Биз социалдык тармакта

ДҮЙНӨЛҮК УЮМ: КЫРГЫЗСТАН ЖЕР ТИТИРӨӨ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУ ЧӨЛКӨМДӨ      

Жер титирөө – адам өмүрүн кыйган табият кырсыктарынын ичинен сап башында калууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросу жер титирөө коркунучу Кыргызстанда да күч экенин эскертти.

– Кыргызстан менен Тажикстандын дээрлик бүт аймагы, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын айрым райондору сейсмикалык коркунучу абдан жогору аймактарга кирет,- деп айтылат маалыматта.

Окумуштуулар оорукана имараттарын бекемдөөгө, ыкчам медициналык бригадаларды камдоого, жер титирөөгө алдын ара даярдык көрүүгө чакырышат. Жер титирөөдө ооруканалардын урап калбай, ишин улантышы миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн абдан маанилүү экенин 2023-жылы Түркияда болгон зилзала көрсөттү дешет.

Аталган уюм өзгөчө коркунуч Түркиянын Стамбул шаарында экенин билдирет. 15 миллион калк жашаган бул шаарда жакынкы он жылдыкта күчтүү жер титирөөлөрдүн болуу ыктымалдуулугу 40-60 пайыз дешет. Расмий маалыматка таянсак, 2000-жылдан 2023-жылга чейин дүйнөдө табият кырсыктарынан каза тапкандардын жарымынан көбүн жер титирөөдөн көз жумгандар түздү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1230, 17-23-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан