Биз социалдык тармакта

“КАМАЛАСЫҢАР...” АК ҮЙ ӨКҮЛҮНҮН ЭСКЕРТҮҮСҮ СЫНГА КАБЫЛДЫ

Акыркы аптада Ак үйдөн жасалган “коркутуу” талкууга түштү. Сындагандар көп болууда. Ошол эле учурда эскертүү туура дегендер да жок эмес. Айтор, окуя көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок. 

 

Жалган маалымат таратпоо эскертүүсү...                   

Соцтармакта фейк аккаунттарга жамынып алып “кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”, “тышкы карыз өсүүдө” деп бийликти жамандап маалымат тараткандар камалышат. 20-июлда президенттик аппараттын маалыматтык саясат тармагын жетектеген Дайырбек Орунбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасына ушундай билдирүү жазды.             

 - Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана бейөкмөтчүлөрдүн фейктери таратып келген болсо, эми аларга башкалар да кошулду (ред.: “башкалар дагы” дегендин ордуна алгач “Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери дагы” деп жазып, кайра өчүрдү). Эми эртең ушуларды аныктап, алпарып камап коюшса эне-аталары жана бир туугандары наалып чыгасыңар. Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жалган маалымат таратып, улут аралык кастыкты козутканыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар – деди Орунбеков.

 

Чуулуу тизме...                              

Орунбеков саясатчылар “Адахан Мадумаровго, Алмазбек Атамбаевге жана бейөкмөт уюмдарга иштейт” деп ондогон жарандардын тизмесин (фото, туулган жылы, соцтармактагы жеке баракчасы менен кошо) жарыялады. Тизмеде блогерлер, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана башкалар бар. Бул кадам коомчулукта сын-пикирлер толкунун жаратты.

 

Юристтин пикири...                                

Белгилүү юрист Икрамидин Айткулов Орунбековдун билдирүүсү күнөөсүздүк презумпциясы өңүтүнөн караганда олуттуу суроолорду жаратат дейт. “Укуктук өлкөдө жарандын күнөөсү кызматтагы адамдын коомдук билдирүүсү менен эмес, иликтөөлөрдүн негизинде сот тарабынан гана аныкталат. Болочок камоолор боюнча билдирүү жасоо өз позициясын айткан жарандарга коркутуу катары кабыл алынышы мүмкүн” деп жазды Айткулов соцтармактагы баракчасына.

 

Президент жооп берүүнү чечти                    

Өлкө башчы Садыр Жапаров 21-июлда “Кабарга” жерлердин ижарага берилиши, туризм, электр тармагы, мамлекеттик карыз тууралуу кенен маек берди.

 

Жер ижарасы...                              

Президент 49 жылга берилип жаткан жерлерге завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык жана туристтик объекттер куруларын айтты. Мамлекет башчы инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлер өлкөнүн жалпы аймагынын 0,1 пайызынан ашпай турганын белгиледи.

- “Кыргызстандын жерин сатып жатышат” деп элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла. Биздин максат - жерлерди Кыргызстанга пайда алып келгендей иштетүү – деди мамлекет башчы.

 

Тышкы карыз...                                    

Жапаров буга чейин өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукцияга карата кыйла жогору болгон болсо, учурда тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөрүн билдирди.

- Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына карата өлчөнөт. Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт - дейт президент.

 

Туризм...                          

Ошондой эле өлкө башчы туризм мамлекеттин өнүгүшүнө чоң өбөлгө экенин белилеп, Кыргызстанга келген бүгүнкү туристтердин саны 13 миллионго жеткенин айтты.

- Ар бир турист ички дүң продукцияга салым кошот. Демек, ар бир турист ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосуна өз салымын кошуп жатат. Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар - дейт ажо.

 

Энергетика...                                 

Мамлекет башчынын акыркы кеби энергетика тармагы болду. Айтымында, акыркы беш жыл ичинде өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектрстанциясы пайдаланууга берилди. Учурда дагы 50гө жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан