Уурулукка кээде бардар үй-бүлөдө жашаган балдар да барат. Бири 1-2 ирет барса, айрымдары муну адатка айлантып алышат. Мунун сыры эмнеде? Кантип калтыруу керек? Психолог, психотерапевт Мээрим Мураталиева менен бирге суроолорго жооп издейбиз.
Эмне үчүн уурдайт?
• Бирөөнүн буюмун сурабай, байкатпай алуу дээрлик бардык балдарда бир же бир нече ирет же дайым болчу көрүнүш болушу мүмкүн. Мунун себептерин жаш курактарына карап бөлүп көрөлү.
• 4 жашка чейинки балдардын мындай жоругун “уурулук” деп атоого болбойт. Анткени бул курактагы балдар өздөрүнүн туура эмес кылык-жоругун териштирүүгө акылы жетпейт. Алар “меники” жана “бирөөнүкү” деген түшүнүктөрдү көп ажырата беришпейт. Айрыкча үй-бүлөдө бир нече бала болсо, аларда оюнчуктар жалпы болот. Ошого бала бирөөнүкүн алганда “аныкы гана” дегенди биле бербейт. Ошондой эле алар үйгө коюлган акчадан чоңдор эмнеге алса болорун, өздөрүнө болбостугун түшүнүшпөйт. “Мен алсам да болот экен” деп ойлошот.
• 4-6 жаштын тегерегинде буюмдун өзүнүкү же бирөөнүкү экенин түшүнүп, бирок өз каалоосун тыя алышпагандыктан, бирөөнүн буюмун алышат.
• 6-7 жаштагы балдар өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөй алат. Ата-энесинин жакшы сүйүктүү баласы, кызы болуу аларга маанилүү. Жаман жоругу үчүн тил угарын билет. Ошол эле учурда балага курдаштары арасындагы ээлеген орду да маанилүү. Бирөөнүкүнө көз артуу менен уурдап, башкаларга окшоп “менде да бар” дегенди билгизгиси келиши мүмкүн. Анын үстүнө бул курактагы балдарда өзүмчүлдүк сапат өзгөчө күчөйт. Алардагы негизги максат - каалаган нерсесин алуу болуп калат. Андыктан, ата-эне балага бирөөнүн буюмун уруксаты жок албоону үйрөтүүсү зарыл.
• 8 жаштан кийин “меники”, “бөтөндүкү”, “жакшы”, “жаман” дегенди так билип, ажыратып калат жана уурулук эпизоддору аз болот. Бирок баланын эрки начар болсо уурдайт. Уятты сезет, бирок уурдаганын мойнуна албай актануусу ыктымал.
• 12-15 жаштардагы уурдоо бул аң-сезимдүү уурдоо болуп эсептелет. Балада гормоналдык кайра курулуу жүрүп жаткан болот. Көбүнчө бул жаштагылар жанындагылардын кысымы менен “коркок” аталабашы үчүн уурдашат.
Уурдоого түртчү себептер?
• Өзү жетпей жүргөн оюнчугун теңтушунан көрсө, жашырып алат же үйүнө алып кетет. Мындан сырткары, кимдир-бирөөнү жазалоо, андан өч алуу үчүн да бала уурулукка барат.
• Бала теңтуштарына, жакындарына, айрыкча апасына белек кылгысы келет. Кандай жол менен болсо да апасына жагымдуулук тартуулагысы келген бала атасынын, агасынын же туугандарынын капчыгынан акча алып апасы үчүн бир нерсе алып бериши мүмкүн. Андыктан бала уурдабашы үчүн ал кимге белек бергиси келгенин сурап турганыңыз оң.
• Сүйүүнүн жетишсиздиги. Тажрыйбада кездешчү окуяларга баам салсак, иштен бошобогон атасы менен апасынын өзүнө көңүл бурдуруу үчүн уурдаган балдар кездешет. Көңүл буруунун жетишсиздигин баладагы агрессивдүүлүк, бат жинденип кетүү, айтканды укпоо, чыр-чатакка баруу да билдирет. Балага кийим, телефон же акча эле эмес, ата-энесинин көңүлү, түшүнүүсү, мээрими жана коопсуздук сезими керек. Кээде бала акчаны эмес, жетишпеген мээримди издейт.
• Каалаганын алып бере берүү. Минтип үйрөткөн бала кокус өзү каалап жүргөн оюнчук же башка буюумду бирөөдөн көрүп калса, уурдап алышы мүмкүн. Анткени ал каалоо муктаждыгын аткарып көнүп калган.
• Балага керектүүлөрүн алып бербөө. Бала бир нерсе жасагысы же сүрөт тарткысы келди дейли. Ал ата-энесинен керектүүлөрдү алып берүүнү суранат. Бирок алып беришпеди. Ошентип баланын кийинки суранычтары да аткарылган жок. Мындайда бала муктаждыгы үчүн уурулукка бара башташы мүмкүн.
• Чөйрөдөгүлөрдүн кысымынын артында уурдайт.
• Баланын өзүн төмөн баалоосу жана башкалар менен аралаша албоосу. Мындайда бала кызыгып жаткан нерсесин убктылуу колдонуу үчүн сурап ала албай уурдоого барышы ыктымал.
• Психикалык жактан мандеми бар. Клептомания деген түшүнүк бар, бул – уурдамайын тура албоо. Уурдап жүрүп көнүп калган. Уурдалган нерсе арзан жана керек да эмес болушу мүмкүн. Аны өзү колдонбой башкаларга берип салуусу же тытып, бузуп салуусу да мүмкүн. Мындай диагнозду адис гана коё алат.
Эмне кылуу керек?
• Балаңыздын бир нерсени уурдап келгенин байкасаңыз, дароо чыр чыгарбаңыз. Маселенин тамыры кайда жатканын анализдеңиз. Эмне үчүн уурдады дегенге жооп издеп көрүңүз. Анан анын уурдап келгенине 100 пайыз ишенгенден кийин гана бул адатын токтотуу үчүн чара көрүңүз. Жок жерден күнөөлөө балага өзгөчө оор тиет. Күнөөсүн моюнуна албай жаткан учурда коркутпаңыз. Сиздин агрессивдүүлүгүңүздөн бала ого бетер коркуп, жарга такалат. Балам уурулук кылбасын десеңиз, 4-5 жашынан эле аны менен уурулук тууралуу сүйлөшүп, бул жаман жорук экенин түшүндүрүңүз. Ал башкалардын буюмуна уруксаты жок тийбеш керек экенин билүүгө тийиш. Уурулук ишенимдин жоголушуна, досу жок жалгыз калууга себеп болорун балаңызга айтыңыз.
• Аны эч качан “ууру” деп атабаңыз. Балаңыздын көзүнчө анын “уурулугу” тууралуу башкалар менен сүйлөшүп, талкууга албаңыз. Бул жерде “баланы жалгыз калганда уруш, бирөөлөрдүн көзүнчө макта” деген бала тарбиялоодогу эрежени эске алыңыз.
• Өзүңүз да балаңызга ар тараптан үлгү болууга аракеттениңиз. Мисалы, кээ бир ата-энелер баласына бирөөнүн буюмун албаш керек экендигин айтат, өздөрү болсо ошондой жоруктарды жасай беришет. Муну көргөн бала сөзсүз ата-энесин кайталайт.
• Ошондой эле балаңыз терс жоругу үчүн сиз тараптан чечкиндүү чара колдонуларын сезсин. Үйгө алып келген буюмун бала ээсине кайтарып берүүгө же аны төлөөгө тийиш. Эгерде төлөө үчүн акчасы жок болсо, керек болсо анын ордуна кандайдыр бир ишин кылып берсин. Кыскасы, бала өзүнүн туура эмес аракети үчүн өзү жооп бериши керек.
• Баланы урушпастан, буюму уурдалган бала кандай абалда калат деп сурап, уятын ойготуп көрүңүз. Уурдабай эле андай буюмга жетүү жолдору бар экенин айтыңыз. Мисалы, “айтсаң, акчам болсо сатып бермекмин” деп. Же ал балада жок нерсе сенде бар да, ал уурдабай эле жүрөт го деп.
• Балаңыздын уурдаганы билинип, балдар аны айыптап үйүңүзгө келип айтышса эмне кылуу керек? Балаңыз кичине болсо аны уурдагысы келбегенин, бирок аны менен ойногусу келгенин айтып, балаңызды оюнчуктарын аларга да берип чогуу ойногула деш керек. Балаңыз үйгө келгенде жеке сүйлөшүп аласыз. Балдардын көзүнчө уурдаганын ачыкка чыгарбоо керек. Балаңыз чоң болсо алардан кечирим суроосу, экинчи кайталанбай турганын айтуусу керек.
• Баары бир уурулугун койбой жатса, балдар психологуна алып баруу кажет.
Канымжан Усупбекова