Биз социалдык тармакта

ФУРШЕТ СТОЛУНА АШПОЗДОН ЗАКУСКЕЛЕР 

Фуршет – француз тилинен келип, “вилка” деп которулат. Мында коноктор өзүн-өзү тейлеп, басып-туруп жегенге ылайыкталган закуске түрлөрү, таттуулар, суусундуктар коюлат. Учурда бул ыкма менен кичи иш-чаралар, мааракелер, дүкөндөрдүн ачылыштары өткөрүлүп, актуалдуу болууда. Заман менен тең жарышкан гезитибизге ашпоз Нариман Маанаевден фуршет үчүн закускелерди сунуштайбыз. Даамдуу, столдун көркүн ачкан, жасоо жолу жеңил рецепттер сиздер үчүн!

 

ТООК ЭТИНЕН МАЙДА ШИШКЕБЕК

Керектелүүчү азыктар (10 даана үчүн):

Тооктун төш эти – 100 грамм

Кабакча – 100 грамм

Кызыл, сары, жашыл болгар калемпири – 80 грамм

Кызыл пияз – 20 грамм

Черри помидору – 100 грамм

Эзилген сарымсак – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, паприка – татымына жараша

Шпажка – 10 даана

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин жана жашылчаларды бирдей чарчы туурап, идишке салабыз. Үстүнө сарымсак менен бирге татымалдарды жана өсүмдүк майын куюп жакшы аралаштырабыз.

2. Жыгач шпажкага азыктарды кезеги менен эки ирет тизип, электр табасына салабыз. 180 градуста ысып турган электр мешинде 15 мүнөт коюп бышырабыз.

3. Бышкан соң күзгү идишке же жайпак идиштерге салып, фуршет столуна коёбуз.

Ушундай эле жол менен сёмга балыгынан да шишкебек жасоого болот. Маринад үчүн балыкка сарымсактын ордуна жарым лимон ширесин сыгып, татымалдардан оригано кошуп аралаштырабыз. Бышыруу жолу да жогорудагыдай.

  

БАЛЫК МЕНЕН ТАПАС ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар (10 даана үчүн):

Багет наны – 10 кесим

Туздалган сёмга – 50 грамм

Кургатылган оригано, паприка – татымына жараша

Эзилген сарымсак – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Майда ашкөк

Гуакамоле соусу үчүн:

Авокадо – 1 даана

Зайтун майы – 1 аш кашык

Лимон – 1 кесим

Туз, кара мурч – татымына жараша

 

Дардоо ыкмасы:

1. Багет нанын 0,5 сантиметр калыңдыкта кесебиз. Ага сарымсак, оригано, паприка жана өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз. Электр табасына салып, 180 градуста ысып турган мешке 10 мүнөт коюп чыгарабыз.

2. Гуакамоле соусунун негизин авокадо түзөт, ошондуктан жакшы бышкан жумшагын тандоо керек. Кабыгы менен данегинен тазалап, үстүнө лимон кесиминин ширесин сыгып, калган азыктарды кошуп эзебиз. Соус даяр.

3. Багет кесимдерине соус сүйөп, балыкты ичке кесип ороп, үстүнө коёбуз. Майда ашкөктөн үстүнө себелейбиз.

 

ШПРОТ МЕНЕН ТАПАС ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар (10 даана үчүн):

Шпрот – 90 грамм

Бадыраң – 20 грамм

Быштактуу сыр – 80 грамм

Багет наны – 10 даана

Кургатылган оригано, паприка – татымына жараша

Эзилген сарымсак – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Жогорудагыдай эле багет нан кесимдерин татымалдырды кошуп аралаштырып алабыз. Электр мешинин ордуна көмөч казанды, гриль көмөч казанды колдонууга болот. Нанды эки тарабынан кызартып чыгарабыз.

2. Кесимдердин бетине быштактуу сырды сүйкөп, шпрот балыктарды бирден коюп, жанына жука тууралып оролгон бадыраңды коёбуз. Майда ашкөк сеебелеп коюңуз. Шпрот менен тапас закускебиз даяр!

 

ИКРА ТАРТАЛЕТКАСЫ

Керектелүүчү азыктар (20 даана үчүн):

Майда тарталеткалар – 20 даана

Туздалган балык эти – 50 грамм

Быштактуу сыр – 150 грамм

Каймак (сметана 15-20%) – 1 аш кашык

Кызыл же кара икра – 50 грамм

Зайтун майы – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Балык этин кылкандарынан тазалап, майда чарчы туурайбыз. Ага быштактуу сырдан 1 аш кашык жана каймакты кошуп аралаштырабыз.

2. Икрага зайтун майынан куюп аралаштырып бири-биринен ажыратып алабыз.

3. Тарталеткаларга балык этин толтурбастан салып, үстүнө икра салабыз. Укроп талчалары менен кооздоп, столго коё бериңиз.

Бул закускени балык этин кошпой да жасап койсоңуз болот. Ал үчүн тарталеткаларга быштактуу сырдан салып, үстүн икра менен толтуруп чыгабыз.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан