“Акындык – хандын тагына, бектин жыргалына бербеген дөөлөт” дешет акындар. Ошол акындарыбызды сынап эмес, даңазалап таймаштыруудабыз. Эсиңизде болсо, мурунку сандардагы сынактарда үч жигит финалга суурулуп чыккан. Алардын бири Кубаныч Зайнидинов таймашуудан баш тартты. Андыктан таймаш эки жигиттин ортосунда болду.
Бул жолу кыргыздын руху болгон Манас тууралуу ыр чыгаруу тапшырма катары берилди. Мурдагыдай эле акындарыбыз 20 мүнөт убакыттын ичинде сап курашты.
ЖЫЛДЫЗБЕК ТУРСУНБАЕВ
Республикалык “Нурборбор” чыгармачыл жаштар бирикмесинин мүчөсү,
манасчылык жана “Чечен айтыш” сөз өнөрү таймаштарынын жеңүүчүсү.
Түп нускабыз Манаста!
Эпсиз жашоо келип, жүрөк канаткан,
Эл болбодук, эзелки атка жарашкан.
Түгөл бойдон баратабыз кырылып,
Түп нусканы избедестен Манастан.
Азабыбыз жан дүйнөдө күргүштөй,
Азаюуда элдин наркы билгизбей.
Бириктирген бизди Манас бир кезде,
Бир да ташын душмандарга тийгизбей.
Кыргызымдын азыр азган учуру,
Кылым ашкан кырдаал кыстап утуру.
Кулга айланып, карбаластап калбасын,
Калк түптөгөн кыраан Манас тукуму.
Улутташым, улуулукка жанаш көп,
Улут үчүн намысыңды талаш көп.
Ата Журтум бийик болсун десең сен,
Ар бир жүрөк согуу керек “Манас” деп!
Кыргыз өңү Манаста!
Кылымдарга кыргыз атын жоготпой,
Ынтымакты бийик кармап, коротпой.
Кыргыз башын Манас кошкон эмеспи,
Куттуу жерге душман бутун жолотпой.
Көөдөнүндө күйүп турган от болгон,
Туш тарабы намыс менен коштолгон.
Чамасы жок чачыраган кыргыздар,
Кан Манастын күчү менен топтолгон.
Абалтадан улуу сөз бар, адатта,
Кыргыз өңү, кыргыз жүзү Манаста!
Таянары, туусу дагы эр Манас,
Манасы жок кыргыз жетим калат да!
Бүгүн минтип жерди карап турсак да,
Эй, кыргызым, башты көтөр, муңканба!
Кыргыз бийик, кыргыз улук ар убак,
Көкүрөктө Манас духу турганда!
Жыпар Исабаева, акын:
– Эки акын тең акындыкка ички даярдыгы мол жигиттер. Финалга экөө чыкканы мен үчүн таң каларлык көрүнүш эмес. Бердибектин ыры жакшы, бирок ойду толук бере албай калган. Элдин мөгдүрөп турганын мыкты чагылдырып бергени менен, ошол нерсенин эмнеден келип чыкканы берилбей жатат. Мен жеңүүчү деп Жылдызбекти атайм. Ал ойду жыйынтыктап жана эмоционалдуу бере алган. Өзгөчө “Ата Журтум бийик болсун десең сен, /Ар бир жүрөк согуу керек “Манас” деп!” деген эки сабында патриоттук сезим, кыргыздын духу жаткандай сезилет.
Меңди Мамазаирова, акын-жазуучу:
– Эки ырда тең бир аз кемчиликтер бар. Жылдызбектин ыры логикалык ойдон аксаган. “Бир ташын душмандарга тийгизбей” дейт. Кимдин ташын душмандарга тийгизбей жатат? Душмандынбы же башкабы, билинбей калган.
Ал эми Бердибектин ырында да ой толук берилбей калган. Жалпысынан алганда, ырлар жакшы. Жеңүүчүсү ким экенин аныктоо мага кыйын болуп турат. Кантсе да Жылдызбектин ырындагы ойлор мени ынандыра алды. Ошондуктан Жылдызбекти жеңүүчү деп айта алам.
Ошентип, окурман, “Акындар айтышынын” жеңүүчүсү деп акын Жылдызбек Турсунбаев табылды. Жылдызбекти жеңиши менен куттуктайбыз! Ал эми сыйлык катары кийинки сандарыбызда жаш акындын калемине таандык ырларды жарыяламакчыбыз.
Заманыбыздын залкар акыны Алыкулдун туулган күнү 21-Мартка туура келет. Турмушка ыр менен келип, ыр менен кеткен Алыкул Осмоновду эскерип кетүүнү чечтик.
Эскерме
Билбейм, кандай, эмне ойдо экен катарым,
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап, муздап бара жатамын.
Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.
Өзүмдү өзүм
Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат.
Бүткөн экен, кайран өмүр, кайран жан...
Деп жалооруп, көңүлүм шондо бир сынат.
Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.
Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат
Дагы аял тууралуу
Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,
Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим.
Жаманынан көңүлдү эзген оору алып,
Жакшысынын кадырына жетпедим.
Алыкулга арналган ырлар
Алыкул, кереметтей кубуласың,
Келечек күлкүсүнөн угуласың.
Эшиктен кирип келип: “Эх, иним”,- деп,
Ырымды оңдочудай туюласың!
Анатай Өмүрканов
Алыкулдун жашай турган жашы көп,
Алыкулдун жай, күз, кышы, жазы көп.
Арыбаган, талыбаган кылымдап,
Поэзия – боз ат, тулпар аты көп.
Байдылда Сарногоев
Койчу, досум, мени акын дебечи,
Мени акындардын улпагына теңечи.
“Кыргызыңда кандай акын бар?” десе,
Келет мага Алыкулдун элеси.
Насирдин Байтемиров
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg