Актриса Алиша Дианын жашоосунун жаңы барактары, сүйүүсү, эне болуу бактысы жана чоң максаттары бул маекте. Эмне үчүн жеке жашоосун элден жашырды? Эне болгондон кийин эмне өзгөрдү? Кайра кино дүйнөсүнө кайтабы? Бул тууралуу ачык-айкын сөз кылдык.
- Саламатсызбы, Алиша айым! Сиздин турмушка чыгып, эне болгонуңуз тууралуу көпчүлүк эми гана билип жатат болуш керек. Жеке жашооңузду эмне үчүн коомчулуктан сыр кармадыңыз?
- Кутман күн! Мен үчүн “үй-бүлө” деген сөз абдан чоң мааниге ээ. Менимче, көпчүлүк адамдар үчүн ошондой. Үй-бүлөм ыйык, өзгөчө баалуу. Ошондуктан мүмкүн болушунча эл көзүнөн алыс кармоого аракет кылам. Анткени менин кандай жашап жатканымды, жакындарым тууралуу ар бир адамдын билиши шарт эмес. Жакындарымды мүмкүн болушунча калкалайм, себеби ушул.
- Көптөн бери кино дүйнөсүнөн көрүнбөй калдыңыз. Бул тыныгуу эмнеге байланыштуу болду?
- Жетиштүү жашоодо жашайм деген бийик максаттарым бар болчу. Ошол максаттарга жетүү үчүн чыгармачылыктан алыстадым. Өзүмдү принципке бекем адам деп эсептейм. Шоу-бизнесте да дайыма жеңил жолду эмес, узагыраак болсо да туура жолду тандайм. Бир күнү чыгармачылыкка кайра кайтып келип, кино же клип тартсам аны жеке ырахатым үчүн жасай турганымды алдын ала түшүнгөм. Азыркы тапта финансылык тармакка багып алып иштеп жатам. Бирок бул чыгармачылыкка кайра кайрылбайм дегенди билдирбейт. Сөзсүз кайтып келем. Мен каржылык максатыма жеттим. Эми өзүмдүн ырахатым үчүн иштейм.
- Демек, жакшы сценарий сунушталса, кайрадан тасмага тартылууга даярсыз?
- Так жооп бере албайм. Кызыктуу роль сунушталса, балким, убакыт бөлүп, барып тартылып келүүнү карап көрмөкмүн. Албетте, анын көлөмү, тартуу мөөнөтү, убакытка болгон талаптары маанилүү. Ошондуктан мындай чечимдерди кабыл алууда баарын так пландаштыруум керек. Анткени мен үчүн эң кымбат нерсе - убакыт.
- Чыгармачылыкта активдүү иштеп турган күндөрүңүздү сагынасызбы?
- Ооба. Мисалы, мага прожекторлордун жарыгы, тартуу аянтчасында чыгармачыл топтун чогуу иштегени, режиссёрдун “Стоп! Снято!” деген сөздөрү абдан жагат. Тартуу учурунда мага багыт берип, оңдоп-түзөп, кеңеш берип турушса ырахат алам. Кандайдыр бир тарых жаратуу жагат. Анткени ар бир фильм көп убакытка чейин сакталат. Ошол кадрларда жашооң, ошол мезгилиң, жаштыгың түбөлүккө жазылып калат. Кыскасы, тасмага тартылуу процесси жагат, эл алдына чыгып көрсөтүлүшү анча жакпайт. Балким, бир аз жабык же интроверт адаммын. Мен көбүнчө тартуу процессин сагынам.
- Азыркы жашооңузду сүрөттөп берсеңиз?
- Учурда үй-бүлө жана жумуштун ортосундагы балансты кармап турган чагым. Дээрлик бардык долбоорлорго ачыкмын десем болот. Азыркы жашоом үч багыттын айланасында өтүп жатат. Үй-бүлө, жумуш жана долбоорлор.
- Балаңыз чоңоюп калдыбы? Канча жашка чыкты?
- Уулум бир жаштан өттү. Аты Темирлан. Анын кылыктары, ар кандай мимикалары бизди сүйүндүрүп турган учур. Эки жума мурун, алгачкы жолу сөздөрдү бириктирип “Мама, ням-ням, бер” деп айтты. Бул мени абдан таң калтырды. Анткени бул куракта балдар эми гана басып, сүйлөөнү үйрөнүп баштайт деп ойлочумун. Ал эми уулум өз алдынча чакан сүйлөм түзүп калды. Сыймыктандым. Анын ар бир кыймылы, күлкүсү, ойногону кубаныч тартуулайт. Колуна кичинекей топторду алып, бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө чуркап жүргөнүн көрүп эле жүрөгүм элжирейт. Балам мен үчүн жөн гана наристе эмес, чексиз сүйүүнүн жана суктануунун булагы.
- Жолдошуңуз ким болуп иштейт?
- Жолдошумдун аты Мирбек. Кесиби боюнча финансист. Башында менин актриса экенимди билчү эмес. Мени жөнөкөй адам катары кабыл алганы мага жаккан. Атүгүл алгач таанышканда өзүмдү башка ат менен тааныштыргам, башында жөн гана дос болчубуз. Коомдук жайларда жүргөндө адамдар мени “Алиша Диа” деп чакыра башташты. Ал таң калып, ким экенимди сурады. “Сен эмнегедир бир нерсени жашырып жүрөсүң” деди. Мен “Жок, эч нерсе жашырган жокмун” деп жооп бердим. Ал “Сени такыр түшүнбөй жатам, сен кимсиң өзү?” деген. Кийин башкалардан сурап билип алыптыр (күлүп).
Ал эми мамилебиздин башталышына себеп болгон окуя - менин катуу ууланып калганым болду. Ошол учурда абалым аябай оорлоп, “Тез жардам” чакырууга туура келген. Ошол окуядан кийин өзгөчө кам көрүп, колдоо көрсөтө баштады. Балким, алсыз болгон учурум жакындашуубузга себеп болду. Ошентип бара-бара ортобузда сезимдер тутанды.
- Кайсы жактын келини болдуңуз? Жаңы үй-бүлөгө көнүү оор болгон жокпу?
- Биздин үйлөнүү тоюбуз өзгөчө болду. Ошол учурда жумушум аябай көп болуп жатты. Жолугушуулар, сүйлөшүүлөр... Бул арада документ иштери чыгып, Кыргызстанга барып келүүгө туура келди. Ошол сапардан пайдаланып эле үйлөнүү тоюбузду өткөрүп койдук. Абдан жакшы, жеңил жана көңүлдүү маанайда өттү. Биздики жөн гана салтанат эмес, жакын адамдардын ортосундагы өзгөчө кече болгон. “Адам жеке жашоосун кандай баштаса, ошондой уланат” деген сөз бар эмеспи. Жаңы үй-бүлөгө аралашуум да жеңил болду. Башында, албетте, келин болуу, жаңы үй-бүлөнүн мүчөсү болуу бир аз толкундантты. Жолдошумдун үй-бүлөсү абдан түшүнүктүү жана боорукер адамдар. Мен башка жактан ийгиликтүү, мыкты болсом дагы, келиндик кызматта мыкты эмесмин. Кайын-журтум мени дайым колдоп келатат.
- Жолдошуңуз сиздин кайсы сапатыңызды өзгөчө баалайт?
- Жолдошума алдыга койгон максатка умтулган сапатым жагат экен. Экөөбүз ар дайым сүйлөшө турган, ой бөлүшө турган темалар бар экенин айтат. Анан, албетте, сырткы келбетимди да жактырарын айтып калат. Демек, анын көз карашы боюнча мендеги негизги үч сапат максатка умтулгандык, акылдуулук жана сулуулук экен (күлүп).
- Ал эми сиз өмүрлүк жарыңыздын кайсы сапатына ашык болдуңуз?
- Мага жасаган камкордугу. Ар дайым көңүл буруп, жанымда экенин сездире билет. Ошондой эле анын берешендигин, боорукердигин жана ачык мүнөзүн абдан баалайм. Албетте, кээде “характерин” көрсөтүп калат. Бирок жакшы сапаттары жаман сапаттарынан алда канча көп. Анын жоопкерчиликтүүлүгүн, туруктуулугун жана ишенимдүү адам экенин абдан баалайм.
- Үй-бүлө менен карьеранын ортосунда тең салмактуулукту сактоо кыйынбы?
- Убакытты туура бөлүштүрсөң, үй-бүлөгө да, жумушка да жетишүүгө болот экен. Балким, баарына жетишип жатканымдын себеби - аркамда ишенимдүү колдоом бар үчүндүр.
- Бүгүнкү күндөгү өзүңүз мурда кыялданган адамбы?
- Сонун суроо. Актёрлукта да, блогерликте да бир нерсе бар: Көп адамдар чыныгы өзүнөн башкача көрүнүүгө аракет кылышат. Ал эми мен, тескерисинче, өзүмдүн чыныгы жүзүмдү көрсөтүүнү каалайм. Азыркы жашоом мага абдан жагат, анткени ал жасалмасыз. Өзүм каалаган адам болдум жана каалаган ишти жасап жатам. Бирок ашыкча пафоссуз, жасалмалуулуксуз, баары чын жүрөктөн жана реалдуу. Мага дал ушул нерсе көбүрөөк жагат.
- Акыркы суроо: Азыркы Алиша Диа мурдагы өзүнө кат жазса, эмне деп айтат эле?
- Алиша Диага “Азаматсың! Баарын туура кылдың. Эмнени кааласаң, ошонун баарына жеттиң. Таза, ак эмгегиң менен Кыялдарыңды ишке ашырдың” демекмин. Эч кимдин үстүнөн аттаган жоксуң, зыян келтирбедиң, атаңдын намысын да жерге түшүргөн жоксуң. Сени менен сыймыктанам” деп айтмакмын.
Мээрим Дербишалыева