Акыркы аптада АКШ менен Ирандын ортосундагы кырдаал кескин курчуду. 15-июлда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади АКШ менен түзүлгөн “Исламабад” өз ара түшүнүшүү меморандуму күчүн жоготконун жарыялады.
Анын айтымында, АКШ өз милдеттенмелерин аткарбай, Иранга каршы кайрадан сокку урууга киришти. Ушул себептүү расмий Тегеран аталган меморандумду мындан ары жарактуу документ катары эсептебейт.
Айта кетсек, аталган меморандум 18-июнда түзүлгөн эле. Документ эки өлкө ортосундагы согушту толук токтотуу жана Ормуз кысыгын ачуу максатын көздөгөн.
Бул арада АКШ армиясы Иранга каршы бир катар соккуларды жасады, президент Дональд Трамп Иранга карата толук деңиз блокадасы киргизилерин жарыялады. Айтымында, чектөө Ирандын портторуна кирип-чыккан бардык кемелерге тиешелүү болот.