Биз социалдык тармакта

НурЧолпон, ырчы: “АЛ КОРКУНУЧТУ ЖЕҢДИМ”

Белгилүү ырчы НурЧолпон Димаш Кудайберген уюштурган эл аралык сынакта Кыргыздын намысын коргоп, 1-орунду багындырды. Ушул сынактын жүрүшү, аял эркиндиги, чарчоо, үйлүү болушу жана башка темаларда кызыктуу кеп салып берди ырчы. Кыргыздын опера жазган алгачкы айымы менен маекти сунуштайбыз. 

- Кандайсыз, НурЧолпон? Димаш Кудайбергендин эл аралык сынагы жыйынтыкталып, сиз 1-орунду алдыңыз. Сынак калыс өттүбү, купулга толдубу?

- Жакшы. Ооба, сынактын бир сезонунан 1- орунду алдым. Арадан убакыт өткөндөн кийин кыйынчылыктардын баары унутулуп, жалаң гана жакшы эскерүүлөр калат экен. Кыйынчылыктарга карабай элимдин намысына жарап бергеним үчүн азыр өзүмө “азаматсың” деп гана айтам. Адам өзүнө ыраазычылык айтканды да билиши керек. Айрыкча чыгармачыл адамдар перфекционист боло берсе шыгы да, жөндөмү да өчүп калат. Сынак купулума толду, дүйнөлүк деңгээлде өткөн сынакка катышуунун өзү сыймык болчу. Тагдырыма буюрган бул мүмкүнчүлүккө аябай ыраазымын! Тажрыйба топтодум, кадыр-барк, аброй кошулду ысымыма, айтор, бардык жагынан жемиштүү болду мен үчүн.

- Димаш Кудайберген деген дүйнөлүк жылдыз да. Бул сиздерге кандай мамиле жасады?

- Димаш ага баарыбызга эле колдоо көрсөтүп жатты. Эзелтеден “кыргыз-казак бир тууган” деп келебиз го, ошондуктан биздин мамиле да жылуу болду. Бирок сынак адилеттүү өттү. Эч ким эч кимге тартпай, ар ким өз таланты жана чыгармачылыгы үчүн татыктуу ордун алды деп ойлойм. Апам Димаш аганын чоң күйөрманы, мен аркылуу ага Манас баатырдын сүрөтүн белекке берип жиберди, а мен өзүмдүн атымдан Манас төш белгисин белекке бердим. Димаш ага болсо мага казак элинин домбрасын жана улуттук асем буюмдарын (шакек, билерик) белекке берди.

- Манас төш белгиси деп калдыңыз, аны зергер жасадыбы?

- Ооба, атайы буюртма берип жасаттым. Күмүштөн жасалып, алтын жалатылып, Манас атабыздын айкели түшүрүлгөн.

- Жакында бир ырчы жигит менен дуэт ырдадыңыз, сурайын дегеним чыгармачылык тандемдер кандай ишке ашат?

- Чыгармачылыкта көп эле ырчылар менен чогуу ырдадым. Буга илхом, эргүү себеп болот. Баарлашып отуруп эле “чогуу ырдап көрөлү” десек, кай бирлери окшошуп кетип жатты. Үндөрдүн айкалышы туура келип, ошентип жакшы чыгармалар жарыкка чыгып калат.

- Кыргыз айымдарынын арасынан опера жазган биринчи айым экенсиз, бул ийгилик кантип жылмайды сизге?

- Мен музыка жаатында 18 жылдан бери окуп келе жатам. Алгач музыкалык мектепте, анан музыкалык окуу жайда, анан улуттук консерваторияда билим алсам, азыркы учурда аспирантурада окуп жатам. Музыка адабияты деген сабак бар, анда композиторлордун тарыхын окуйбуз. Кичинемден эле “эмнеге бир да айым опера жазган эмес?” деп ойлончу элем. Аял композиторлор болгон, бирок мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон. Кийин бул суроонун жообун таптым, көрсө, бизде аялдын жаратуучу касиетин бир аз төмөндөтүп көрөт экенбиз. Аларды көбүнчө үй кожойкеси катары гана көрөт экенбиз, чектөөлөр бар. Бул биздин замандын чоң катачылыгы. Мен операга аябай кызыкканым үчүн консерваторияда композиторлук кесипке окуп жүргөндө опера  жазайын дедим. 1-курста эле опера жазам деп ниет кылган элем, дипломдук ишимде опера жаздым. Муратбек Бегалиев агайым мага ишенип, колдогон. Ошентип “Ай тентек” деген опера жаздым. Бул миграцияга арналган сюжет болду. Аябай татаал, зер буюм жасап жаткандай чеберчиликти талап кылган эмгек. Ийгиликтүү жазылып, Опера жана балет театрында коюлду. Эми менден кийин музыкалык мектепте окуган жаштар мендей болуп “Эмнеге опера жазган кыргыз айымы жок?” деген суроого туш болушпайт деп ойлойм.

- Жараткан операңыз кайра коюлабы?

- Опералар бир нече жолу редакциялана берет эмеспи. Мен аны алты айда жазып калгандыктан дагы жакшыртуу керек деп ойлойм. Азыр “Ай тентекти” редакциялап жатам, келечекте андан башка опералар коюлат деп ойлойм.

- Жакында ак өргөөлүү болупсуз, куттуктайбыз!

- Үй алуу менин эң чоң максаттарымдын бири болчу. Менин оюмча, аял киши ата-энесинен, бир туугандарынан, жадакалса жолдошунан да көз каранды болбошу керек. Жашоодо эми ар түрдүү абалдар болуп калат эмеспи, аял киши финансылык жактан көз карандысыз болсо, өзү каалаган жашоону жашай алат. Эгер көз каранды болсо, башка адамдардын мыйзамдарына баш ийип, айрым учурларда курмандык да болуп калышы мүмкүн. Мен дагы үйлүү болгондон кийин кайсы бир коркунучтарымдан арыла алдым. Тынчыраак уктап калдым десем болот.

- Ал кандай коркунучтар эле уктатпаган?

- Келечек кандай болот? Кийин бирөөнүн көзүн карап калбаймынбы? деген ар бир эле аялзатына тиешелүү коркунуч менде да бар эле. Мен үчүн бул маанилүү болчу. Өз үйүмдү өзүм каалагандай жасалгалап, өзүм каалаган буюмдарды жайгаштырып, өз үйүмдө өзүмдүн мыйзамдарым жана эрежелерим иштесе дейт элем.

- Өз каражатыңызга алдыңызбы же ата-энеңиз жардам бердиби?

- Акыркы жылдары аябай аракет жумшадым, мээнет кылдым. 2025-жылы алдым үйдү, ошол жылдын башында аябай Жараткандан тиленген элем. Каалоо китепчеме “кантип жана кайсы жерде экенин билбейм, бирок Кудайым мага батир бер” деп жазгам. Ошентип акча топтоп, үйдөгүлөр менен кеңешип буюрган экен, алып калдым. Апам бир аз кошуп берди, бирок негизги сумманы өзүм чогулттум. Карабайсызбы, ниеттин канчалык түз болгонун... Болгону ааламга, Жаратканга ишенүүнү билиш керек экен.

- Сөз арасында аялдардын көз карандысыздыгы тууралуу бир нече жолу айтып өттүңүз, эркиндикти аябай каалайсызбы?

- Кичинемден Ош шаарында жашап, чоңойдум. Айланамдан көп эле жолу аялдарга болгон адилетсиздикти байкадым. Зордук-зомбулукту да көрдүм аялдарга болгон. Ошондон улам менде коргонуу реакциясы пайда болду окшойт. Демек, аял киши тынч, бактылуу жашагысы келсе, финансылык көз карандысыз болуусу керек экен. Ошондо гана ага адилетсиз мамиле жасалып жатса, туруп басып кеткенге дарамети жетет. Ал эми көпчүлүк аялдарда андай мүмкүнчүлүк жок да, мен эркиндикти эмес, бактылуу жашоону каалайм.

- Күйөөгө баш ийүү керек эмеспи?

- Менимче, экөө эки башка маселе. Аял өзү жооптуу нерсеге, күйөө өзү жооптуу нерсеге жоопкерчилик менен карашса аларда маселе болбойт. Баш ийүү - үй бүлөлүк турмушта сөзсүз болушу керек. Бири-бирин түшүнүшсө эле баары жакшы болот.

- 18 жылдан бери сахнадасыз, абдан катуу чарчап, ишке каалоо жоголгон абалга туш болдуңуз беле?

- Ооба, бир нече жолу туш болгом. Бирок психологиялык жактан изденип, өзүмдү тынбай издеп отуруп андай нерседен аман-эсен чыгып кетүүнү үйрөндүм. Азыр кайсы учурда иштеш керек, кайсы учурда эс алуу керек жакшы билип калдым окшойт. Мурункудай чарчап калбайм, чарчасам да андан чыгуунун жолун өздөштүрүп калдым.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан