Жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтуу үчүн кардиологдор төмөнкү 4 адатты күн тартибине киргизүүнү сунушташат.
1. Кечки тамак
Кечки тамактанууну болушунча эрте кылуу адаты. Жеген тамак-аштын курамы канчалык маанилүү болсо, аны колдонуу маалы да ошончолук мааниге ээ. Күн ичиндеги акыркы тамактанууну 20:00гө чейин бүтүрүү керек. Окумуштуулардын изилдөөсүндө, 21:00дөн кийин желген тамактан жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаралуу ыктымалдыгы жогору. Дарыгерлер уктаардан 3 саат мурун кечки тамакты ичип, оор тамак-аштын ордун жеңилге алмаштырууну сунушташат.
2. Жеңил активдүүлүк
Кечки тамактан кийин сейилдеп келүү – эң сонун адат. Мындай адатыңыз жок болсо, сөзсүз кошуп алыңыз. Жай басуу сыяктуу жеңил активдүүлүк кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп, кан айланууну жакшыртат. Жок дегенде 10 мүнөт таза абадан дем алып, жай басып сейилдеп коюңуз, жүрөккө жардам берген болосуз.
3. Стресстен качуу
Кечки стресс – жүрөктүн душмандарынын катарына кирет. Стресс гормону кортизолдун деңгээлин төмөндөтүп, жүрөктүн кагышын калыпка келтирүү үчүн дем алуу гимнастикасы жардамга келет. 4 секунд терең дем алып, 4 секунд демди ичте кармап, 4 секунд дем чыгарууну 10 жолу кайталаңыз.
4. Туруктуу уйку
Туруктуу бир убакытта уктоо тартибин сактоо да мыкты адаттардын бири. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, туруктуу бир убакытта жаткан адамдарга караганда, ар кайсы маалда чар-жайыт уктагандар жүрөк-кан тамыр ооруларына көбүрөөк кабылары аныкталган. Бир күн бою чарчагандан кийин организм, анын ичинде жүрөк калыпка келүүсү үчүн толук кандуу тынч уйку керек. Андыктан 22:00гө чейин уктоо адатын карманыңыз.