Биз социалдык тармакта

ЖАЙДЫН ЫСЫГЫНДА ЖАБЫРКАГАН ЧАЧТЫ КАНТИП КАЛЫБЫНА КЕЛТИРЕБИЗ?

Чачыңыз кургап, сынып, түшүп же какач болуп жатабы? Бул жай мезгилиндеги агрессивдүү тийген күн нурунан (ультрафиолет) улам. Андан сырткары кургак (кондиционер иштеген имараттар), ысык аба жана туздуу, хлорлуу суу да терс таасирин тийгизет. Бул мезгилде чачка жакшылап кам көрүү менен аны калыбына келтирүүгө болот. Кантип кам көрүү тууралуу кеңештер макалада.

 

1. Чачтын учун кесүү керек

Чач кургап, сынып, ачакей болуп баштаганда эң алгач чачтын учун кесүү керек. Ачакей, кургак чач, биринчиден, чачтын жалпы көрүнүшүн бузат, үйүлгөн самандай болуп. Экинчиден, кесип салбаса ачакей өйдөлөп жыла берет, чачты ого бетер жабыркатып. Андыктан 6-8 апта сайын чачтын учун кесип туруу зарыл.

2. УФ-коргоо

Негизи эле кайсы мезгил болбосун, айрыкча жайкысын күндүн ультрафиолет нурлары чачтын сапатын бузган башкы фактор болуп саналат. Андыктан чачты УФ нурларынан коргоо каражаттарын сөзсүз колдонуу керек. УФ нурлары чачтын курамындагы кератин, мелонинге терс таасир берет, натыйжада чач кургап, сынып жана өңүн өзгөртүп, жылтырабай бозоруп же саргарып күйүп кеткенсип калат. УФ нурларынан коргоо каражаттары (спрей, лосьон, май, кондиционер жана башка түрүндө) дээрлик бардык косметика саткан дүкөндөрдө бар. Эшикке чыгар алдында коргоочу каражатты чачка сүйкөп же чачып коюу зарыл.

3. Сууга түшөр алдында...

Жайкысын ысыктан качып көлгө, бассейн же деңизге барууга ашыгабыз. Көлдүн суусу туз жана башка минералдарга ээ, ал эми бассейнге көп өлчөмдө хлор кошулат. Булардын баары чачты кургатып, катуу жана морт кылат. Андыктан сууга түшөрдүн алдында чачты нымдандыруу кажет. Кантип? Жөнөкөй эле, туздуу же хлорлуу сууга түшөрдүн алдында кадимки сууга (душка) түшүп чачты суулап коюу керек. Анан көлдөн же бассейнден чыккандан кийин туз, хлорду кетирүү үчүн кайра таза сууга чайкануу сунушталат.

4. Чачты тараар алдында...

Чачты кайсы убакта жана кандай тарак менен тароого көңүл бурулбай калат. Мисалы, суу кезинде тараса чач сынып калат. Чачты кургатпай жатып алса да жабыркап, морт болот. Атайын чачты жылмакай кылуучу кондиционерлер бар. Аны тараар алдында чачып койсо, чач жумшарып, чачышпай жылмакай болуп оңой таралат.

5. Сапаттуу тамак-аш

Жеген тамагыбыз чачтын сапатына түздөн-түз таасир этет. Өзгөчө омега-3 жана омега-6 майлары курамында көп азыктарды: майлуу балык эттерин, жаңгак түрлөрүн, авокадо, зайтун майы жана башкаларды колдонуу сунушталат. Омега майлары чачты нымдандырып, жылтыраган түс берип, сынып калуунун алдын алат. Андан сырткары чачты калыбына келтирүүчү витаминдер көп азыктар кайсылар экенин билип алыңыз.

А витамини – таттуу картошка, сабиз, шпинат. Е витамини – шпинат, бадам, күн карама, авокадо. Биотин – жумуртка, бадам, түстүү капуста, авокадо. Белок – жумуртка, тоок, үндүк эти, грек йогурту. Цинк – уй эти, шпинат, өндүрүлгөн буудай, ашкабак данеги жана башка жашылча-жемиштер.

6. Косметикалык каражаттар

Чачка кам көрүүдө бир эле каражат жетишсиз. Чачка жумшак таасир этүүчү шампунь, УФ коргоочу каражаттар, бальзам, кондиционер, майлар, маскалар... бардыгын колдонгондо гана жакшы жыйынтыкка жетүүгө болот.

ЭЛДИК МЕДИЦИНА

Май компресси

Дарыканадан уйгак (репейное масло), зайтун, апельсин же лаванда майын аласыз. Кургаган чачтын түбүнөн учуна чейин сүйкөйбүз. Алгач полиэтилен баштык менен, анын сыртынан сүлгү менен башты ороп коёбуз. 30 мүнөттөн кийин чачты жылуу суу менен жууп салуу керек. Аптасына 1 жолу колдонуу зарыл, бул компрессти 2-3 жолу кайталагандан кийин эле жакшы жыйынтык көрө баштайсыз.

Кефир + жумуртка

Керектелет: 1 стакан кефир (200 грамм), 1 жумуртка, 1 аш кашык зайтун майы. Даярдоо: алгач кефирге жумуртканы кошуп, бир массага келгидей жакшылап аралаштырабыз. Артынан зайтун майын кошуп аралаштыруу керек. Даяр аралашманы чачтын түбүнөн учуна чейин сүйкөп, 30 мүнөт коёбуз да, жылуу суу менен жууп салабыз. Аптасына 1 жолудан 1 ай кайталоо кажет, анан жыйынтык көрөсүз. 

Жумуртка + бал

Керектелет: 2 жумуртка, 1 аш кашык бал, 1 аш кашык зайтун майы. Даярдоо: жумуртканын агын сарысынан ажыратып алабыз. Агын коюу массага келгидей жакшылап чалуу керек. Ал эми сарысына май менен балды кошуп, крем абалына келгидей аралаштырабыз. Коюуланган белокко берки аралашманы кошобуз да, кайрадан жакшылап аралаштырабыз. Кисточканын жардамы менен чачка сүйкөйбүз, 15-20 мүнөттөн кийин жууп салабыз.

Ассорти маска

Керектелет: 1 аш кашык суюк бал, 2 аш кашык табигый йогурт, 2 аш кашык алоэ вера гели, 1 аш кашык зайтун майы. Даярдоо: жогорудагылардын баарын бир идишке салып аралаштырабыз да, чачтын түптөрүнө укалоо жолу менен сүйкөйбүз. 15-20 мүнөттөн кийин жууп салса болот.

Алма уксусу

Таза, табигый алма уксусу болушу керек. 1 литр сууга 4-5 аш кашык алма уксусун кошобуз. Чачты алгач шампунь менен жууп, аягында уксус кошулган суу менен чайкап коёбуз. 5-10 мүнөттөн кийин кайра таза суу менен чачты чайкоо керек. Эскертүү! Уксус кислота болуп эсептелет. Андыктан башта жара, ачык жаракаттар болсо бул масканы колдонуу сунушталбайт. Анан да көзгө кирип кетүүдөн сактануу керек. Көзгө кирсе ачыштырып, кычыштырышы мүмкүн. Мындай учурда көздү дароо таза суу менен жууп салыңыз.

КОСМЕТОЛОГИЯДА

Косметологияда чачты калыбына келтирүү үчүн төмөнкүдөй кызматтар сунушталат:

Мезотерапия – баштын терисине витаминдер топтомунан турган коктейлди инъекция жолу менен саюу. Бул коктейль чачтын өсүшүн камсыздап жана анын абалын жакшыртууга жардам берет.

Озонотерапия – озондун жардамы менен баш терисин кычкылтек менен каныктандыруу. Бул процедурадан чачтын фолликулалары бекемделип, теридеги кан айлануу жакшырат, чачтын сапаты жогорулайт.

Пилинг – баш теридеги өлгөн клеткаларды кылдат тазалоо ыкмасы. Натыйжада микроциркуляция жакшырып, пайдалуу заттардын териге сиңүүсүнө жол ачылат.

Плазмотерапия – бейтаптын канынан алынган тромбоциттерге бай плазманы колдонуу ыкмасы. Мында чачтын өсүүсү жакшырат, түшүүсү жана кургак болуусу менен күрөшөт.

Криомассаж – муздак аба менен баш териге таасир этүү ыкмасы. Бул процедурада кан айлануу жакшырат жана чачтын өсүшүнө түрткү берет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1230, 17-23-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан