Биз социалдык тармакта

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ БОЮНЧА ӨЛКӨДӨ АБАЛ КАНДАЙ?     

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстан күйүүчү май менен камсыздоо үчүн дүйнөнүн кайсы жеринде мүмкүнчүлүк болсо, ошол жактан сатып аларын билдирди.

Президенттик администрация билдиргендей, негизги максат - ички рынокту үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыз кылуу.

- Эгер дүйнөнүн кайсы бир жеринен күйүүчү май сатып алууга мүмкүнчүлүк болсо, баасына карабай аны сөзсүз сатып алабыз. Ички рынок күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалат. Кырдаал орчундай баштаганда 2-3 апталык эле запас бар болчу, азыр 1,5 айлыкка жетип калды. Кытай менен да келишим түзүлдү. Тийиштүү көлөмдү камсыздоо иши токтобойт - деди Амангелдиев.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт күйүүчү майдын жетиштүү көлөмүн камсыздоо боюнча бир катар өлкөлөр менен жеткирүү багыттарын кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген. Беларустан жана Кытайдан күйүүчү майлардын алгачкы партиялары келе жатканы да айтылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан