Ягмур Юкселдин жүзүн көбүнчө славяндарга окшоштурушат, бирок ал таза түрк кызы. Жашыл-боз түскө ээ каректери менен кездешкен адамдын эсинде көпкө сакталары анык. Акыркы жылдары бул актриса акырындап түрк киносунун арты менен дүйнөнүн бир катар мамлекеттерине таанылып келе жатат. Айрыкча “Кандуу гүлдөр” сериалынын хит болушуна баш каарман болгон Ягмур сулуунун да салымы чоң. Актрисалык таланттын аркасындагы жашоосунда эмне кызыктар бар, макалага көз чаптырыңыз.
Туулган жери: Түркия, Мерзифон шаары
Туулган жылы: 2002-жыл, 21-январь
Жылдыз белгиси: суу куяр
Бою: 167 сантиметр
Кесиби: актриса, модель
Тартылган тасма-сериалдары: “Кандуу гүлдөр”, “Нюфер”, “Сүйүү келишими”, “Кагылыш”
Тарыхый жайдан чыккан
Түркиядагы Мерзифон шаары тууралуу уктуңуз беле? Кара деңиз аймагындагы миңдеген жылдык тарыхы бар шаар байыркы убактарда хеттер, фригийлер, римдиктер жана осмондуктар үчүн үй болуп берген экен. Жайгашкан жерине байланыштуу ири соода жүгүртүүчү жана коргонуучу аймак катары жогору бааланган. Өзүнүн байыркылыгына жараша башынан көптү өткөргөн, жакшы күндөрдү, согушка малынган убакты да. Ошентсе да бир нече улуттун маданиятын, тарыхын өзүнүн дубалдарында сактап турган маданий жайга айланган. Мына ошол түрктөрдүн сыймыгы болгон Мерзифон шаарында төрөлүп-өскөн Ягмур Юксел.
Окуу кыялдан алдыда
Актриса балалыгында шайыр кыз болгонун эскерет. Кичинесинен ырдаганды, бийлегенди жакшы көрчү. Анан да телевизордун алдынан чыкпай сериалдарды кууп көргөн адаты бар эле. Тасмадагы каармандардын ойногонуна, алардын кийингендерине, дегеле актёрлукка болгон кызыгуусу күч болуп, алардын ордуна өзүн коюп каармандардын репликаларын күзгү алдында кайталап айткан күндөрү көп болгон.
Татынакай, шайыр, ачык-айрым кыз бат эле көзгө көрүнүп, мектепте окуп жүргөндө эле кинопробаларга чакыруу ала баштаган. Бирок Ягмур ал чакыруулардан баш тарткан. Анткени кыялга жетерден мурун билим алуу ал үчүн маанилүү болчу. Андыктан мектепти аяктагандан кийин медициналык академиянын фельдшерлик бөлүмүнө тапшырган.
Эми кино
Жогорку окуу жайдын акыркы курсуна келгенде гана хоббисин ишке ашырууну максат кылып, BC Management Agency киноагенттиги менен келишим түзгөн. Алгачкы жолу “Нюфер” аттуу тасмадан чакан роль алган убак 2020-жыл эле. Сыйкырчы менен адамдын ортосундагы сүйүүнү баяндаган тасма улам бир себептер менен артка жылып отуруп, премьерасы 2024-жылы гана болгон.
Ал аралыкта Ягмурду “Кандуу гүлдөр” сериалына чакырышкан. Алгач экинчи пландагы гана ролго тандалган эле. Бирок анын оюну продюсерлерди таасирлентип, башкы актрисанын ролун бере салышкан. Ошентип анын актрисалык карьерасы “Кандуу гүлдөрдүн” 2022-жылы декабрь айында экранга чыгышы менен старт алган.
“Кандуу гүлдөр”
Көбүнчө түрк сериалдарынын сюжетинен качкан эмес аталган сериалдын сценарийи да. Тагыраагы, касташкан эки үй-бүлөнүн ортосундагы кармаш, өч алуу, анан ортодо кыпчылып алган сүйүү сезими. Демир жана Карабейлердин үй-бүлөсү. Канча жылдан бери созулуп келе жаткан кандуу кастыкты жоюу максатында Дилан Демир (Ягмурдун образы) менен Баран Карабей (актёр Барыш Бакташ) баш кошушат. Эсеп менен курулган никени сактоо үчүн Дилан менен Барандын алдында көп сыноо турат.
Актриса Ягмур өзүнүн каарманы Дилан экөөнүн ортосунда көп окшоштук бар экенин айтат. Экөө тең сүйүү үчүн күрөшө алган өжөрлүккө, боорукердикке, адилеттүүлүккө умтулганы, көп учурда жумшактыгы менен окшошуп кетет экен.
Тасма жарыкка чыккандан кийин популярдуулукка ээ болуп, ондон ашык мамлекетке “Виндетта” аталышы менен сатылган. Популярдуулуктун арты менен актёрдук курамдын да жылдызы жанып, баш каармандар “жылдыз” делген актёр-актрисалардын катарына кошулган. Мындай ийгиликтүү долбоорду колдон чыгаруу ката болмок, андыктан тартуучу топ 2023-жылы 2-сезонду, кийинки эле жылы 3-сезонду тартып салышкан. Баш-аягы 3 сезонду кошкондо 645 серияны чыдап көрүп бүткөн көрөрманга рахмат айтыш керек го дейм.
Жүрөгү бош
2022-жылдан 2024-жылга чейин “Кандуу гүлдөргө” тартыла берген актрисанын кино куржунунда эмнеге башка кино-сериалдар көп эмес деген суроо жаралбаса керек. Бул убакыт аралыгында күйөө-аялдын образында жүргөн Ягмур менен өнөктөшү актёр Барыш Бакташты чыныгы жашоодо да романтикалык мамиле курушат дегендер көп болгон. Ягмур сулуу Барыш шайыр, көп учурда тажрыйбалуу актёр катары жардам берген жакшы адам жана жакшы дос экенин айтып, ыраазычылыгын айткан. Ал эми актёр 2023-жылы Гүлүм Акбаш аттуу сулууга үйлөнгөнүн айтып, жалган сөздөр менен үй-бүлөсүнө “көлөкө” түшүрбөөлөрүн суранган.
Ал эми Ягмур Юксел али сүйүүгө кабыла электигин айтат. Мырзалардан эң алгач эле көңүл бура турган жери – анын жылмаюусу экен. Анан да чынчылдыкты жактырат, калп айтканга жакындар актрисаны айланып өтүшү керек.
Камерадан сырткаркы жашоодо
* Бош убактысында: ата-энеси, достору менен көп убакыт өткөрөт. Бош убактысында музыка угат же китеп окуйт. Анан да актёрлук чеберчилик курстарына көп барат, бул жаатта үйрөнчү нерсеси али көп экенин айтат.
* Ашканада: даамдуу тамак-аш жегенди жакшы көрөт, бирок капуста такыр жебейт, ал эмес, бул азыктын жытын көтөрө албайт экен.
* Жакшы көргөн өлкөсү: өзү саякаттаган мамлекеттерден Италияны баалайт.
* Жакшы көргөн жаныбары: ит.
* Жакшы көргөн гүлү: маргаритка.
Асыл Орозбекова