Куудул, актёр Токтор Бекбоев чыгармачылыгын үзгүлтүккө учуратпай алып келе жатат. Маекте өнөр ааламы, жашоого болгон көз карашы, куудулдуктун кызыктуу окуялары жана башкалар тууралуу кеп кылып берди.
- Саламатсызбы, Токтор агай? Кош келдиңиз!
- Саламатчылык, рахмат. Эски кишилерденбиз да, шаардагы тыгынга карабай сүйлөшүлгөн саатка келгенге аракет кылдым.
- Ооба, жоопкерчиликтүү мамилеңиз үчүн рахмат. Азыркы учурда кинолорго эмнеге тартылбай жатасыз?
- Кинолорго чакырса тартылайын деген оюм бар, бирок азырынча эч кандай сунуш жок. Азыр мамлекеттик тасмалар аз тартылып, жалаң эле жеке киностудиялар тасма тартып калышпадыбы, ошого каржылаган адамдарды тартышат окшойт. Бирок токтоп калбай, ошол тасмалардын тартылып жатканына деле кубанам. Ал эми куудул катары, көп жыл болду, турмуш-шартка байланыштуу сахнага чыкпай калдым. Кээде балдар концерт берип чакырып калышат, барам. Такыр эле жатып алган жокмун, вайндарды тартып жүрөм. Эл арасынан күлкүлүү окуяларды байкап, ошону вайн кылып тартам. Мындайча айтканда, дагы деле күлкү тармагында жүрөм.
- Азыркы кинолордун сапатына кандай баа бересиз?
- Жакшы эле, аракет кылып тартып жатышат. Азыр техника деген укмуш өнүгүп жатпайбы, ошолорду өз акчасына алып тартып жатышат. Бул жагынан алганда азамат болушту жаш режиссёрлор. Кээ бир кинолорду гана актёр эмес адамдар тартып коюп жатышат. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген кеп бар эмеспи, ар бир ишти өз кесибинин ээси жасаса көркүнө чыгат. Анан кино кирешелүү болсун деп эле, 3-4 белгилүү актёрубуз бар, ошолорду эле чакырып тартып жатышат. Кээде тартылып жаткан киносунун кайсы экенин билбей баштары айланып калат. Биринде күйөөсүнүн ролун аткарып, карасаң кайра эле бир тасмада атасын ойноп, айтор, тасмалар ошол 5-6 адамдын эле айланасында тартылып жаткандай.
- Куудулдук, актёрдук өнөрүңүз бар, ырдайсыз дагы. Азыркы тапта вайндарды тартып жүрөсүз. Кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын?
- Жалпысынан чыгармачыл инсанмын. Бала кезден ырчы болом деп аккордеон үйрөнүп ырдап жүрдүм. Театрга барганымда да “ырчы болом” деп баргам. Бирок драма театрдагылар “ырчылыкты сенден эч ким тартып албайт, бул жакта роль жаратып көр” дешти. Ошентип чыгармачылыктын башка тарабына ыктап кеттим. Нарын шаарындагы мамлекеттик драма театрда иштегем да, аны “дөңгөлөк үстүндөгү театр” деп коюшчу. 4-5 бригада болуп бөлүнүп алып жарым жылдап гастролдо жүрчүбүз. Ошол театрда жүрүп тамаша жагына ооп кеттим. Мен куудул деле эмес болушум керек, актёрмун да (күлүп). Мен бардык тарапты чогуу алып кеткенге аракет кылам, ырдайм, күлдүрөм дегендей.
- Өнөр адамдарына берилип жаткан мамлекеттик наамдар боюнча көз карашыңыз кандай?
- Нарын театрында 15 жыл иштедим. Кийин 2000-жылы шоу-бизнеске кеттик, анткени театр менен гана жашоо кыйын болуп калды. Андай болбогондо көп роль жаратмакмын, театр сыйлыкка, наамга көрсөтмөк. Өзүм жеке куудул катары чыгам деп кеткем. Азыр эми Маданият министрлигине барып “мен минтип иштегем, наам алат элем” деп айткым келбейт. Бир жолу мындай окуя болду: “Ырдап бериңиз” деп бир тойго чакырышты. Барсам, той башталып калыптыр. Тамада бала мени “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтор Бекбоев” деп чакырып салса болобу? Ырдап бүткүчө аябай уялдым, коноктор колдоп, тимеле жыргап бийлеп жатышат менин ырыма. А мен биякта уялып жатам. Ырдап бүтүп, ары жакка барганда тамада балага бир тийдим “эмне мени антип чакырасың?” деп. Тиги бала “Токтор байке, билем андай наамыңыз жок экенин. Бирок мен үчүн Эмгек сиңирген артистсиз, эл үчүн дагы ошондой” деди. Ошентип көңүлүмдү көтөрүп койсо, ачуум тарап кетти. Анын сыңарындай, мага наамдан мурун элдин сыйы болсо болду.
- Жашоодо ак менен кара чогуу жүрөт деп айтылат эмеспи. “Дордой” базарында чыккан өрттөн кичүү кызыңыздын унаасы күйүп кетти деп уктук...
- Ооба, ак тилке жана кара тилке болот экен жашоодо. Ошол кырсыкта беш машине күйүп кетип, анын бири күйөө баламдын машинеси экен. Эми аны ким төлөп бермек эле? Күйдү, кетти. Кызым менен күйөө балама “машине кара жерге кирсин, өзүңөр, бала-чакаңар аман-эсен болсо болду” дедим. Бирок бир аз кыжаалат болдум, жаңы эле машине болчу да. Кырсык. Ошону менен жамандыктын баары чыгып кетсин деп тилейм.
- Жубайыңыз учурда эмне иш менен алектенет?
- Чакан бизнесибиз бар, ошону менен алек. Кээде ээрчитип алам тойлорго, “аяш ырдайбы?” деп сурап калышат. ”Ырдайт, эмнеге ырдабайт экен” деп калам. 4-5 ыр жаттап алган, чакан тойлордо ал да ырдап калат.
- Студияга барып жаздырып отурбай эле жандуу ырдап соцтармактагы баракчаңызга жарыялап каласыз...
- Мындай да, студияга барып үн жаздырсам, анан эртеси тойдо кудага барып жандуу үндө ырдасам, эки башка чыгып калса уят. Студиядан кырылдак-шырылдакты алып салып, үнүңдү тим эле мелтиретип беришет да. Эсептесем, 300дөй ыр ырдап баракчама жүктөптүрмүн, анын баарына акча төлөп студиядан жаздырганга акчам жок менин. Мен жылдыз болоюн деп ырдабайм, болгону эски ырларды эстеп туралы, жаштарга сабак болсун деп ырдайм. Жылдыз болом деп максат кылсам, албетте, студиядан жаздырмакмын.
- Куудулдар мектеби ачылсын деген кеп көп айтылат, буга пикириңиз кандай?
- Төкмөлөрдүн, манасчылардын театры болушу мүмкүн, бирок куудулдардыкы болбойт го. Анткени бул башка бир жанр да, жекелик көбүрөөк. Мисалы, бир куудулдун интермедиясы жакшы чыгып эл оозунда болсо, ал ошол интермедиясы менен театрды бакпайт да. Андан көрө ошол идеясы менен өзүнө иштесин, акча таап алайын дейт. Көп жаш куудулдар иштеп жатышат азыр, ошолорду колдош керек деп ойлойм. Ал үчүн сөзсүз куудулдарга театр ачыштын кереги жок.
- Кызыңыз ырчы Бегимай Бекбоеванын аркасында калган уулу азыр кимдин колунда?
- Бегимайдын уулу өзүбүздө, жашы алтыга толду. Кичүү кызыма каттатып койгом. Ойноп-күлүп, балалыктын кайталангыс даамын татып жүрөт. Ал балага эч ким сарсанаа болбой эле коюшсун, Кудайга шүгүр баары жакшы. Буюрса, быйыл мектепке барат.
- Маекти сиздин балалыкты эскерүү менен бүтүрөлү...
- Мен Кочкордо төрөлүп өскөм. Ал кезде союздун балдары кандай чоңойсо ошондой эле чоңойдум. Баарыбыз тегиз элек, бирдей кийинип бирдей тарбия алдык. Менимче, биздин балалык азыркылардыкына караганда кызыктуураак өттү болуш керек.
Нуржамал Жийдебаева