Кээде кумурскалар үйдүн ичин каптап ыңгайсыздык жаратат. Мисалы, уясы эшик алдында, бакта, гүлдөр арасында жайгашуусу мүмкүн. Албетте, кумурскалардын биосистемде пайдасы чоң. Бирок көбөйүп кетсе зыянын тийгизишет. Жок кылуу жолдорун айтып берели.
Химикаттар менен жок кылуу
• Медилис-антимуравей – бул шприцке куюлган гель. Имарат ичинде, сыртта да колдонсо болот. Жыты жок. Муну картон, кагаз бетине куюп, кумурскалар көп чыккан жерге чачуу керек. Ууну тамандарына жабыштырып уясына алып барышат, жыйынтыгында баары өлөт.
• Фенаксин (порошок), великий воин (гель, гранул), муравьед – булар уулуу, таасирдүү инсектициддер. Кумурскаларды бат жок кылат. Аталган каражаттар “эпидемия” приницби менен иштейт. Кумурскалар аларды жешет, уулуу заттарды уяларына алып киришет. Ошентип баары, алардын ичинде эне кумурска кошо өлөт. Муну сырттагы кумурскалар үчүн колдонуу керек. Үй ичинде болбойт, ден соолукка зыяны тиет. Кантип колдонуу керектиги сыртында жазылып турат.
• Диазинон – фосфор-органикалык синтетикалык инсектицид. Айыл чарбасында жана багбанчылыкта кумурска, кене, өсүмдүк бити сыяктуулардын личинкаларынан кутулууда колдонулат. Бул каражаттар кумурскаларды шалга айлантып өлтүрөт. Бирок адамга зыяндуу. Андыктан абдан кылдаттык менен, көрсөтмөлөрү боюнча колдонуу зарыл. Үй ичинде колдонууга болбойт!
• Хлорпирифос бул да инсектицид. Аба аркылуу кумурсканын организмине кирип таасир берет. Сырттагы кумурскалар үчүн колдонулат.
Элдик ыкмалардан
Бор кычкылы. Кант, бал же кыямды алып, аларга кычкылды кошуп аралаштыруу керек. Бул уулуу таттууну кумурскалар уюгуна алып киришет. Аны эне кумурска жана личинкалар жеп ууланып, шалга айланып өлө башташат. Уудан улам аны ташыгандар да өлөт.
• Уксус. Бул жыттан нерв системдеринин иштеши бузулуп, ориентацияны жоготушат да кайра уюгун таап келе албай калышат. Уюкка куюп, оозун плёнка менен бекем жаап коюу керек. Муну уюктагылар баары чогулган кечки убакта жасаңыз.
• Нашатырь спирти. Мунун 100 миллилитрин 1 литр сууга аралаштыруу кажет. Анан уюктун үстүңкү бетиндеги топуракты казып чыгарып туруп куюу зарыл. Уюктун бетин клёнка менен жаап коюу шарт.