Биз социалдык тармакта

2,5 МИҢДЕЙ ҮЙ-БҮЛӨ КООПТУУ АЙМАКТАН КӨЧПӨЙ ЖАТАТ

Кыргызстан жер көчкү коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына кирип, учурда 3800 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Бул тууралуу 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, алардын 2415и мамлекет тарабынан жер тилкеси жана жардам берилгенине карабастан, кооптуу аймактан көчө элек. Эң көп көрсөткүч Ош облусунда катталган. Аталган облуста 2396 үй-бүлө жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда жашаса, алардын 1475и коопсуз жерге көчүп чыга элек.

Министрлик жарандарды жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так сактоого жана өз убагында коопсуз жайларга көчүүгө чакырат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан