез аралашып кетти.
– Үйдө акыркы чечимди ким чыгарат?
Алсейит: – Үй-бүлөнү багуу эркектин милдети. Жакшы карап, муктаждыктарын чечип берип дегендей. Айрым маселелерди акылдашып чечебиз. Айжан өз оюн, сунуштарын айтат. Кеңешип, ортодон чечим чыгарабыз.
– Бош убакытыңарды кантип өткөрөсүңөр?
Алсейит: – Экөөбүз тең жөө басканды жакшы көргөн жандар экенбиз.
Айжан: – Кудай да окшоштуруп кошот деп коёт го. Бош кезде ээрчишип сейилдегенди жакшы көрөбүз. Кызык кепке кирип кетип, алыска кетип калганыбызды да байкабай калабыз. Анын үстүнө жөө басуу ден соолукка да пайда эмеспи.
– Жубайлар ортосунда кызганыч сезими болушу керекпи же болбогону жакшыбы?
Алсейит: – Кызганбаган эркек болбойт болуш керек. Бирок кызганыч чеги менен болушу кажет деп ойлойм. Сүйүү – ишеним. Бири-бириңе ишенбей, жаман сөз айта берсең, сүйүүнү жоготуп алуу тез эле болуш керек. Сый-урмат сөзсүз болушу шарт.
Айжан: – Сүйүү болгон жерде кызганыч да болот деп ойлойм. Бирок экөөбүз тең акыл-эстүү, билимдүү жан болгондуктан чектен чыкпайбыз го дейм.
– Тойдон кийин ата-энеңиздер менен чогуу турдуңуздарбы?
Алсейит: – Ооба, 2 айдай айылда ата-энебиз менен чогуу турдук. Айжан келиндик милдетти жакшы өтөдү. Эрте туруп эшик шыпырып, тамак жасап, ата-энеме убагында чайын берип дегендей. Тыпылдап, билинбей эле көп иш кылып салып жатты.
– Үй-бүлөлүк бюджет кимдин колунда? Ким сарамжалдуу үйдө?
Алсейит: – Бири-бирибизге ишенебиз, ошого акча ортодо. Акчаны үнөмдөй турган жерден үнөмдөп, корото турган жерден коротуп жатабыз.
Айжан: – Менин негизи майда-чүйдө керексиз нерселерге акча корото бербеген жагым бар.
– Алсейит, өз алдыңызча тамак жасоо колдон келеби же үйдө жубайым жок болсо ачка калам дегендерденсизби?
Алсейит: – Тамак жасоо колдон келет, студент кезде үйрөнгөм. Тамак жасоонун уяты же кыйынчылыгы деле жок. Бирок тойдон бери Айжан дайыма үйдө, ашканада өзү кожойке болууда. Эгер үйдө болбой калса чыз-пыз кыла коюп, курсагымды тойгузганга жарай берем го.
– Уйкуну ким көбүрөөк жакшы көрөт?
Айжан: – Экөөбүздүн тең канча кеч жатсак деле эртең менен эрте турчу адатыбыз бар экен. Сергек экенбиз. Бул жакшы нерсе.
– Кызыктуу маек үчүн рахмат, бактылуу болгула!
Канымжан Усупбекова