Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова учурда кайда? Кандай жаңылыктары бар? Чыгармачылыгы уланып жатабы же токтодубу? Ушул жана башка суроолор менен Алина айымды маектешүүгө чакырдык.
– Саламатсызбы, Алина айым! Окурмандарыбыз сизди көрүнбөй кетти деп сурап жатышат. Учурда кайда жана эмне менен алексиз?
– Саламатсыздарбы? Мындан 5 жыл мурун жолдошумдан айрылып, катуу кайгыга кабылгам. Ушундан улам кан басым оорусу жаралды. Москвага бир концертке чакыруу түшкөнүнөн барсам, бул жактын климаты ден соолугума жагымдуу болду. Ошого бул жакта убактылуу калып, ден соолукту оңдоп алайын дегем. Атайын калам деген планым жок болчу. Бирок бул жактагы таланттуу балдардын ырдаганын угуп, негедир үндөрүн оңдоп-түздөп бергим келди. Ошентип чакан класс ачып, улуу устатым Улукмырза Полотовдун ыкмаларын колдонуу менен балдарга вокалдан сабак берип келе жатам. Мындан 2 жыл мурун Москванын концерттик чоң залында окуучуларымдын алгачкы отчёттук концертин өткөздүм. Музыкалык атайын билимдери жок болсо да, таланттарынын аркасынан концерт бере алышты. Буга абдан кубандым. Эл жакшы кабыл алып, ыраазы болду. Экинчи концертин ушул жылдын 21-мартында өткөрдүм. Концертти телевидениеге тартышты.
– Москвадагы мекендештер той-кечелерге көп чакырат болуш керек. Көбүнчө кайсы ырларды суранышат?
– Ооба, бул жактагы концерттерге катышып, чакыруулар боюнча тойлорго барып ырдап турам. Чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Көбүнчө эски ырларымды: “Кыздын сыры”, “Жаз” жана башкаларды суранышат. Тойлордо той ээлеринин каалоолору боюнча ырдайсың да. Жаңы ырларым көп, бирок бардыгы эле элге белгилүү эмес. Көбүн ырдап жүрөм.
– Өткөн күндөргө ностальгия болосузбу? “Бозойго”, “Дасторкон”, “Апама кат” деген ырларыңыз азыр деле эл оозунда ырдалып жүрөт...
– Албетте, ностальгия болом. Кесибимди 44 жылдан бери аркалап келе жатам. Чоң ата, чоң эненин колунда өстүм. 2-классымда “Кыргызстанымды” ырдап чыксам, аны радиого жаздырып алышкан. Ырчылыкка биринчи кадамым ушул болсо керек. 6-класстан эжеме жардам бермекчи болуп Бишкекке келип, №5 улуттук гимназияда окуп калдым. Комуз менен ырдап, күү чертип мектебимдин намысын коргочумун. Комуз үйрөнүшүмө атамдын иниси Жаныбек байкем түрткү болгон. Ал аскерден келип, мага комуз, баян сатып берген. Бишкектеги Айыл чарба институтунун имаратында “Роза” деген эстрадалык топ бар экен. Үйүм ал жерге жакын болгондуктан “менин да ырдагым келет” деп ошол топко барып ырдап калдым.
10-класста ата-энемдин колуна, Талас шаарына кеттим. Ал жактан “Талас” деген эстрада тобу ачылып жатканын угуп, 6 кыз чогулуп кастингге бардык. Тиги кыздарды ырдатып көрүп жаратпай коюшту. Мен сынактан өтүп кеттим. Атамдан уруксат сурап, мени ырдатканы алып кетишчү. Алар менен чогуу айылдарга концерт коюп, кайра кечинде үйгө келип калчумун.
1982-жылы атам борборго алып келип, институтка мугалимдикке тапшыртып кетти. Гезиттен “Филармониянын алдында эстрадалык студия ачылды” дегенди окуп, атам кетери менен документимди филармонияга тапшырып салдым. Ошентип 4 кыз жатаканага чыктык. Баарыбыздан улуу Айнура деген эже аттарыбызды өзгөртө баштады. Берметти Вера, Шайырды Шура кылды. Мени Алина болосуң деди. Ошол боюнча баарыбыз Айнура эже койгон аттар менен өмүр бою калдык.
Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиев “Жетиген” тобун ачып, мен ал топто ырчы болдум. “Бозойго” аттуу ырым менен Алина деген атым эл оозуна алынып кетти. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы “Ариет” деген топко алып калышты. Топко жалаң профессионалдар келишти. Айтылуу Леонид Якубович атайын Москвадан келип, режиссёр катары бизди 15 республика арасында өтчү чоң сынактарга даярдай баштады. Топ менен Ташкентке барып 1-орунду, Москвадан 3-орунду алып келдик. Айлыгыбыз да көп болчу. Элдин айлыгы 90 рубль болсо, мен 700 рубль алчумун. Биринчи айлыгымды колума кармаганда каякка жумшаарымды билбей толкундангам. “Ариет” тобу чачырап кеткенде “Таазим” тобуна кирдим. “Дасторкон”, “Апама кат” деген ырларым хит болду. Ошентип мени ийгилик тилкеси коштоп жүрдү. Жогоруда аты аталган топтогулардын көбү менен азыр да кабарлашып турам.
– Жаш кезде ар бир адамда “менин жашоом ушундай болсо” деген кыялдануу болот эмеспи. Сиздин кыялдар канчалык деңгээлде ишке ашты?
– Жаш кезимдеги “ырчы болсом” деген кыялым ишке ашты. Сүйгөн кесибимде эмгектенүү мага бакыт тартуулайт. Жашоом мен кыялдангандай эле болду, жолдошумдун каза болуп калганы эле болбосо...
– Көпчүлүк сизди 30-35 жаштагы жаркылдаган Алина Жетигенова катары эле элестетет болуш керек. Буюрса, ушул күздө 62ге чыгасыз. Эл адамысыз, өзүңүздүн жаш курагыңызды кабыл алуу жеңил эле болдубу?
– Ушул жаш курагымды кубануу менен кабыл алам. Ушул жашка, ушул даражага жетүү да чоң бакыт. Элдин “жаш көрүнөсүз” деген сөзү мага мотивация берет, күчтөнүп аракеттенем. Айрымдары “пластикалык операция жасаттыңыз беле?” деп жазып калышат. Кудай сактасын, андайга бара элекмин. Оюм да жок. Анткени “жаш көрүнөсүз” деген сөздүн өзү мени жашартып жатат деп койбоюнбу (күлүп). Карылык – бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, бардык адамдын башына келүүчү жашоо этабы. Мындан коркпош керек. Неберелеримди, алардын жакшылыктарын көрүп жатам, эми чөбөрө көрүп жашайын деп тилек кылам.
– Ырчынын жан дүйнөсү концерт берүүнү, кол чабууларды, күйөрмандарынын ыраазы жүздөрүн самайт болуш керек? Кыргызстанга качан концерт бересиз?
– Москванын бир жагынан климаты жакса, бир жагынан иштегеним өзүмө жагып жатат. Кыргызстанда концертти буюрган күнү берербиз.
– Жеке жашоо тууралуу сүйлөшсөк... Келиниңизге кандай кайненесиз?
– Келиним мага келин эмес, өз кызымдай. 13 жыл болуп калды келгенине, чогуу жашадык. Келинимди жакшы көрөм. Москвага келгенимден бери тынбай ал-абалымды сурап турат. Мага ширин неберелерди төрөп бергени үчүн да ыраазымын. Балам экөө бактылуу жашоодо. Бул нерсе да мага дем, күч-кубат берет.
– “Небере балаңдан да ширин болот экен” деп калышат айрым кесиптештериңиз. Канча небереңиз бар?
– Менин 7 неберем бар. Үч уул, төрт кыз. Неберелерим – жашоомдун улануусу. Аларга акыл кирип, эс тартуусу, ар бир өзгөрүүсү, өсүүсү мен үчүн абдан кызык. Эң улуусу жигит болуп калды. Апа, таене деп тынбай чалып турушат. Баары аман-эсен болуп, тилеген максаттарына жетсин деп тиленип турам.
– Өзүңүздү күчтүү аялзатымын деп эсептейсизби?
– Мени күчтүү адамдар курчап, дем берип турушат. Жакындарым, балдарым, неберелерим бар. Ошолор күчтүү кылып турушат. Демек, күчтүү аялмын деп айтсам жарашат.
Канымжан Усупбекова